Борбордук Азия Университетинин Хорог шаарындагы кампусунун курулуш иштери кызуу жүрүүдө жана кескин өзгөрүүлөрдү алып келүүдө

Date: 03 December 2015
«Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Таджикстандын Хорог шаарындагы кампусунун курулушу 2017-жылдын сентябрь айына пландаштырылган ачылышына үлгүрүү максатында тездетилген графикке ылайык жүргүзүлүүдө», – деп билдирди курулуш жана эксплуатациялык кызматтар башкармалыгынын мүдүрү Грант Робертсон. 
 
«А дегенде курулуштун биричи этабынын аяктоосу 2018-жылга пландаштырылган, бирок азыр кампусту бир жыл эртерээк, 2017-жылы ачууну ниет кылып жатабыз», – деди Грант Робертсон жакыннкы курулуш аянтына болгон сапарынан кийин. Ошону менен бирге, ал курулушчулар тобуна графикке ылайык жана жогорку сапаттуу иш үчүн ыраазычылыгын билдирди. 
 
Деңиз деңгээлинен 2 200 метр бийиктиктеги тоолуу аймакта жайгашкан БАУнун Хорог шаарындагы кампусунун абадан көрүнүшү.
 
 
Хорог шаарындагы кампус – региондо БАУ тарабынан курулуп жаткан үч кампустун бири. БАУ толук кандуу ишке киришкенде Тажикстандын Хорог шаарында, Кыргыз Республикасынын Нарын шаарында жана Казакстандын Текели шаарында кампустары болот. Нарындагы кампустун ачылышы 2016-жылдын сентябрь айына пландаштырылууда, ал эми учурда тетиктелген долбоору даярдалып жаткан Текели шаарындагы кампустун ачылышы 2019-жылы күтүлүүдө. 
 
Хорог шаарындагы кампустун окуу корпусунда китепкана, аудиториялар, компьютердик лаборатория, ашкана, административдик кеңселер, профессордук-окутуучулук курамдын кабылдамасы жана турак жайлары жайгашат.
  
«Биз Хорог шаарындагы курулуш иштеринин ылдам жүрүп жаткандыгына абдан кубанычтабыз. Ошону менен бирге, мындан дагы маанилүүсү – бул Хорогдогу кампустун ачылышына чейин эле БАУ региондогу социалдык-экономикалык өнүгүүгө салымын кошуп, жергиликтүү коомчулуктарга пайдасын тийгизүүдө. Жергиликтүү коомчулуктарга дээрлик пайда тийгизүү саясатын Нарын шаарындагы кампустун курулушунда дагы карманганбыз», – деп белгиледи БАУнун Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу жетекчиси Шамш Кассим-Лакха. 
 
Курулуш жана эксплуатациялык кызматтар башкармалыгынын мүдүрү Грант Робертсон курулушчулар тобуна графикке ылайык жана жогорку сапаттуу иш үчүн ыраазычылыгын билдирүүдө.
 
Кассим-Лакханын айткандары БАУнун курулуш иштерин өз алдынча инновациялык башкаруу стратегиясына тиешелүү. Аталган стратегия Университет тарабынан жергиликтүү коомчулуктарга 285 миллион доллар өлчөмүндөгү инвестициянын социалдык-экономикалык таасирин жогорулатуу жана эффективдүүлүк менен туруктуулук жаатында мыкты тажрыйба түзүү максатында кабыл алынган. Стратегияга ылайык, БАУ ар түр иш аткаруу үчүн бир катар подрядчиктерди жалдап, алардын ишин башкарат. Мындай ыкма ишти жакындан көзөмөлдөөнү жана подрядчиктерди аныктоодо ийкемдүүлүктү камсыз кылуу менен бирге жергиликтүү подрядчиктерди жана камсыздоочуларды ишке тартуу аркылуу жергиликтүү экономикага болгон пайданы жогорулатат. 
 
Ушул себептерден Университеттин курулуш аянтында иштеп жаткан инженерлер жана жетекчилер тобу толугу менен Хорог шаары борбору болгон Тоолуу Бадахшан автономдук областынан жалданган. Курулушта иштеген ишчилердин дээрлик 95 пайызы жана жыйырмадан ашык ишчилер региондун тургундары. Ошону менен катар, башка өлкөлөрдөн келген подрядчиктер дагы экономикалык милдеттерди аткарышат. Мисалы, имараттардын жер астындагы жана жер үстүндөгү бөлүктөрүн куруу үчүн тартылган «Турас» Түрк-Тажик биргелешкен ишканасы салык төлөөчү катары Хорог шаарында катталган, ал эми курулуш иштерине катыша башка чет өлкөлүк ишканалар дагы дал ушундай каттоодон өтмөкчү. 
 
«Мен үй-булөөмду багыш үчүн Орусияга барып иштегем, бирок дээрлик пайда көргөн жокмун. Быйыл жайында, БАУда курулуш иштери менен алектенген “Турас” ишканасында Москвадагыдай иш таптым. Үйдөн алыс кетпей, бул жерде деле жашоо үчүн каражат тапса болот экен. Биринчи жолу тапкан кирешем туруктуу болуп, үй-бүлөөмдүн жанында болуу мүмкүнчүлүгү ачылды. БАУдагы ишим менин жашоомду өзгөрттү», – деп өз ой-пикирин билдирди дубал калып орнотуучу жана арматура байлоочу Фаридун Худобахшов.  
 
Туруктуу иш орундарын сунуштоодон тышкары БАУ курулуш аянтында иштеген ишчилерди эл аралык стандарттагы административдик-тиричилик шарттар жана субсидиялык тамактануу менен камсыз кылат. Хорог шаарында катталган ишканага күнүнө 600 ишчиге тамак-аш даярдоо үчүн келишим ыйгарылган. 
 
«БАУнун административдик-тиричилик имараттары, заманбап бөлмөлөрү, жогорку сапаты, арзан тамак-ашы менен чогуу сапат жана түзүлүш жагынан салыштырылгыс. Мурун мен чет өлкөлүк курулуш ишканасында ашпозчу болуп иштегем. БАУда сунушталган тамактар абдан мыкты», – деди БАУнун ашканасынын жетекчиси жана шеф-ашпозчусу Умед Гуломасейнов. 
 
7 миллион долларга бааланган курулуш аянтын даярдоо иштерине дагы Хорог шаарында катталган ишканалар жалданган. Учурда курулуш аянтында эмгектенип жаткан ишчилердин көбү БАУнун Кесиптик-техникалык билим берүү программасынын бүтүрүүчүлөрү. Бул программа дагы бүтүрүүчүлөр тарабынан курулган заманбап имаратта жайгашкан, аны бүгүнкү күнгө 590 окуучу бүтүрдү. Ошондой эле ишчилер курулуш иштери учурунда үйрөнүп, жаңы тажрыйбадан дагы пайда көрүүдө. 
 
БАУнун курулуш аянтына Университеттин Нарындагы курулуш аянтынан алынып келинген бетон чыгаруучу орнотмо менен катар тиешелүү курулуш жабдуулары орнотулган. Университет курулуш материалдарын да жергиликтүү булактардан алууда. Бетон чыгаруу үчүн керектүү таш жана кум курулуш аянтынан чыккан ташты майдалоо аркылуу камсыз кылынууда. 
 
«Окутуу жана мүмкүнчүлүктөрдү сунуштоо, курулуш жабдууларын орнотуу жана жергиликтүү булактардан алынган материалдарды колдонуу менен БАУ жергиликтүү потенциалды жогорулатып, алыс жактардан материал ташуу менен байланыштуу көмүртектин айлана-чөйрөгө тийгизген терс таасирин азайтууда. Бул ыкмалар региондогу болочок долбоорлор алкагында да колдонулуусу мүмкүн», – деди Тоолуу Бадахшан автономдук областынын Рушан районунун атуулу, БАУнун аткаруучу мүдүрү Музаффар Жорубов. 
 
Учурда БАУнун бакалавриат программасына студенттерди тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Хорог шаарындагы кампуста төмөнкү эки адистик сунушталмакчы: «Жер жана айлана чөйрө жөнүндө илимдер» жана «Экономика», ал эми Нарында - «Компьютердик илим», «Коммуникация  жана ММК». Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы жана коомчулуктарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган Тоолук коомчулуктарды изилдөө институту Бишкек шаарынан Хорог шаарындагы кампуска көчүрүлөт.
 
Жалпы суммасы 94,4 миллион долларды түзгөн Хорог шаарындагы кампустун курулушунун биринчи этабы Ага Хан Фондунун 7,5 млн. доллар салымын камтыган Ага Хан өнүктүрүү тармагы (AKDN) тарабынан бөлүнгөн 64,4 миллион доллар жана АКШ Өкмөтүнүн  өнүктүрүүгө багытталган финансылык корпорациясы – Чет өлкөлүк жеке менчик инвестициялар корпорациясы (Overseas Private Investment Corporation, OPIC) тарабынан бөлүнгөн 30 миллион доллардын эсебинен каржыланууда. 
 
Фотогалерея:

Новости по теме: