Эмне үчүн Борбордук Азияда “Коммуникация жана массалык маалымат каражаттары” боюнча жогорку билим алуу зарыл?

Date: 22 March 2016
Бул макала, жогорку окуу жайларына тапшыруу учурунда келип чыккан суроолорду жана мүмкүнчүлүктөрдү аныктоого багытталган “Жогорку окуу жайын тандоо” аттуу макалалар жыйнагына кирет. Аталган жыйнак, 2016-жылдын сентябрь айында баштала турган окуу жылына абитуриенттерден алгачкы жолу заявкаларды кабыл алып жаткан Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан даярдалган. Окууга заявкаларды тапшыруунун акыркы күнү 15-апрель 2016-жыл.
 
 
Окуяларды айтып бергенди жакшы көрөсүңбү? Же жагдайларды социалдык жана башка медиа аркылуу өзгөртүүнү калайсыңбы? Анда “Коммуникация жана ММК” багыты боюнча жогорку билим, ылдам өзгөрүп турган чөйрөгө тоскоолсуз кирүүң жана өз шыгыңды көрсөтүүң үчүн бирден бир мүмкүнчүлүк. 
 
Борбордук Азиянын коммуникация жана массалык маалыматтар сектору кайчылашкан жолдордун ортосунда жайгашкан, ошондон улам жаш адистер болуп жаткан окуяларды бүткүл дүйнөгө баяндап, Борбордук Азиянын глобалдык имиджин түзүү мүмкүнчүлүгүнө ээ. Тажикстан, Кыргыз Республикасы жана Казакстан электрондук коммерцияда өз изин белгилөө максатында ыкчам түрдө санариптик медиа технологияларын киргизүүдө. Ал эми ишканалардын, медиа компанияларынын жана мамлекеттик органдардын, изилдөөлөргө негизделген жогорку сапаттагы массалык коммуникация материалдарын алдыңкы технологияларды колдонуу менен чыгарган адистерге талабы чоң. Регионго өзгөрүүлөрдү киргизген санариптик медиа чөйрөсүнө кирүү мүмкүнчүлүгүн качырба!
 
БАУнун “Коммуникация жана ММК” боюнча бакалавриат программасы жаңы медиа мейкиндигиндеги көптөгөн мүмкүнчүлүктөрдү ачат. Коммуникация боюнча дасыккан адистердей ой жүгүртүүнү үйрөнөсүң, жазуу тили жана критикалык ой жүгүртүү шыгына ээ болосуң, Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү медиа укугу жана этикасы боюнча жаңы билим аласың, региондогу өлкөлөрдүн саясий, экономикалык, маданий жана социалдык мүнөзү тууралуу кабардар болосуң. Жогорку сапаттагы видео-, аудио- жана сүрөт материалдарын медиа профессионалдары сыяктуу арзан баадагы мобилдик жана компьютердик технологияларды колдонуу менен чыгарууну үйрөнөсүң. БУнун бүтүрүүчүлөрү, журналистика, коомчулук менен байланыш, жарнак иши, маркетинг, дизайн, материал чыгаруу, медиа укугу жана башкаруу сыяктуу багыттарды камтыган медиа тармагында талап кылынган жөндөм жана билим ээлери болот. 
 
Ошону менен катар, БАУнун “Коммуникация жана ММК” багытындагы программасы медиа жаатындагы профессионалдар үчүн негизги предмет боюнча эң зарыл кеңири билим менен камсыз кылат. Көңүлүңө жаккан багыт кайсынысы? Музыка, искусство, социология, экономика, саясат же укук илими болобу, БАУнун студенттери кызыккан предметин “Коммуникация жана ММК” боюнча жогорку билим менен айкалыштыра алышат. Кандай маселе болбосун, тереңирээк изилдеп, алар тууралуу баяндоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болосуң. 
 
БАУнун программасы учурдагы массалык коммуникация илимин жана анын практикалык жагын эске алуу менен түзүлгөн жана бүтүрүүчүлөрдү жогорку сапаттагы жумуш орундарына даярдоого багытталган. Эмгек акысы төлөнгөн практикалар жана атайын долбоорлор, студенттерди окуусунун аягына чейин эле тиешелүү тармак боюнча чыныгы иш тажрыйбасы менен камсыз кылат. Башка студенттер менен бирге жашап окуу, онлайн журналдарды чыгаруу үстүндө биргеликте иш алып баруу, жумалык онлайн аудио-материалдарды чыгаруу жана YouTubeга видеолорду даярдоо, сага пайдалуу байланыштарды куруу жана келечектеги кесиптик турмушуң үчүн өз үзүрүн алып келет.  
 
Толук маалымат үчүн: www.ucentralasia.org/admissions сайтына кир, же admissions@ucentralasia.org эл. почта дарегине жаз же +996 770 822 901 (КыргызРеспубликасы) +992 93 999 99 64 (Тажикстан)  +7 777 822 3948 (Казакстан) телефон номерлерине чал.