БАУнун экинчи жайкы лагери Борбордук Азиянын 10-класс окуучуларын кабыл алды

Борбордук Азия Университети (БАУ) Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын мектептеринин 10-класстагы мыкты окуучулары үчүн 21-июлдан тартып Кыргыз Республикасындагы Ысык-Көлдүн жээгиндеги Royal Beach эс алуу жайында жылдык жайкы лагерь өткөрүүдө.

БАУнун жайкы лагери мектеп окуучуларын билим деңгээлин жогорулатуу боюнча өзгөчө тажрыйба алуу максатында чогултту. Алар англис тили жана математика боюнча жөндөмдөрүн жогорулатып, жергиликтүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча маанилүү кеңештерди алышат. БАУну негиздеген үч мамлекеттин окуучулары өз ара достук мамилелерин куруу жана узак мөөнөттүү байланыш түзүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болот. 

Ысык-Көл областтык билим берүү уюмдарынын координатору Жеңишбек Орумов, Назарбаев университетинин Билим берүү жогорку мектебинин доценти Дүйшөн Шаматов жана БАУнун Гуманитардык жана так илимдер жогорку мектебинин деканы Арифф Качра быйылкы жайкы легерге катышкан окуучуларга, вожатыйларга жана профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрүнө куттуктоо сөздорү менен кайрылышты. 

"Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн Ысык-Көл областындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү Борбордук Азия өлкөлөрүнөн келген окуучуларга жана БАУнун эл аралык жамаатына кош келиңиздер демекчи. Сиздерди куттуктоо менен бирге, БАУнун региондогу жаштарды бириктирүү демилгесин чоң кубаныч менен кабыл алдык. Бул ар тараптуу программа келечек муундар биргеликте иш алып бауруусун жана илимий жактан өнүгүүсүн камсыз кылат", -  деди Орумов.

Катуу талаптарга жана окуучулардын жеке жетишкендиктерине негизделген тандоо процесси 2016-жылдын май айында башталган; 600 талапкердин арасынын 80 окуучу гана жайкы лагерге катышуу жолдомосун алды.

“Экинчи жыл өтүп жакан жайкы лагерь, БАУну негиздөөчү үч мамлекеттен келген мыкты окуучуларды чогултуп, билим деңгээлин жогорулатуу боюнча уникалдуу программа сунуштайт. БАУнун профессордук-окутуучулук курамына ар түрдүү мамлекетерден келген мугалимдер кирет, ал эми үстүбүздөгү жылдын сентябрь айында Нарында кампусубуз ачылганы турат, ошондуктан жайкы лагерге катышкан окуучуларга башкаларга берилбеген, дүйнөлүк деңгээлдеги билим алуу тажрыйбасы менен таанышуу мүмкүнчүлүгү сунушталат”, - деди гуманитардык жана так илимдер жогорку мектебинин деканы Арифф Качра. 
 
Жайкы лагерь 2016-жылдын 9-августуна чейин өтөт. Жайкы лагердин иш-чаралары сабактарды жана башка үйрөнүү мүмкүнчүлүктөрүн камтыган графикке ылайык өткөрүлөт. Катышуучулар күн сайын төрт саат англис тилин жана математика окушат. 

Ошону менен бирге, алар семинарларга катышып, университеттерге ийгиликтүү тапшыруу, мансаптык кызыкчылыктарына жараша кесип тандоо жана жогорку окуу жайларына кирүү экзамендерине даярдануу боюнча кеңештерди алышат. 

Спорттук, актёрлук, дебаттык иш-чаралар жана экскурсиялар лагердин катышуучуларына англис тилин практика жүзундө өркүндөтүү жана курбулары менен тажрыйба алмашуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.  Ошондой эле лагердин катышуучулары быйыл сентябрь айында ачыла турган Нарын шаарындагы кампуска барып, көрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 

Быйылкы жайкы лагерди, БАУнун студенттик маселелер боюнча менджери Эрик Краусс алып барат. Ал Түндүк Америкада, Европада жана Борбордук Азияда билим берүү жаатында 25 жылдан ашык тажрыйбага ээ. Ал эми лагердин мүдүрү Канадалык Фарра Камани жаштар лагери менен байланыштуу чоң тажрыйбага ээ. 2015-жылы БАУнун лагеринин мүдүрүнүн орун басары болсо, быйыл лагердин мүдүрү болуу үчүн кайтып келди. 

Краусс жана Камани атайын окуудан өтүп, даярдыгы бар 20 администратор, мугалим жана вожатыйлардан турган көп улуттуу  топту жетектешет. Лагердин кызматкерлеринин саны менен катышуучулардын санынын катнашы бирге сегиз болгондуктан, сабак өтүү учурунда мугалимдер вожатыйлар мене бирге тыгыз иштеп, катышуучулардын сабакатарды жакшы түшүнүүсүн камсыз кылат. 

Быйылкы жайкы лагерге БАУнун алгачкы профессордук-окутуучулук жамааты дагы катышууда. Анын курамына Тажикстандан, Казакстандан, Колумбиядан, Филиппиндерден жана Германиядан келген мугалимдер кирет. Ал сегиз мугалим жакында эле, БАУнун өнөктөшү Канададагы Сенека колледжинде  педагогика жана билим берүү программасы боюнча окууларын аяктап келишти. 

Толук маалымат үчүн шилтеме: http://www.ucentralasia.org/Academics/SummerCamp2016