Борбордук Азия Университинин студентеринин жашоосу: Кампуста жашоо жана окуу

Date: 13 April 2016
Бул макала, окуучулардын университетке тапшырууда “Университетти тандоо” боюнча суроолорун жана мүмкүнчүлүктөрүн изилдөөну камтыган сериянын бир бөлүгү болуп саналат. Бул серия  Борбордук Азия Университети тарабынан чыгарылган, азыр 2016-жылдын сентябрында студенттерди  кабыл алуу үчүн арыздарды  алып жатат. БАУ кабыл алуу мөөнөтүн 15-апрелге чейин узартты.
 
 
Университет жашоосуна көнүү биринчи курстун студенттери үчүн кыйын болушу мүмкүн. Үй-бүлөсүнөн алыстоо, өз алдынча жашоого баштоо, академиялык талаптарды аткарууга жетишүү жана коомдук байланыштарды өрчүтүү, булардын бардыгы негизги өзгөрүүлөр болуп саналат.
 
Борбордук Азия Университети бул кыйынчылыктарды жеңүүдө көмөк көрсөтөт. БАУ аймактагы башка окуу жайларынан айырмаланып турак жай тажрыйбасын сунуштоо менен бирге атааңдашсыз студенттик кызмат жана колдоо көрсөтөт. Борбордук Азия Университетинде, студенттик жашоо боюнча адистерибиз (СЖА) кампустун жана ар бир жатаканын студенттерин колдошот. Студенттик жашоо адистери ар кандай иш-чараларды уюштурууга, илимий-изилдөө иштеринде жардам берүүгө, мансап боюнча кенеш менен камсыз кылууга жана кампус ичиндеги жашоосунда жардам берүүгө даяр.  Борбордук Азия Университети ар бир студенттин, өз мүмкүнчүлүктөрүнө жараша ийгиликтерге жетүүсунө жардам көрсөтүүгө аракет кылат!
 
“Университеттин кампусунун коомчулугу абдан жандуу болот. Бул жерде студенттер өсөт жана өнүгөт. Биздин студенттик жашоо кызматкерлери бири-биринен үйрөнүү үчүн көптөгөн мүмкүнчүлүктөр менен студенттерди камсыз кылуу милдетин алат жана кампустагы убактысын жогорулатат,”- дейт, БАУ’нун студенттик бөлүмүнүн башчысы Эрик Краусс,. Ал дүйнөнүн ар кайсы аймактарында он жылдан ашуун убакыт бою студенттик жашоо кызматтарында иштеп келген.
 
Региондун бүткүл аймактарынан чогулган ар түрдүү таржымалы жана келечеги болгон студенттер кампустун коомчулугун бекемдейт. Кампустагы студенттик жашоо жеке укуктардын ачылышына жана аларды урматтоого өбөлгө түзөт жана жамааттын маанилүүлүгүн баса белгилөө менен бирге, ойлордун эркин алмашуусун үндөйт. Ар бир кампус эл аралык курулуш кодексине (ЭКК) ылайыкташтырылып курулгандыктан бардык жайларында майып студеттерге толук мүмкүнчүлүк түзүп бере алат. 
 
Биздин студенттердин толугу менен жаңы имаратта дүйнөлүк класстагы билим алууга өзгөчө мүмкүнчүлүгу болот. Мугалимдер кампуста жашап, ылдыйкы курстарга сабак берип жана ар бир студентке өз багыты боюнча жеке түшүндүрмөлөрдү бере алат. Бирок ошол эле учуруда эл аралык билим берүү стандарттары студенттер тарабынан да олуттуу милдеттенмелерди талап кылат.
 
БАУ’нун кампустагы жашоосу студенттерге өз милдеттенмелерин аткаруу жана аларды канааттандырууга жардам берүү үчүн иштелип чыккан. Магистранттар багыттоо сессияларына катышуу менен бирге, үзгүлтүксүз окутуу семинарларга да катыша алат жана стрессти башкаруу боюнча пайдалуу стратегияларды ойлоп табышат. 
Студенттик жашоо адистери жана тажрыйбалуу эксперттер студенттерге алардын катаал курстарынан ийгиликтүү өтүүсүнө, ар бир семестрде сабактарды тандоодо, ошондой эле болочокто тандай турган мансаптары боюнча окуу программасын иштеп чыгуу жолунда багыт берет. 
 
БАУ студенттердин университетте болгон тажрыйбасынын бардык багыттарын, көнүлдүү өткөрүшүн каалайт. БАУ’нун ар бир кампусунда  бойду клубдар, спорт залдар, футбол талаалары жана теннис корттору бар, ал эми студенттик жашоо адистери көптөгөн оюндарды жана мелдештерди уюштурууга жардам берип турат. 
 
Коопсуз жатаканаларда студенттер үчүн, жеке бөлмөлөр, коомдук иш-чараларды өткөрүү үчүн жана оюндар ойноо үчүн өзөнчө залдар бар. Эки студент жатаканын модулдук бир бөлмөсун өз каалоосуна жараша, ар кандай жолдор менен ырастап алса болот.
 
«Модулдук бөлмөлөр студенттерге жеке купуялуулугу үчүн шарт түзүү менен бирге берешен орун мүмкүнчүлүктөрүн сунуштайт,»- деп түшүндүрдү Краусс. 
«Университеттин бул бөлмөлөрү, мен көргөндөрдөн эн мыкты жолдор менен иштелип чыккан  жатакана бөлмөлөру болуп эсептелет.»
 
Дүйнөдөгү мыкты жогорку окуу жайлары толук турак жай тажрыйбасын сунуш кылат. Мындай системада студенттердин окуусу алардын күнү менен бирге башталып, алар жатканда гана токтойт. БАУ студенттери кампустагы уюмдарга мүчө болушат, жаңы коомдук жана академиялык клубтарды түзүшөт, ошондой эле достук мамилесин курушат. 
 
БАУне арыз менен кайрылуу боюнча көбүрөөк маалымат алыш үчүн төмөнкү сайтка кириңиз: www.ucentralasia.org/admissions, бизге электрондук кат жибериңиз: admissions@ucentralasia.org, же телефон чалыңыз: +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Таджикистан)  +7 777 822 3948 (Казахстан)