Богдан Кравченко - Борбордук Азия Университети

Date: 05 October 2011
Other languages: English | Русский язык |

Саламатсыздарбы, улуу урматуу коноктор жана ардактуу Сыдыкова Тоту айым,
Бүгүн биз «Кыргыз күүлөрү» аттуу китептин бет ачар аземине чогулуп отурабыз. Тилекке каршы китептин автору, Асан Кайбылда уулу биздин арабызда жок. Биз бул жерде чыгаан педагог жана күү изилдөөчүнүн эмгегине таазим кылып, анын калтырган баалуу мурасын майрамдап отурабыз. Бүгүнкү күндө Кыргыз элинин маданияттын өнүктүрүү керек деген ой-пикирлер көп айтылууда, бул жакшы нерсе.

Бирок, баса белгилеп кетчү нерсе – айрыкча жаштарга айтар элем, маданий көп түрдүүлүктү баалоо жана маданиятка кам көрүп, аны өнүктүрүү курулай кыйкырык менен жар салуудан тышкары да көп нерсени талап кылат. Ал үчүн – билим жана талыкпаган эмгек керек. Асан Кайбылда уулу кыргыз күүлөрүнүн изилдөө үчүн 20 жылдан ашуун өмүрүн сарптады.

Биз китепти автордун элесине татыктуу арноо үчүн абдан катуу аракеттерди көрдүк.
Эми Борбордук Азия Университети жөнүндө кыскача маалымат бере кетсем. Бул Университет Кыргыз Республикасы, Казакстан жана Тажикистан республикалары жана Улуу Даражалуу Ага Хандын ортосунда эл аралык келишимдин негизинде түзүлүп, үч өлкөнүн парламенттери тарабынан бекитилип, Бириккен Улуттар Уюмунун каттоосунан өткөн.

Биз бул үч өлкөнүн тоолуу аймактарына толук кандуу студенттик шаарчаларды куруп жатабыз. Кыргызстанда кампусубуз - Нарын шаарында курулуп жатат. Кампустар курулуп бүткөнгө чейин, Университетте бир нече программалар ачылып, иштеп жатат: Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби жаштарга жана чоңдорго профессионалдык жана техникалык жөндөмдөрдү үйрөтөт.

Бул мектеп, учурда үч өлкөнүн 6 жеринде иш алып барат. 2006-жылы ачылгандан бери 30,000ден ашык үйрөнүүчүлөрдү тейледи. Кыргызстанда дээрлик 10,000 үйрөнүүчү бул мектептен кыска мөөнөттүү курстардан өтүшүп, күбөлүктөргө ээ болушту. Бул мектеп 170тей окуу китептерин иштеп чыгарды.

Дагы бир программа – бул Ага Хандын Адам Таануу долбоору. Бул долбоор жаңы 8 окуу китебин пайдалануу менен, үч өлкөдө - 35 университет, 9 мектеп, жана 154 мугалим-тренерлер менен иштеп, жылына 7500 студентти камтыйт.

Кийинки жылы Борбордук Азия элдеринин музыкасына арналган тогузунчу окуу китебибизди чыгарабыз. Ошондой эле Университетте, «Тоолуу комчулуктарды изилдөө борбору» жана «Билим сактоо жана башкаруу борбору» деген изилдөө программалары иштейт. Андан тышкары, «Борбордук Азиянын окутуучу-кадрларын даярдоо» программасы жаш, таланттуу жана патриот студенттерди чет өлкөлөрдүн эң мыкты университеттерине магистратурага жана докторантурага жиберип жатабыз. Ал студенттер келишим боюнча, кийин окууларын бүткөндөн кийин сөзсүз өз жерине кайтып келип, бул Университетке келип сабак өтүш керек. Учурда 30 студент бул программанын алкагында чет өлкөлөрдө окуп, билим алып жатат.

Университеттин курулушу да алдыга жыла баштады. Ал жерде эл аралык деңгээлдеги бакалавр жана магистратура программалары ачылат. Бүгүнкү күндө Борбордук Азия Университети кампус курулуучу жерге, инфракструктурасына жана архитектуралык дизайнына 28 миллион АКШ доллар сарптады. Жылына 200 жумушчуну иш менен камсыз кылабыз.

Ага Хан Өнүктүрүү тармагынын агенствосу болгон Ага Хан фонду Нарында жигердүү иштеп, жаңы бала бакчаларды ачып, Нарын аэропортун кайра куруу боюнча иш алып барууда. Муну менен биз Нарын жергесинин ар тараптуу өнүгүшүнө өбөлгө түзүп жатабыз. Курулуп бүткөндө, Университет Нарын шаарын таптакыр өзгөртөт. 600гө жакын жумушчу курулушка тартылып, 500 киши Университеттин кыймылдаткыч күчү болот.

Биз кампустун ачылышын чыдамсыздык менен күтүп жатабыз. Биздин план боюнча, имараттардын биринчи тобунун курулушу 2012-жылы башталат. Бул жылы оор курулуш техникаларын алып келебиз. Университеттин курулушун 2015 жылы толук аяктап, 2016-жылы бакалавр жана магистр программаларын ачып, студентерди кабыл ала баштайбыз. Муну ийгиликтүү ишке ашыруу үчүн, кыргыз өкмөтүнүн жана жергиликтүү коомчулуктун колдоосу керек. Биз алардын колдоосуна ишенебиз.

Жыйынтыгында, автордун жубайы – Тоту Сыдыковага айымга, редактору Эрнис Турсунов мырзага, жана V.R.S басмаканасына терең ыраазычылык билдирем. Китепти жарыкка чыгарууда баарынан эң көп кызмат кылган Элмира Көчүмкуловага өзгөчө рахмат айтам. Элмира биздин Университет аткарып жаткан иштердин үлгүсү. Ал AКШда 12 жыл окуп, бакалавр жана магистратураны бүтүп, докторлук илимин жактап, кайра өз өлкөсүнө-Кыргызстанга кайтып келип, бүгүнкү күндө минтип кыргыз илимине өз салымын кошуп отурат. Биз аны менен сыймыктанабыз. Ошондой эле, бул китептин чырарууга кызуу колдоо көрсөткөн Университеттин башкы директорунун орун басары Насрин Дананиге да рахмат айтам.

Бобордук Азия Университети – бул региондогу жападан жалгыз, чыныгы эл аралык университет. Анын миссиясы – Борбордук Азиянын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшүнө көмөк көрсөтүү жана ал аймакты жердеген ар түрдүү жергиликтүү калктардын бай маданий мурастарын жана каада-салттарын келечекке баалуу мурас катары сактоо болуп эсептелет. Асан Кайбылдаевдин китеби - Университеттин миссиясынын эң айкын күбөсү.

Рахмат.

Доктор Богдан Кравченко
Башкы директор
Борбордук Азия Университети

 

This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree