Борбор Азия университетинин алгачкы студенттери үчүн окуу жылы башталды

Date: 05 September 2016
Other languages: English | Русский язык |

Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы Борбор Азия университетинин (БАУ) кампусунда студентер үчүн окуу жылы 2016-жылдын 5-сентябырында башталды.

Ачык-айкын конкурстук кабыл алууда, жетишкендиктеринин негизинде тандалып алынган Тажикстан, Кыргыз Республикасы, Казакстан, Ооганстан жана Пакистандан 71 мыкты студент окууга баштады. 




Ага Хан өнүктүрүү уюмунун Кыргызстандагы дипломатиялык өкүлү, Борбор Азия университетинин Кеңешинин аткаруу комитетинин аткаруучу төрагасы Шамш Кассим-Лакха мырза студенттерди төмөнкү сөздөр менен тосуп алды: «Бүгүн БАУ үчүн тарыхый маанилүү күн болуп саналат. Университетибиз алгачкы 71 студентти кабыл алууда. Бул студенттердин кабыл алынуусу, алардын канчалык деңгээлде шыктуу жана талантуу экенинин гана далили болуп эсептелет. Биз БАУнун каржылык жагынан колдоо көрсөтүү программасы татыктуу болбогон студенттерге университетте окууга мүмкүнчүлүктте окуугалык лант камсыз кылганы үчүн сыймыктанабыз»,- деп баса белгиледи.




БАУ’нун жетекчиси жана аспирантура деканы д-р Богдан Кравченко,  көркөм өнөр жана илимдер бөлүмүнүн деканы д-р Арифф Качра, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министринин орун басары Нурмамат Эсенкулов жана Нарын губернаторунун орун басары Касен Азизов, Кассим-Лакха менен бирге бул маарекеге  катышышты.

Университеттин расмий ачылышы 2016-жылдын октябрь айында өткөрүлүүсү күтүлүүдө.

БАУнун билим берүүдө эл аралык сапатын эске алуу менен бирге, Билим берүү министиринин орун басары Эсенкулов, мындай деди: «Биз БАУ’нун Борбордук Азиядагы жогорку билим берүү стандартын жогорулатууга басым жасаганына жана башка ЖОЖлар үчүн үлгү болуп калаарына кубанып жатабыз.»

Нарын облусунун элинин атынан, губернатордун орун басары Касен Азизов  БАУнун окутуучулары, кызматкерлери жана студенттери менен Нарындын жаш жарандары катары жылуу саламдашты жана, «Бир канча айлар жана жылдардан кийин, бул окуу жай коомчулукка олуттуу салымын кошот жана өз кезегинде, дайыма биз тараптан до колдоого таянса болот,» деп билдирди.

БАУ студенттери университеттин интенсивдүү даярдоо программасы менен беш жылдык окуу программасына башташты. Кийинки жылдары, гуманитардык негизги окуу планы, Борбордук Азия аймагындагы жана адистештирилген изилдөөлөрдүн контекстинде негизделет.




Компьютер илими адистиги боюнча же байланыш жана маалымат каражаттары факультеттеринг тандаган студенттер беш жыл бою Нарында калышат, ал эми экономика же жер жана айлана-чөйрөнү коргоо тармагында эмгектенгиси келген студенттер, 2017-жылы Тажикстандын Хорог шаарында ачылуучу БАУнун кампусуна которулуусу пландалууда. 

«Азыркы учурда университеттин куруулушунун алгачкы этабы аяктады, эми окутуучулар, кызматкерлер жана студенттер менен бирге, бул университеттин баалуулуктарынын негизинде институтту куруу боюнча бир кыйла татаал ишти баштоодобуз», - деп жыйынтыктады Кассим-Лакха. 

БАУ көлөмү жана турагы боюнча бирдей болгон үч кампус курууда, алардын бири алгачкы студенттерин кабыл алып жаткан Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы кампусу; экинчиси Тажикстандын Хорог шаарындагысы, (2017-жыл) жана үчүнчүсү Казакстандын Текели шаарында курулуп жаткан кампусу, (2019-жылы бүтүүсү күтүлүүндө). Ар бир БАУ кампусу заманбап класстарды, китепканаларды жана лабораторияларды, ишенимдүү, модулдук жатаканаларды жана коомчулук үчүн ачык болгон спорттук объектилерди, футбол талааларын жана теннистик кортторду камтыйт.