Нарын шаарында өткөн Борбордук Азия Университинин «Ден соолук жарманкесине» 340тан ашык адам катышты

Date: 04 April 2018
Other languages: English | Русский язык |
2018-жылдын 31-март күнү Борбордук Азия Университети (БАУ) жергиликтүү коомчулуктун өкүлдөрү менен биргелешип университеттин Нарын кампусунда сергек жашоону даңазалоо багытында «Ден соолук жарманкесин» өткөрдү. Аталган массалык иш-чарага 340 тан ашык адам катышты.    

«Биздин өлкөдө калкыбыздын дээрлик 75%ы элет жеринде жашагандыктан биз элеттиктер үчүн да, шаарлыктар үчүн да бирдей жагымдуу шарттарды түзүп беришибиз керек. Борбордук Азия Университетине терең ыраазычылык билдирем. Бекеринен убакыт-алтын деп айтышпайт эмеспи. Анын сыңарындай ошол алтындай болгон убактыңыздарды ушундай эң сонун “Ден соолук жарманкесине” бөлүп кетиңиздер», - деп баса белгиледи Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн орун басары Жаркын Ибраева. Ошондой эле аталган иш-чарага Нарын шаарынын вице-мэри Салтанат Эсенаманова да катышты. 


Ден соолук жарманкесинин катышуучуларына кан басымын акысыз текшертип алганга мүмкүнчүлүк тузүлдү

Жарманкеге келгендерге кан басымын акысыз текшертип алуу, ден соолукка пайдалуу тамактануу боюнча баалуу кеп-кеңештер сунушталып, биринчи медициналык жардам көрсөтүү боюнча мастер-класстар өткөрүлдү. Экологиялык таза материалдардан жасалган кол эмгектердин көргөзмөсүнө орун берилди. Ошону менен бирге ден соолукка пайдалуу жана адал азыктардын соода-сатык көргөзмөсү да жарманкенин маанисин арттырды. Иш-чаранын меймандары кыргыздын салттык спорттук оюндарына кызуу катышып, күйөрман болуп беришти. Аларды атап айтсак: аркан тартыш, тогуз кoргоол, топ таш, булар менен катар шахмат турнирлери да камтылды.   

«Бул жерде эң сонун аура түзүлгөн: ар кыл улуттун өкүлдөрү чогулган. Ушундай иш-чаралар мүмкүн болушунча көбүрөөк болсо эң сонун болот эле», - деп белгиледи шаардын тургуну Эркинбек уулу Исламбек.
 

Аталган массалык иш-чарага Нарын шаарынан 340тан ашык адам катышты

Борбордук Азия Университетинин студенттеринин катышуусунда чогулганн элге улуттук жана чет элдик бийлерди тартуулашты. Ал эми Памирден келип Нарында жашап жаткан кыргыздар «Апаке» аттуу кыргызча ырды тартуулашты. Нарын мамлекеттик университетинен жана Нарын облустук балдардын билим берүү борборунан келген студенттер «Сергек жашоо жана биз» деген темада сүрөт көргөзмөгө катышып, кароо-сынактын алкагында 100 дөн ашык эмгектерин тартуулашты. 

Ден соолук жарманкеси Борбордук Азия Университети тарабынан студенттердин күчү менен даярдалып, Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү Мектеби, Ага Хан Ден соолук Кызматынын Нарын шаарындагы үй-бүлөлүк медийиналык диагностикалык борбору, ошондой эле башка мамлекеттик жергиликтүү мекемелер жана чет элдик уюмдар, чакан жана орто бизнестин өкүлдөрү,  жергиликтүү ишканалар менен биргеликте уюштурулду.

Борбордук Азия Университети тууралуу кыскача маалымат
Борбордук Азия Университети 2000-жылы коммерциялык эмес жана светтик университет катары негизделген. Аталган университеттин Жобосу жана Келишим  Кыргыз Республикасынынын, Казакстандын жана Тажикстандын президенттери жана Ханзаада  Ага Хан тарабынан кол коюлуп, аталган 3 мамлекеттин парламенттери тарабынан ратификацияланган. Ошондой эле Бириккен Улуттар Уюму тарабынан каттоодон өткөн. Аталган өлкөлөрдүн президенттери Борбордук Азия Университетинин Камкорчулары статусуна ээ. Ханзада Ага Хан Университеттин Канцлери болуп эсептелет.

Борбордук Азия Университетинин Нарын кампусу жогорудагы 3 өлкөдө курулуп жаткан университеттердин ичинен эң алгачкы болуп 2016-жылы курулуп бүтүп бүгүнкү күндө жемиштүү иштеп жатат. Университеттин миссиясы - Борбордук Азияны жана тоолуу аймактарда жашаган коомчулуктарды эл аралык стандарттарга жооп берген академиялык жогорку билим берүү менен камсыздоо, ошондой эле келечек муунга бай маданий салттарды сактоо жана өнүктүрүү аркылуу жеткирүүгө көмөктөшүү болуп саналат. Бул максатты ишке ашыруу үчүн Борбордук Азия Университети Ага Хан Өнүктүрүү Уюму менен бирдикте иш алып барат.