Улуу Даражалуу Ага Ханга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Данакер» орденин ыйгарды

Date: 20 October 2016
Кыргызстанга болгон расмий сапарынын биринчи күнү Улуу Даражалуу Ага Ханга Кыргыз Республикасынын Президенти Алмазбек Атамбаев «Данакер» орденин ыйгарды. Орден улуттар арасында тынчтыкты, ынтымакты жана кызматташууну бекемдөө жана этностор аралык гармонияны сактоо жана улуттук маданияттардын өз ара байытуусу үстүндө аткарылган иш-аракеттери үчүн чет мамлекеттердин жарандарына берилген эң жогорку сыйлык болуп эсептелет.

«Улуу Урматтуу Ага Ханга «Данакер» орденин ыйгаруу мен үчүн чоң сыймык. Бул орден элдерди, улуттарды жана мамлекеттерди бириктирген адамдарга бериле турган жогорку даражадагы сыйлык. Кыргыз элинин атынан жана өзүмдүн атыман, Улуу Урматтуу Ага Ханга өзүнүн АКДН уюму аркылуу Кыргызстанда билим берүү, саламаттыкты сактоо, айыл-чарба жана башка тармактарда көрсөткөн жардамы жана иштиктүү салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ыракмат айтам», – деди президент Атамбаев.

АКДН Кыргыз Республикасында 2001-жылдан тартып иштеп келүүдө. Өлкөнүн бардык жети аймагында тең ишке ашырылып жаткан программалары экономикалык жактан динамикалуу, саясий жактан туруктуу жана маданий жактан ар тараптуу Кыргыз Республикасынын өнүгүүсүнө иштиктүү салымын кошууда. Билим берүү, саламатыкты сактоо, экономиканы өнүктүрүү, микрокаржылоо, айыл-чарбаны өнүктурүү жана маданий баалуулуктарды сактоо боюнча иш-аракеттерди жүзөгө ашырып келген уюмда 1 500дөн ашык жергиликтүү жарандар иштейт. 

Улуу Даражалуу Ага Хан сыйлыкты алгандан кийин: «Улуу урматтуу Президент, мени жылуу кабыл алгандыгыңыз үчүн жана бул сыйлыкты ыйгаргандыгыңыз үчүн терең ыраазычылыгымды билдирем. Ортобуздагы өнөктөштүк алдыда көптөгөн жылдар бою узак мөөнөттүү болуп, Кыргызстандын элинин жыргалчылыгы үчүн өнүктүрүү жаатында бир топ максаттарга жетишебиз деген үмүттөмүн. Кыргызстан плюрализм боюнча дүйнөлүк деңгээлдеги ой-жугуртүүгө ээ, ал эми ийгиликтүү плюрализм – бүгүнкү күндө негизги глобалдык маселелердин бири болуп эсептелет», – деди.

Улуу Даражалуу Ага Хан исмаилит мусулмандарынын 49-мураскер имамы (руханий лидери). Мураскер имамдык милдеттери алкагында Улуу Даражалуу Ага Хан 60 жылга жакын мөөнөт бою Ага Хан өнүктүрүү уюму (АКДН) аркылуу дүйнө жүзү боюнча өлкөлөрдү өнүктүрүү иштерине жигердүү катышууда. Ага Хан Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын Президенттери жана Улуу Даражалуу Ага Хан кол койгон эл аралык келишимдин негизинде түзүлгөн диний эмес жеке менчик Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусунун расмий ачылышына өзүнүн үй-бүлө мүчөлөрү менен бирге Кыргызстанга катышууга келди.

Ошол эле күнү Улуу Даражалуу Ага Хан Кыргыз Республикасынын Парламентинин спикери Чыныбай Турсунбеков жана Кыргыз Республикасынын премьер-министри Сооронбай Жээнбеков менен жолукту. Күндүн аягында Ага Хан үй-бүлөөсү менен Президент Атамбаев жана анын жубайы уюштурган кечки тамака катышышты.