Борбордук Азия Университети Нарын облусунда коомдук-экономикалык өнүгүүгө өбөлгө түзүүдө

Date: 13 February 2017
Other languages: English | Русский язык |
2017-жылдын 12-февралында Нарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) кампусуна болгон иш сапарынын алкагында Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов, БАУнун кыска мөөнөттүн ичинде толугу менен иш жүргүзүп жатканына канааттангандыгын билдирип, «биз Нарындын өнүгүүсүндө өзгөрүүлөрдү көрүп жатабыз, бул абдан бекемдээрлик» - деп белгилеп кетти.

Мэр, БАУ тарабынан уюштурулган «Ачык эшик» маарекесинде болочок студенттер 11-класстын окуучулары, ата-энелер жана Кыргызстандын баардык аймактарынан келген жогорку мектеп жетекчилери үчүн сөз сүйлөдү. Бир күндүк иш-чаранын ичинде, окуучулар жана алардын ата-энелери БАУнун иши жана анын негизги адистиктери (багыттары): Информатика (компьютердик илим); Байланыш жана маалымат каражаттары; Жер жана айлана-чөйрөнү коргоо, жана экономика факультеттери менен таанышып чыгышты. 


Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун Борбордук Азия университетинин болочок студенттерине болгон кайрылуусу.
Кампуста мэрди, БАУнун Камкорчулар башкармалыгынын төрагасы доктор Кассим-Лакха Шамш жана көркөм өнөр жана илим бөлүмүнүн деканы доктор Диана Пауна урмат менен тосуп алышты. Кампусту көрүп чыккандан кийин, мэр болочок бүтүрүүчүлөргө кайрылды жана аларды БАУга тапшырууга үндөдү. «Бул жогорку окуу жай Нарын үчүн маанилүү салымын кошууда. Биз БАУнун аракеттерине ар дайым колдоо көрсөтөбүз жана келечектеги коомдук-экономикалык өнүктүрүү боюнча жалпы көрүнүштү бөлүшөбүз. Нарын Өкмөтү БАУнун кошкон салымын жогору дэнгээлде баалайт»-деп мэр баса белгиледи.

Нарын шаарындагы кампуска жасаган сапарымда, мен бул жерде окуп жаткан окутуучуларды, кызматкерлерди, студенттерди жана аларга сунушталган мүмкүнчүлүктөрдү көрүп абдан таасирлендим»- деди Бишкек шаарынан келген ата-энелердин бири, Чолпон Алибакиева. «Бул жогорку окуу жайы өлкөнүн алыскы аймагында жайгашкан, Нарын облусу  үчүн өтө маанилүү болуп саналат. Мен  БАУнун Нарын облусуна мындан ары да пайда алып келүүсүнө үмүттөнөм (ишенем)»- деп айта кетти.
150дөн ашык коноктор окуу жай менен таанышышып, программаны окуп, семинарларга катышышты. Окутуучулар (Мугалимдер) жана кызматкерлер кампуста жашоо тажрыйбасы боюнча жана анын ичинде, даярдоо программасы жөнүндө, адистиктик даражалар, кабыл алуу талаптары жана каржылык жардам берүү жолдору тууралуу толук маалымат беришти. Азыркы студенттер да, студенттик жашоо, жана ден соолукту чыңдоо клубунун мүчөлөрү да, келген жаш конокторго бул турак шаарчадагы жашоонун даамын берүү үчүн көптөгөн иш-чараларды уюштурушкан.



Мугалим Иан Фил Канлас жана Роза Казакбаеванын Канададагы Сенека колледжи тарабынан иштелип чыккан, Борбордук Азия университетинин даярдоо программасын конокторго тааныштыруусу.
«Мен БАУ тууралуу мугалимдерим аркылуу билдим, жана бул жака келгениме абдан кубанып жатам. Экскурсия кызыктуу болду бирок, мен үчүн аябай жакшы таасир калтырган нерсе, бул окуу жайдын атмосферасы болду. Башка окуу жайларга барганымда, кампустарын жандуу аймактарда көрдүм, бирок бул жерде, класстан жана жатаканадан карап жатканда тоолорду жана жаратылышты көрүү – бул абдан тынч жана такыр башкача сезим,»- деп билдирди Каракол шаарындагы Кыргыз-Түрк лицейинин 11-классынын окуучусу Диана Белоусова. 

Өз каалоосуна жараша тандалган адистиктери боюнча, студенттер 2016-жылдын сентябрь айында ачылган Кыргызстандагы БАУнун Нарын шаарындагы кампусуна же 2017-жылы ачылуусу пландалып жаткан Тажикстандагы БАУнун Хорог шаарындагы кампусуна кайрыла алышат.

Азыркы тапта БАУ, Искусство жана илимдер факультетине 2017-2018-окуу жылына бакалавр үчүн өтүнмөлөрдү кабыл алууда, ал эми 3-мартка чейин өтүнмө менен кайрылган студенттер $15 кириш төлөмүн төлөөдөн бошотулат. Өтүнмөнүн акыркы мөөнөтү 17-март, 2017 ж.

Кабыл алуу туралуу маалымат үчүн төмөнкү шилтемеге өтүңүз: www.ucentralasia.org/admissions же  email: admissions@ucentralasia.org 

Суроолор үчүн, төмөнкү номерлерге чалыңыз:
Кыргыз Республикасы: +996 312 663 822 / +996 770 822 901 
Таджикистан: +992 93 999 99 64
Казахстан: +7 777 822 3948