Тоту Сыдыкова - Асан Кайбылда уулунун жубайы

Date: 05 October 2011
Other languages: English | Русский язык |

Урматтуу коноктор жана мекендештер,

Бүгүн мен үчүн жана биздин үй-бүлөбүз үчүн өзгөчө күн болуп отурат. Бир жагы абдан сүйүнүп, бир жагы капа болуп турам. Кубанганым - Асакемдин көп жылдык эмгеги бааланып, бүгүн ушунча эл анын арбагын сыйлап келип, китебинин чыгышын майрамдап отурат. Кайгырганым - Асакемдин өзүнүн жоктугу. Эгер ал ушул жерде болгондо, бул абдан сапаттуу чыккан китептери менен компакт дисктерин көрүп төбөсү көккө жетмек. А балким, арбагы ушул жерде арабызда карап, сүйүнүп турган чыгар...

Асакем кыргыз тилине жана салттуу музыкасына күйгөн өз элинин чыныгы патриоту эле. Ал музыка боюнча атайын окуп, музыка изилдөөчү деген адистикке ээ болгон эмес. Ал мыкты филолог, чыгаан педогог жана чебер комузчу болгон. Комузга бала чагынан эле кызыгып, комуз дегенде ичкен ашын жерге койгон күү күйөрманы болгон. Анын комуз күүлөрүн изилдөөгө табигый шыгы жана терең кызыгуусу болгондуктан, акыркы 20 жылдык өмүрүн комуз күүлөрүн изилдөөгө арнады.

1980-жылдары Ак-Суу жана Тогуз-Торо райондорунда агартуу жана маданий тармактарында эмгектенип, бир канча илимий-методикалык колдонмолорду чыгарды, 8-9 класстар үчүн кыргыз тили окуу китебинин авторлорунун бири. Ошол жылдары көпчүлүктүн кызыгуусуна татыган “Боз Салкын” аттуу ыр-бий ансамблин уюштурган. Ошондой эле, республикалык категориядагы лектор катары Кыргызстандын аймактарын түгөл кыдырып, күүлөрдүн тарыхы менен бирге бай оозеки материал жыйнаган.

1987-жылдан баштап жүрөк оорусу менен ооруп калганына байланыштуу ишин таштоого туура келип, 1989-жылы ардактуу эс алууга чыкты. Бирок ал кыргыз салттуу музыкасынын абалы, комуз күүлөрүнүн тарыхы менен көйгөйлөрү жөнүндө гезит-журналдарга макалаларды жазуусун уланта берди.

1990-жылы, мамлекеттик теле-радио комитетинин чакыруусу менен, кассеталарды реставрациялоо бөлүмүнө ага редактор болуп иштей баштады. Ал жердеги эски күүлөрдүн караңгы, ным подвалда сакталган абалын көрүп, кейип, үйгө жумуштан абдан капаланып келер эле. Чаң баскан, тапталган, кээси кургап-куурап чирий баштаган, жүрөкчөлөрүнөн ажырап чубалган, жараксыз деп подвалга ырытылган "таштанды" тасмаларды улап, курап, жамаачылап, ыр-күүлөргө жан киргиздик деп келер эле. 1992-1999 жылдары, күү ышкыбоздорунун бүйүрүн кызытып, коомчулукка кеңири тараган “Күү баяны” аттуу радио-берүү аркылуу 130 күүнүн баянын эфир толкунуна алып чыккан.

1999-жылы, минутасына 28 пульс соккон жүрөк токтоосуна чейин жеткен акыбал менен Кардиология Институтуна оор абалда ооруканага түштү. Ажал отунан сууруп чыккан -- Жүрөк хирургиясы жана органдарды алмаштыруу боюнча илим-изилдөө институтунун директору, КРнын эмгек сиңирген врачы, медицина илиминин доктору, профессор Калдарбек Алишерович Абдраманов эле. 12 жыл оору менен алышып жүрүп, акырында кардио-хирург Калдарбек жүрөгүнө электро-стимулятор салды. 1999-2010 жылдар аралыгында эки томдук эмгекти катуу оору менен кармашып отуруп сол колу менен жүрөгүн мыкчып, оң колу менен калемин кармап жазып бүттү. Кудайга: “Оо, Кудай, албай тур, күч-кубат бере көр, китебимди жазып бүтүрүп алайын!” деп жалынды.

Ошол себептен, бул эмгекти, анын өмүрүн он жылга узарткан профессор Калдарбек Алишерович Абдрамановго арнады. Калдарбекке Асакемдин жана анын үй-бүлөсүнүн атынан чоң ыраазычылыгыбызды билдирип, чың ден-соолук, узун өмүр, үй-бүлөлүк бакубат жашоо, иштерине албан-албан ийгилик каалайбыз! Медицина инженериясына, кыргыздын чыгаан хирургуна таазим!

Үч томго ылайыкталган китебин жазып бүткөндөн кийин, Асакем басып чыгарууга каражат издей баштады. Мурунку эки президенттин - Аскар Акаев менен Курманбек Бакиевдин өзүнө кирем, бул эмгекке мамлекеттик колдоо керек деп, Ак үйгө кирүүгө да аракет кылган. Бирок ал аракетинен эч кандай майнап чыккан жок. Акыры, улуу кызыбыз Дамира Сартбаеванын демөөрчүлүгү менен, үч томго деп эсептелген китеп, бир том болуп кыскартылып, 2000-жылы “Күү баяны” деген ат менен жарыкка чыкты.

2008-жылы, кышында кыргыздын оозеки чыгармачылыгын изилдеген бир америкалык кыз, Борбордук Азия Университетинде илимий кызматкер болуп иштеген Элмира Көчүмкулова деген кызды үйүбүзгө ээрчитип келди. Элмира Асакемдин колтойгон кол жазмаларын жана катар-катар тизилген кассеталарда жаздырылган комуз күүлөрү менен маектерди көрүп, жана да Асакемдин ден-соолугун байкап, китепти чыгарууга дароо каражат табуу керек экендиген айтты. Көп өтпөй, китепти өзү иштеген Борбордук Азия Университети каржыламай болду деген кубанычтуу кабар алып келди.

Андыктан, Асан Кайбылда уулу сыяктуу билим жана тажрыйбасы бай илимпоздордун көп жылдык эмгегин баалап, алардын басылышына марттык менен демөөрчүлүк кылган Борбордук Азия Университетине жана анын жетекчилери- Богдан Кравченко менен анын орун басары Насрин Дананиге, жана эң негизгиси, бул Университеттин негиздөөчүсү-Улуу Даражалуу Ага Ханга терең ыраазычылыгымды билдирем.

Экинчиден, бул долбоордун демилгечиси жана жетекчиси, кол жазманы басмага даярдоодо баштан аягына чейин талыкпай эмгектенип, китептин илимий жактан редакторлук ишин өз мойнуна алып, анын илимий баалуулугун арттырган, кыргыздын илимпоз кызы, философия илимдеринин доктору – Элмира Көчүмкуловага тоодой болгон алкыш айтам! Айланайын Элмира кызым! Асан абаң көзүнүн тирүүсүндө сага көп батасын берди эле. Сага чың ден-соолук, узун өмүр, зор илимий-чыгармачылык ийгилик жана үй-бүлөлүк бакыт-таалай каалайм! Сага окшогон, кыргыздын маданиятын түшүнгөн, баалаган, комуз музыкасына күйгөн, патриоттугун жасаган мыкты иштери менен көрсөткөн, илимпоз жаштар кыргызда көп болсун деп тилейм!

Ошондой эле, китептин эң жоопкерчиликтүү редакторлук ишин аткарган, ден-соолугуна карабай, күндүр-түндүр отуруп иштеп, баалуу кеп-кеңештерин айтып, акындык эргүү менен баш сөз жазып берген Кыргыз эл акыны – Эрнис Турсуновко да абдан ыраазымын. Байбичеси Жамила эже экөөсү бекем ден-соолукта болуп, дөөлөттүү жана бакубат карылык доорду сүрүшүнө тилектешмин!

Андан тышкары, майда жана машакат иштерди аткарган кыздар –Бактыгүл жана Алтын Капаловаларга, Элмира Дүйшеевага жана Аида Тостокова деген кыздарым менен бирге, корректорлук ишти аткарган Нурлан Байчекировко да чын дилимден ыраазымын!

Урматтуу мекендештер, алтындай болгон убактыңарды бөлүп, жакшы каалоо-тилегиңерди айтып, келип бергендигиңер үчүн рахмат. Эми, келечек муундарга баалуу мурас болуп калуучу китебинин чыкканын көрүп, Асакемдин арбагы ыраазы болуп, тынч уктайт ко деп ойлойм.

Чоң рахмат!

Тоту Сыдыкова-
Асан Кайбылда уулунун жубайы

This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree