Борбордук Азия Университети Нарындагы кампусу үчүн кызматкерлерди (ишке) кабыл алуу кампаниясын баштады.

Date: 10 May 2016
Other languages: English | Русский язык |
Борбордук Азия университети, Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы алгачкы кампусуна 50дөн ашык кызмат орундарына талапкерлерди издөөдө. Кызмат (ээлери) орундары 2016  жылдын сентябрь айында Университеттин ачылуу аземин күтүү менен бирге кампустагы иш-аракеттерди колдойт жана Борбордук Азияда эл аралык стандартта билим берүүнү сунуштоо милдеттерин аткарышат.

«Ошентип, биз 2016-жылдын сентябрында БАУ’нун Нарындагы кампусуна студенттердин алгачкы тобунун келишин күтүп жатабыз, Нарын шаарынын мэриясы бул өсүштүн биздин коомчулукка тийгизген туруктуу пайдаларын көрүп ыраазычылык билдирет,» -деп билдирди Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев. «БАУ окуу жайы зор таасирлерге ээ болот, өлкөнүн  жана региондун келечектеги лидерлигин өнүктүрүүдөн баштап БАУ’нун Нарындагы студенттери, кызматкерлери жана жергиликтүү коомчулук үчүн экономикалык мүмкүнчүлүктөрдү жаратууда шарттарды түзөт. Биз алардын аракеттерине өнөктөш болуудан сыймыктанабыз, анткени алар, Нарын жергесинде тарыхты түзүп жатышат. » 

БАУ тейлөө кызматына, ашкана жана тамак-аш тейлөө кызматтарына, коопсуздук кызматтарына жана административдик иштер боюнча кызматына тажрыйбасы күчтүү талапкерлерди издөөдө. Иш орундары боюнча, аларга зарыл болгон талаптар жана керектүү тажрыйбалар жөнүндө толук маалымат төмөнкү Интернет шилтемесинде көрсөтүлгөн: http://www.ucentralasia.org/About/CurrentVacancies. Тиркемелер 2016-жылдын 25-чи майына чейин берилүүсү зарыл. 

«БАУ мугалимдерди кабыл алуу иш-чарасын 2015-жылы баштаган, алгачкы мугалимдер жамааты февраль айында кошулган. Биздин студенттерди үгүттөө кампаниябыз 15-апрелде аяктады, азыркы учурда студенттерди кабыл алуу жараяны баардык өлкөлөрдө ийгиликтүү жүрүп жатат. Студенттер 1-май күнү БАУнун Тажикстанда, Кыргыз Республикасында жана Казакстанда жүргүзүлгөн кабыл алуу сынактарына катышышты. «Биз БАУ’нун баардык иш-чараларында, студенттерди тандоодо, мугалимдерди жана башка кызматкерлерди кабыл алуу учурунда, ачык-айкындуулук менен, алардын өз жетишкендиктеринин жана тажрыйбасынын негизинде чечим чыгарууда кылдаттык менен мамиле жасаарын баса белгилеп кетээр элек.»- деди Борбордук Азия Университетинин, ыкчам маселелер боюнча бөлүмүнүн башчысы Музаффар Жорубов. 

БАУ талапкерлерге бирдей мүмкүнчүлүктөрдү берүүчү мекеме, жумушка алуу жараяны ачык-айкын өткөрүлөт жана талапкерлердин жетишкендиктеринин негизинде чечим кабыл алынат. БАУ’нун үч уюштуруучу- мамлекеттеринен, Тажикстандан, Кыргыз Республикасынан жана Казакстандан талапкерлер өз тиркемелерин жөнөтүүгө жана  жумушка орношуунун катаал сынагынан өтүүгө чакырылат. 

Борбордук Азия Университети (БАУ) 2000-чи жылы түзүлгөн. The Presidents of Tajikistan, the Kyrgyz Republic and Kazakhstan and His Highness the Aga Khan signed the International Treaty and Charter establishing this secular, not-for-profit, and private University, which was ratified by the respective parliaments and registered with the United Nations. The Presidents are the Patrons of UCA and His Highness is the Chancellor. For more information, please visit: www.ucentralasia.org.

UCA was established to offer an internationally recognised standard of higher education in Central Asia and prepare graduates to contribute leadership, ideas and innovation to the economies and communities of the region. UCA’s mission is to foster the socio-economic development of Central Asia, particularly its mountain societies, while helping the peoples of the region preserve and draw upon their rich cultural heritages as assets for the future. The University brings with it the commitment and partnership of the Aga Khan Development Network. For more information on UCA, please visit: www.ucentralasia.org.