Борбордук Азия Университетинин Нарындагы Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин 10 жылдык маарекесинде 100 бүтүрүүчүгө сертификаттар тапшырылды, Кыргыз Республикасы

Date: 24 June 2016
Other languages: English | Русский язык |
Бишкек ш., Кыргыз Республикасы, 30 июня 2016-ж. - Ардактуу коноктордун катарында Касен Азизов, Кыргыз Республикасынын Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары; Алмаз Шалтаев, Нарын шаарынын мэринин орун басары; Дамира Омуралиева, Нарын мамлекеттик Университетинин ректору жана жарандык коом, билим берүү секторлорунун өкүлдөрү аземге катышышты.

«Кыргыз Республикасынын Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов бүгүнкү ПҮБМнын 10 жылдыгы менен чын жүрөктөн куттуктайт. Бүтүрүүчүлөрдү да куттуктап, алардын курагына карабастан, бүгүнкү ПҮБМда курстарын аяктаган 14 жаштан 65 жашка чейин студенттерди көрүп жатабыз. Жыл сайын ПҮБМнын Жалпы республикалык тестке даярдоо курсунун студенттери жогорку балл алышып, Кыргыз Республикасынын Президентинин атынан «алтын күбөлүккө» ээ болуп келишет. Ишкердүүлүктүн «Бизнес-планды иштеп чыгуу» кыска мөөнөттүү курсун бүтүргөн угуучулардын да ийгиликтерин белгилеймин. Урматтуу студенттер, мен сиздерге ийгилик каалайм. Сиздер биздин келечегибиз жана жогорку окуу жайын бүтүргөндөн кийин өз шаарыңарга кайтып келип кызмат көрсөтөт деп үмүттөнөбүз» деп билдирди Касен Азизов, Кыргыз Республикасынын Нарындагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орун басары.

ПҮБМнын төртүнчү Сертификат тапшыруу аземине 100 бүтүрүүчү катышты.

Он эки окуучу «Эл аралык окуу жайга даярдоо» программасынын (ААР); Оозеки жана Академиялык англис тили, математика жана маалыматтык технологиялар (МТ) боюнча бүтүрүштү. Аталган программа 7-11 класстын окуучуларын чет өлкөлөрдүн жана Кыргыз Республикасынын ЖОЖдоруна тапшырууга даярдайт.

Кырк бүтүрүүчү Жалпы республикалык тестке даярдоо курсун бүтүрдү. Албетте, ПҮБМнын бүтүрүүчүлөрү мамлекеттик орточо көрсөткүч менен 30 баллга жогору упайга жетишишет. Ошондой эле, жыйырма төрт - эл аралык Компьютер күбөлүгү “International Computer Driving Licence” (ICDL) сынагын тапшырышкан бүтүрүүчүлөр да өз сертификаттарына ээ болушту.

Жалпы республикалык тестке даярдоо курсун бүткөндөн кийин, Кызсайкал Асымкулова жогорку баллга ээ болуп, мамлекеттик ЖОЖдордо окуу үчүн жолдомо алды. Небересине сыймыктанган чоң атасы Асымкул Мамбетжумаев, аземге катышуу үчүн Ат-Башыдагы Кара-Булун айылынан (үч сааттык сапар тартып) келип катышты. Асымкул ата Университеттин элеттеги окуучуларга бөлгөн көңүлүн терең белгилеп, ыраазычылыгын билдирди.

«Мен бүгүн, чоң атам менен бул аземге катышып жатканыма өтө сыймыктанып турам. Классташтарым менен бирге ПҮБМнын математика жана кыргыз тили курстарын окудум. Мага ПҮБМ жогорку баллга жетүүгө жардам берди», деп билдирди Кызсайкал.

2006-жылы БАУнун биринчи ишке киргизилген бөлүмү катары Нарындагы ПҮБМ 7 багыт боюнча 20дан ашуун программага 19 000ден ашуун билим алуучуларды кабыл алган. ПҮБМ атайын жогорку окуу жайларында окууга даярдык программаларын, ошондой эле, өз бизнесин баштоо же кенейтүүдө ишкерлерди окутуу үчүн иштелип чыккан атайы программаларды сунуштайт. БАУ менен Кыргыз инвестициялык кредиттик банкынын (KICB) ортосундагы өнөктөштүк аркылуу, бүтүрүүчүлөр бизнесин баштоо үчүн аз пайыздык насыяга ээ боло алышат.

Ишкер Шайырбүбү Алжанбаева «Бизнес-план иштеп чыгуу» кыска мөөнөттүү программасын аяктап, балдар кийимдерин өндүрүү боюнча бизнесин ачууга KICBден насыя алган.

«Беш жыл бою, мага өз бизнесимди түзүү мүмкүн эмес болуп келди. Бирок, ПҮБМнын Бизнес-план иштеп чыгуу программасынын алкагында маркетинг, IT, Финансылык сабаттуулук, Бизнести пландаштыруу модулдарын алып, билимимди жогорулаттым. Азыр мен Нарын рыногунда жана супермаркеттерде ишимди жүргүзүп жатам. Тогуз пайыздык насыя регион үчүн өтө төмөн болуп саналат жана жергиликтүү ишкерлерге колдоосу көрсөткөндүгү үчүн БАУга ыраазымын»-деп билдирдиШайырбубу Алжанбаева.

«Бизнес-план иштеп чыгуу» кыска мөөнөттүү программасынын алкагында жыйырма жети жеке-ишкер билим алды жана анын ичинде БАУнун кампусуна коңшулаш Төш-Булак айылынан тартылган ишкерлер да бар. Беш ишкер мындан ары өз жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө максатында «Кичи жана орто бизнести башкаруу үчүн мини-технологияларды колдонуу» программасын окуп улантуусун маалымдашты.

2006-жылдан тартып ПҮБМ Борбор Азия жана Ооганстан боюнча 89 000дан ашуун угуучуларды кабыл алып, 12 шаардын окуу борборлорунда өз ишин жүргүзүп келет. ПҮБМнын бардык программалары эл аралык стандартта жана академиялык айкындыкты колдоодо тышкы эксперттердин көзөмөлүндө иш жүргүзөт.

«Борбордук Азия Университетинин ишке киргизилген биринчи бөлүмү катары ПҮБМ Нарын, дегеле облус тургундарынын жашоо сапатын жогорулатуу, аймактын экономикалык жана интеллектуалдык мүмкүнчүлүгүн кеңейтүү жана бул, Нарын жергесинде университеттик шаарчасын активдүү өнүктүрүүгө негиз түзүү максатын көздөйт. Бул жылдын сентябрь айында биз биринчи бакалавр программаларынын студенттерине эшигибизди ачып жатабыз, жана ушуга байланыштуу буга чейинки жеткен натыйжаларыбызды өркүндөтүп, жергиликтүү калкка, кичи бизнес ээлерине жана бардык деңгээлдеги угуучуларга мындан да көп пайда алып келебиз деп ишенем» -деп билдирди Доктор Богдан Кравченко, БАУнун башкы директору жана БАУнун Жогорку өнүгүү мектебинин деканы.

БАУ өз университет шаарчаларын Борбор Азиянын үч мамлекетинде куруп жатат. Алар: Нарын ш., Кыргыз Республикасы, Хорог ш., Тажикстан жана Текели, Казахстан Республикасы. 2016-жылы сентябрда БАУ биринчи студенттерин Нарын шаарындагы кампусунда Байланыш жана медиа, Информатика багытында кабыл алат. Тажикстан Хорог шаарындагы кампус, 2017-жылы ачылып, Экономика, Жер жана айлана чөйрө багытындагы окууларды сунуш кылмакчы. Ал эми Текели үчүнчү кампусу, Казакстанда 2019-жылы ачылуусу болжолдонууда.