Экономикалык Ѳсүүгɵ жана Регионалдык Кызматташууга Түрткү Берүү Милдетинин Алкагында Борбордук Азия Университети Алгачкы Кампустун Ачты

Date: 19 October 2016
Нарын шаары, Кыргыз Республикасы, 19-октябрь 2016-жыл – Региондун тоолуу аймактарынын социалдык жана экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүү максатында негизделген Борбордук Азия Университети (БАУ) Кыргыз Республикасынын Нарын шаарындагы алгачкы кампусун бүгүн расмий түрдө ачты. 

Нарындагы кампустун жаңы имараттары Кыргызстандын өкмөтү бөлүп берилген 252 гектар жерде курула турган имараттардын планынын биринчи этабы болуп эсептелет. Биринчи этап 150 студентке чакталган, жалпы аянты 14 000 чарчы метрди түзгөн имараттарды камтыйт. Алардын катарына заманбап аудиториялар, китепкана жана лабораториялар, коопсуз жана модулдук түзүлүштөгү студенттик жатаканалар, профессордук-окутуучулук курам үчүн турак-жай жана эл аралык деңгээлдеги спорттук имараттар кирет. Пландын соңку этабы ишке ашырылганда, имараттардын жалпы аянты 125 000 чарчы метрди түзүп, 1 200 студент билим алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. 


Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Улуу Урматтуу Ага Хан эстелик тактаны ачып жатат. БАУнун Кеңешинин аткаруучу жетекчиси Шамш Кассим-Лакха карап жатат.
Бул диний эмес, эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн коммерциялык эмес Университет Казакстандын, Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын өкмөттөрүнүн жана Ага Хан өнүктүрүү уюмунун ортосундагы өнөктөштүктүн мөмөсү болуп эсептелет. 

Президент Алмазбек Атамбаевдин жетекчилиги астында, кампусту Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков жана Улуу Урматтуу Ага Хан салтанаттуу түрдө ачты. Премьер-министр БАУнун студенттерине кайрылып: «Университет келечекте ар түрдүү тармактарда лидер болуу үчүн керектүү билим жана жөндөмдөр менен камсыз кылат», - деди. БАУну «баарыбыз үчүн белек» деп атап, узак мөөнөттүү колдоосу үчүн Улуу Урматтуу Ага Ханга терең ыраазычылыгын билдирип: «Өлкөбүздүн келечеги жаштардын колунда. Ошондуктан сапаттуу жогорку билим жаштарды даярдоого өбөлгө түзүүсү кажет», - деди. 

Ачылыш аземинде сөз сүйлөп жатып Улуу Урматтуу Ага Хан: «Бул жерде ишке ашырып жаткан аракеттерибиз регион үчүн гана эмес, башка өлкөлөр үчүн дагы эл аралык кызматташуунун баалуу үлгүсү болот. Бул Университеттин маңызы илим менен билимдин күчүнөн тышкары эл аралык кызматташуунун дагы күчүн камтыйт. Бул адамдын турмушун өзгөртө турган күч», - деп белгиледи.


Өкмөттүн өкүлдөрү, Улуу Урматтуу Ага Хандын үй-бүлөөсү жана АКДН жетекчилиги ачылыш аземине келген 300дөн ашык меймандардын арасында болду.
БАУ тууралуу сөзүн улантып жатып: «бул өзгөчө түрдө ишке киргизилген университет», - деп, бүгүнкү күнгө чейин депутаттардан баштап компьютер адистерине чейин камтыган 90 000 кишини окуткан Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жөнүндө белгиледи. Андан тышкары, Борбордук Азия боюнча 77 университет жана колледж тарабынан колдоо тапкан «Адам таануу» долбоору жөнүндө жана «региондун өнүгүүсү үчүн негизги ролду ойной турган маселелер боюнча эл аралык өнөктөштөр менен кызматташуу негизинде маанилүү илимий-изилдөөлөрдү жүргүзүп келген» Университеттин эки изилдөө канаты – Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту жана Тоолук коомчулуктарды изилдөө институту тууралуу дагы белгиледи. 

Нарын шаарындагы кампустун ачылшынан кийин, 2017-жылы Тажикстандын Хорог шаарында жана 2019-жылы Казакстандын Текели шаарында ачыла турган бирдей масштабдагы жана деңгээлдеги кампустарды курууу иштери жүргүзүлөт. 

Нарындагы кампус сунуштаган бакалавриат программасынын алгачкы студенттери, алардын жеке жетишкендиктерине негизделген финансылык абалына карабаган конкурстук процесс аркылуу кабыл алынган. Университет 2021-жылы окуусун бүтүрө турган студенттердин ар бирине финансылык жардам көрсөтүүдө; талаптарга толугу менен жооп берген бир дагы студент финансылык муктаждыктан улам гана кабыл алуудан четтетилбейт. Студенттер Кыргыз Республикасынын, Тажикстандын, Казакстандын, Пакситандын жана Афганистандын ири жана кичи шаарларынан, айыл жергелеринен келген. 2016-жылдын сентябрь айында окуусун баштаган 71 студенттин 40ка жакын пайызы кыз киши. 


2021-жылы окуусун бүтүрө турган студенттердин өкүлү Тажикстандык Эраж Узоков меймандардын астында сөз сүйлөп жатат.
Ачылышка келген меймандардын астында Нарындагы кампустун студенти Эраж Узоков дагы сөз сүйлөдү: «Курдаш студенттер гана эмес профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү жана кызматкерлер дагы дүйнөнүн ар түрдүү өлкөлөрүнөн келген. Алар эң алыскысы Канададан, АКШдан, Филиппиндерден, Германиядан, Азербайжандан, Пакистандан тартып коңшу Тажикстандан, Казакстандан, ошондой эле Кыргызстандан дагы келген. Улуу Урматтуу Ага Хан, Сиз дүйнө жүзү боюнча плюрализмди жана ар тараптуулукту жактап келесиз, ошондон улам бул Нарындагы кампус Сиздин көз карашыңыздын ишке ашырылгандыгы деп тааныйм».

Казакстан Республикасынын парламентинин Сенатынын мүчөсү, эл аралык мамилелер, коргоо жана коопсуздук боюнча комитеттин жетекчиси Дарига Назарбаева БАУнун Канцлерине кампустун ачылышына байланыштуу куттуктоо кат жиберип, анда: «...жалпы Борбордук Азия үчүн чоң жетишкендик…эл аралык долбоорун жүзөгө ашырылышы региондогу ынак коңшулук мамилелердин дагы да бекемдөөсү үчүн жагымдуу шарттарды жаратып, биздин элдерибиздин пайдасына кызмат кылат» -деп белгиледи

Жетишкендикти белгилеп, Улуу Урматтуу Ага Хан Шамш Кассим-Лакха мырзаны БАУнун Камкоручлар кеңешинин биринчи жетекчиси кылып дайындады. 

Университеттин үч кампусунун Борбордук Азия региону үчүн жалпы болжолдуу экономикалык таасири 750 миллион доллардан ашык болоору күтүлүүдө. Кампустун курулушунун биричи этабынын алкагында БАУ Кыргыз Республикасында 600 жана Тажикстанда 800 жаңы жумуш орундарын ачты. Университеттин пландаштырууга жана курууга карата колдонгон ыкмасы курулуш материалдарын жергиликтүү жана регионалдык булактардан сатып алуу, жергиликтүү ишканаларды өркүндөтүү жана жаңы ишканаларды ачуу аркылуу региондун өлкөлөрүнүн экономикалык өнүгүүсүн илгерилетүү боюнча ири стратегиянын бөлүгү болуп эсептелет.  

Ошол эле күнү премьер-министр Жээнбеков жана Улуу Урматтуу Ага Хан, Кыргыз Рекспубликасынын өкмөтүнүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповтун коштоосунда Нарын шаарынын борборунда жайгашкан Сейитаалы Жакыпов атындагы сейилбагын ачуу аземине катышты. АКДНдин Нарын областына колдоо көрсөтүү боюнча милдеттенмесинин алкагында, маданият боюнча Ага Хан трасты шаардык сейилбакты кайрадан калыбына келтирип, шаардын тургундарын эс алуу, ойноо жана спорт менен машыгуу үчүн жагымдуу мейкиндик менен камсыз кылды. Сейилбактан жакын жерде жайгашкан медициналык-дарт аныктоо борбору Саламаттык сактоо боюнча Ага Хан  кызматтары тарабынан курулуп, иштетилет.