Ачык лекциясы: Шаарлардын өнүгүүсүн калыптандырууда университеттердин маанилүүлүгү

Date: 09 September 2018
Other languages: English | Русский язык |
9-сентябрь, 2018,  11:00 – 12:30
Нарын шаары, Кыргызстан

10-сентябрь, 2018,  10:00 – 12:00 pm
Бишкек, Кыргызстан
 
Пётр Лоренс, профессор, илимдин доктуру
Гдань технологиялык университетиндеги шаарларды куруу жана регионалдык пландоо архитектура факультетинде кафедра башчысы

Польшалык шаарларды пландоо коому
Эл аралык шаарларды жана региондорду пландоо коому (ISOCARP)

Кыскача мазмуну
Заманбап шаарларды өнүктүрүүнү пландоодо бир топ факторлорду эске алуу керек. Мындай факторлор бир нече же он жылдары мурун маанилүү деп эсептелчү эмес.  Аларга шаарларды туруктуу өнүктүүү принциптери, идеялардын кайра жаралуусу, идеялардын транцформациясы жана коомчулуктун пландоо процессине катышуусу кирет. Булар көптөгөн факторлордун саналуу гана бөлүгү.  Ошол эле учурда, шаарларды пландоого жоопкерчиликтүү өкмөт бийликтери жана  адистери глобализация доорунда шаарлар арасында атаандаштык ар дайым өсүп жатканын белгилешет.  Ошондуктан, шаарлар мындай атаандаштык процессинде мыкты абалга жетүү үчүн ар дайым кылдат чечимдерди издеп келишет.    Изилдөө мекемелери жана жогорку окуу жайлары менен тыгыз байланышты түзүү стратегиялардын бири болуп саналат.  Мындай байланыш бир эле убакта эки структуранын өнүгүүсүнө шарт түзөт.  Көпчүлүк учурларда ушундай кызматташтык шаарларга үчүн дагы өтө маанилүү.  Шаардык бийликтер дагы профессионалдык кеңештерди алып, ар кандай уюмдар менен кызматташ мамилелерди түзө алышат.  Мекемелер жана жеке адистер менен кызматташуу аркылуу өз тажрыйбалары менен бөлүшө алышат жана шаардык бийликтер шаарларды өнүктүрүүдөгү көйгөйлөрүн чече алышат.

Лекция учурунда муниципалитеттер жана университеттер арасындагы кызматташтык тууралуу көп суроолор каралат.  Шаарларды куруу жана өнүктүрүү тармагына өзгөчө маани бөлүнөт.  Гдань технологиялык университети жана польшалык муниципалитеттин ортосундагы кызматташтыктын тажрыйбасы талкууга алынат.   «Акылдуу жана жагымдуу шаарлардын» концепциясын иштеп чыгуу жана ишке ашыруу сыяктуу суроолор дагы кеңири талкууланат.  

Биографиясы
Пётр Лоренс шаарларды куруу жана  өнүктүрүү боюнча профессор жана ал  2007-жылдан бери Гдань технологиялык университетиндеги шаарларды куруу жана регионалдык пландоо архитектура факультетинде кафедра башчысы болуп эмгектенет.  Андан тышкары, Пётр Лоренс польшалык шаарларды пландоо коомунун президенти жана эл аралык шаарларды жана региондорду пландоо коомуна мүчө.  Ал Европадагы жана дүйнө жүзүндөгү университеттерде көптөгөн лекцияларды окуган.

Пётр Лоренс Гдань технологиялык университетте архитектура боюнча диплом алган жана Варшава технологиялык университетинде архитектура боюнча илимдин доктуру наамын алган.  Гарвард университетинде жана Массачусет технологиялык институтунда Фулбрайт программасы боюнча аспирантураны бүтүргөн.

Өтүүчү жай
9- Сентябрь
Борбордук Азия Университети,
Ленин көчөсү-310,
Нарын, Кыргызстан,
Кампустун ашкана
  
10- Сентябрь
Борбордук Азия Университети, 
Токтогул  көчөсү-138,
2-кабат, Жыйындар залы

Лекциянын тили
Лекция англис тилинде өтөт.
Нарын: Кыргыз тилине котормо алдын ала түшкөн талап боюнча гана уюштурулат.
Бишкек: Орус тилине котормо алдын ала түшкөн талап боюнча гана уюштурулат.

Каттоо 
Нарын: miraida.kasymova@ucentralasia.org электрондук дарегине катышуу ниетиӊизди билдирип коюуӊузду ѳтүнѳбүз.
Бишкек: dilbara.kirbasheva@ucentralasia.org электрондук дарегине катышуу ниетиӊизди билдирип коюуӊузду ѳтүнѳбүз.

* Бул лекцияда тартууланган идеялар лекторлордун жеке пикирин чагылдырып, Борбордук Азия Университетинин жана/же анын кызматкерлеринин пикирин/көз карашын чагылдырбайт
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree