Абитуриенттердин өтүнүчү боюнча Борбордук Азия Университети бакалавриат программасына кабыл алуу мөөнөтүн узартты

Date: 10 March 2016
Бишкек ш., Кыргыз Республикасы, 10-март 2016-ж. -  Борбордук Азия Университети бакалавриат программасына кабыл алуу мөөнөтүн 18 марттан 15 апрелге чейин узартты. 

БАУ 2016-жылдын 5-сентябрында алгачкы студенттери үчүн, Нарын шаарында жайгашкан, аймактагы биринчи кампусунун эшигин ачат. Биринчи этапта БАУ бакалавриат программасы боюнча төрт багыт сунуштайт. Нарын шаарындагы кампусунда “Компьютер илими” жана “Коммуникация жана ММК” боюнча негизги багыт, ошондой эле “Борбордук Азия жөнүндө илим” боюнча кошумча багыт сунушталат. 

2017-жылы сентябрь айында ачыла турган, Тажикстандын Хорог шаарындагы кампусунда “Экономика” жана “Жер жана айлана-чөйрө жөнүндө илимдер” боюнча негизги багыт жана “Өнүктүрүү жөнүндө илим” боюнча кошумча багыт сунушталат. Тажиккстандагы кампуста окутула турган багыттарга тапшырган абитуриенттер даярдык программасы алкагында окууларын Нарындагы кампуста баштап, 2017-жылдан тартып Хорог шаарында улантышат. 

“БАУнун студенттерди кабыл алуу процесси, Университеттин алгачкы студенттер тобун түзө турган, шаар жана айыл жергесинен окуу жагынан зээндүү жана шыктуу бүтүрүүчүлөрдү аныктоого багытталган. Жаңы жогорку окуу жайында алгачкы студент болуу өзгөчө мааниге ээ, анткени кийинки студенттер үчүн үлгү көрсөтүү зарыл. Жеке жетишкендиктерге негизделген кабыл алуу жана окуу үчүн стипендиялык программалар, гранттар жана пайызсыз насыялар сыяктуу финансылык жардам бул идеянын башында турат”, - деди Кыргызстанда туулуп-өскөн, Канаданын бир катар университетинде жогорку кызматтарда иштеген, учурдагы БАУнун каттоочусу Анна Петрова-Хьюз.

БАУга тапшырууну каалаган мектеп бүтүрүүчүлөрү үчүн Тажикстанда, Кыргыз Республикасында жана Казакстанда маалыматтык жолугушуулар уюштурулган. Бул жолугушуулар учурунда мектеп бүтүрүүчүлөрү жогору кызыкчылык көрсөтүп, тапшыруу процесси боюнча жардам көрсөтүүнү өтүнгөн. Шаар жана айыл жергесиндеги мектеп бүтүрүүчүлөрүнө БАУга тапшырууга жетиштүү убакыт берүү үчүн заявкалар 15-апрелге чейин кабыл алынат. 

Студенттерди кабыл алуу боюнча топ Тажикстанда, Кыргыз Республикасында жана Казакстанда маалымат таратуу ишин улантат. Мектеп бүтүрүүчүлөрүн жана ата-энелерди маалымат жана тапшыруу процесси боюнча кеңеш берүү жолугушууларына чакырабыз.  Жолугушуулардын өтө турган жери жана күнү тууралуу маалымат менен http://bit.ly/UCAInfoSessions-ru шилтемеси аркылуу таанышса болот. 

Заявканын бланкын бул жерден жүктөп, apply@ucentralasia.org эл. почта дарегине 15-апрелден кечиктирбей тапшыруу зарыл.  15$ заявка кабыл алуу акысы, заявкаларын 18-марттан кечиктирбей тапшырган абитуриенттерден алынбайт.  Кабыл алуу экзамендери май айында өткөрүлүп, жыйынтыктар июнь айында жарыяланат.

БАУнун жогорку билим берүү программалары тууралу маалымат www.ucentralasia.org/admissions сайтында жайгашкан. Байланыш үчүн эл. почта дареги: admissions@ucentralasia.org жана тел. номерлери: +996 770 822 901 (Кыргыз Республикасы) +992 93 999 99 64 (Тажикстан)  +7 777 822 3948 (Казакстан). 

Борбордук Азия Университети (БАУ) 2000-жылы негизделген. Бул диний эмес менчик университетин уюштуруу келишимине жана анын уставына Кыргыз Республикасынын, Казакстан Республикасынын, Тажикстан Республикасынын Президенттери жана Улуу урматтуу Ага Хан тарабынан кол коюлуп, үч республиканын парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. Аталган өлкөлөрдүн президенттери БАУнун коргоочулары, ал эми Улуу урматтуу Ага Хан Канцлери болуп саналат.  

БАУнун миссиясы – эл аралык деңгээлдеги жогорку билим берүү жана аймакты жердеген ар түрдүү жергиликтүү калктардын бай маданий мурастарын жана каада-салттарын келечекке баалуу мурас катары сактоо аркылуу Борбордук Азиянын, айрыкча анын тоолуу аймактарынын, социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө көмөк көрсөтүү болуп эсептелет. БАУнун катарында Ага Хан өнүктүрүү боюнча уюмунун бир катар мүчөлөрү дагы өз ишин аткарып келет. БАУ жөнүндө кошумча маалымат үчүн www.ucentralasia.org сайтына кириңиз.

Кошумча мааалымат үчүн: 
Нисар Кешвани
Коомчулук менен байланыш жана маркетинг боюнча бөлүм жетекчиси 
Борбордук Азия Университети
Уюлдук тел.: +996 (0) 770 822 851
Email: nisar.keshvani@ucentralasia.orgnisar.keshvani@ucentralasia.org