Легендарлуу Канадалык Хоккей Оюнчусу Нарын Ш. Борбордук Азия Университетинде Ачык Лекция Өткөрдү

Date: 31 May 2017
Other languages: English | Русский язык |
«1972-жылы өткөн Суперсериядан мен жана Канада курама командасынын башка оюнчулары Түндүк Америкада профессионалдык хоккейди ойносуна жакшы таасир эткен көп тажрыйба алдык». Бул жөнүндө кечээ ардактуу Кен Драйден, Канаданын мурдагы министри жана Ардактуу Хоккей залынын белгилүү мүчөсү, Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин (БАУ) башкы кампусунда өткөн өзүнүн лекциясында айтып өттү. Ага Хан Өнүктүрүү уюму (АКДН) жана Канаданын Тышкы иштер министрлиги тарабынан уюштурулган лекцияга 100дөн ашык адам, анын ичинде Нарындын мамлекеттик жетекчилери, БАУнун жана Нарын мамлекеттик университенин студенттери жана окутуучулары, ошондой эле шаардын коомчулугу катышты. АКДН менен Канаданын программалары менен таанышышуу үчүн азыркы учурда өлкөбүзгө келген У. У. Шон Стейли, Кыргызстандагы Канаданын элчиси, жетектеген канадалык делегация да лекцияга катышты.

Өзүнүн лекциясында Драйден мырза Канада менен Кыргызстандын ортосундагы окшоштуктарды белгилеп, ал «окшоштуктар топологиянын, климаттын, ошондой эле калктын жыш жайгашкандыгынын алкагынан чыгып кеткенин» айтып өттү. Ал эки өлкөнү бириктирген жип Улуу Жибек Жолу менен элди жана жүктөрдү ташуунун натыйжасында пайда болгон деп белгиледи. Соода менен катар эле, бул өз ара аракеттенүүлөр кеңири географиялык мейкиндиктеринде билим жана жаңы идеялардын өнүгүшүнө салым кошуп, ошондой эле олуттуу прогресске өбөлгө түзгөн. Бул тарыхый өзгөрүү заманбап университеттеринин студенттери ар кандай маданият жана салттардын өкүлү болгон адамдар менен пикирлешүүнүн натыйжасында баштарынан өткөн сыноого окшош. Бул өзгөрүү Драйден мырзанын айтымында, ар кайсы өлкөдөн келген студенттер окуп, жашаган БАУнун жаңы кампусунда айрыкча көрүнүп турат.

Ачык лекция АКДН тарабынан колдоого алынган Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн аракеттеринин алкагында Нарын ш. билим берүү жана чыгармачылык мүмкүнчүлүктөрүн өнүктүрүү борборуна айландырууга уюштурулган.

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Нарын облусунун губернатору, Аманбай Кайыпов мырза, мындай деди: «Нарын облусунун элинин атынан делегациянын урматтуу мүчөлөрүнө кош келипсиздер деп, жана бул иш-чараны биздин шаарда өткөргөн уюштуруучуларга чын жүрөктөн ыраазычылык билдирип койгум келет. Мындай белгилүү инсандар менен таанышуу жана баарлашуу биздин жаштарга жаңы идеяларын иштеп чыгууга жардам берип, аларды өз өлкөсүнө алгылыктуу салым кошкондоруна камсыз кылууга дем берет деп ишенем».

«АКДН өлкөнүн жашоо сапатын жакшыртуу алкагындагы биздин биргелешкен күч-аракеттерибизди Кыргызстандын колдогонун жогору баалайт. Биз, дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүндө жалпы жана ар тараптуу өсүшүнө көмөк көрсөтүү үчүн, өзгөчө, Борбордук Азияда, Канада менен кызматташып жаткандыгыбызга кубанычтабыз. Бул иш-чара аймактагы адам потенциалын өнүктүрүү боюнча биздин биргелешкен милдеттенмелерди, атап айтканда, жаштар арасында экономикалык жана коомдук өнүгүү келечегин жакшыртуусын чагылдырат», - деп белгиледи Шамш Кассим-Лакха мырза, Кыргызстандагы Ага Хан Өнүктүрүү уюмунун дипломатиялык өкүлү жана БАУнун Камкорчулар Башкармасынын төрагасы.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree