Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын элдик оозеки чыгармачылыгына арналган: Китептердин бет ачар аземине чакыруу

Date: 22 February 2018
Other languages: English | Русский язык |
Бишкек, Кыргыз Республикасы
Бейшемби, 22-февраль, 2018-ж., 16:00-18:00
 
Сизди Д-р Шамш Касим-Лахка, БАУнун Камкорчулар кеңешинин төрагасы БАУнун Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмү тарабынан басылып чыккан, белгилүү фольклорист жана этнограф, Д-р Сулайман Кайыповдун Түркияда жашаган Памир кыргыздарынын элдик оозеки чыгармачылыгына арналган китептеринин бет ачарына чакырат.

С. Т. Кайыпов
Түркиядa жaшaгaн Пaмир кыргыздaрынын мaкaл, лакаптaры:
Лингвофольклористикaлык булак катары
Жооптуу ред.: Мaмбеттурду Мaмбетaкун, Элмира Көчүмкуловa. –
Б.: Борбордук Aзия Университети, 2017. – 566 б.

С. Т. Кайыпов
Түркиядa жaшaгaн Пaмир кыргыздaрынын кошоктору:
Лингвофольклористикaлык булaк кaтaры: Изилдөө ж-a текст
Жооптуу ред.: Мaмбеттурду Мaмбетaкун, Элмира Көчүмкуловa. –
Б.: Борбордук Aзия Университети, 2017. – 558 б.

Дареги
И. Арабаев ат. Кыргыз мамлекеттик университети
(чоң жыйындар залы), Бишкек шаары, Разаков көчөсү-43.

Программа
16:00       Ачылыш аземи
16:10       Китептерди таанытуу
17:00       Чакан музыкалык программа
17:30       Фуршет

Катталуу
Бул иш-чарага келүү ниетиңиз бар болсо телефон же электрондук кат aркылуу билдирип коюуӊузду өтүнөбүз: (312) 91-08-22 (кошумча номери 656); altyn.kapalova@ucentralasia.org

Бул китептер бет ачар күнү арзандатылган наркта ар бири 500 сомдон сатылмакчы. С. Т. Кайыповдун Кытай Эл Республикасындагы Синьцзян (Шинжаң) педагогикалык университетинин “Манас” изилдөө борбору басып чыгарган Памир кыргыздарынын тамак-аш маданиятына арналган үч томдук эмгегин да сатып алсаңыздар болот.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree