Борбордук Азия Университети баскетболдук мелдешинен кийин достук байланыштарды тузүүдѳ

Эмоциялар чыңалды, Нарын шаары, 8 июнь, Борбордук Азия Университетитинин баскетбол командасы  жана Нарын шаарынын курама  командасы менен болгон  чыр чечилди. Жыйынтыгы эки тараптын элдешүүсү менен бүттү.


Нарын командасынын өкүлдөрү БАУ алдында кечирим сурап жатышат
2017 жылдын 27 майында Нарын кампусунун территориясында  баскетбол мелдешинде Борбордук Азия университетинин командасы  жана Нарын шаарынын курама  командасынын  мүчѳлѳрүнүн ортосунда  чыр  болгон. Курама команданын мүчѳлѳрү Нарын мамлекеттин студенттери жана Нарын спорт мектебинин окуучулары болгон. Тузулгон жагдай   ошол  эле куну  мелдешке  катышкан БАУнун  мугалимдер тарабынан чечилген. Мелдештин катышуучулары спорт аянтынан  тынч тарап кетишкен.

Кечээ, 8 июнда,  БАУнун  бир нече студенттери  Нарын шаарында окуу тапшырмасы менен жүргѳндѳ, аларды Нарын шаарынын курама командасынын  бир нече оюнчулары  жолугушту. Ооз эки айтышуулар  күчѳп, катуу  коркутууларга чейин  жетти. Нарындык студенттер шашылыш  турдо жардамга жаштарды чакырышып, тез арада 80 ге жакын  жаштар чогулду. Чогулгандардын кѳпчүлүгү   негизги колдоо корсотүү максатында келишкен, анткени алар окуянын түпкү маани- маңызын толук түшүнүшкѳн эмес.

Баардык  маселелерди чечүүгѳ  БАУнун  бир  имаратына  чогулуу сунушталды.   Жолугушууда Нарын облусунун губернатору, Нарын шаарынын вице-мэри, БАУнун  гуманитардык жана так илимдер мектебинин деканы жана жергиликтүү коомчулуктун лидерлери катышышты. Губернатордун  эстүүлүккѳ жана тартипке  чакыруусуна  эч ким  кѳңүл  бурган жок. Катуу кайым айтышуудан кийин,  туруктуулукту, тынчтыктты  сактоо  максатында   БАУнун баскетбол мелдешине катышкан студенттери  кичипейилдик  менен кечирим сурашты. Андан соң   чогулган  кѳпчүлүк  тарап кетти.

Борбордук Азия Университети  окуяны достук мамиле аркылуу чечүү учун  Нарын облусунун губернатору жана Нарын шаарынын мэри  менен   тыгыз байланышта иштеп келди жана иштеп жатат. Бугун губернатордун  жана  жогорку кызматтагы адамдардын коштоосу менен БАУ Нарын кампусуна студенттердин делегациясы келди.  Студенттердин экоосу БАУнун башкармалыгынан  кечээки окуя үчүн кечирим сурашты. Губернатор  Нарын шаарына  ѳнуктурүүгѳ кошкон салымы үчүн БАУга  ыраазычылыгын билдирди жана  чогулгандарды байланыш тузууго чакырды. Жолугушуу тараптардын   бири бирин кечирисүү менен аяктады.

Борбордук Азия университети  Бишкек жана Нарын шаарларынын  мамлекеттик органдары менен тыгыз кызматташуу  менен тиешелуу чараларды кѳрүү максатында окуянын себептерин  жана мындай чыр чатактарды  алдын алуу максатында   иликтѳѳнүү улантылууда.