Эрнис Турсунов - Кыргыз эл акыны

Date: 05 October 2011
Other languages: English | Русский язык |

Дүйнөдөгү ар бир элдин улуттук аспабы болгондой эле, айталык: казактардын домбрасы, өзбектердин дутары, тажиктердин рубабы, испандардын гитарасы, орустардын балалайкасындай эле, кыргыздардын улуттук бөтөнчөлүгүн белгилеп турган музыкалык аспабы бар. Ал комуз! Комуз эзелки замандардан бери эле көчмөн кыргыздар колдонуп келген символикалык аспап. Эгерде кайсы бир баскынчылар кыргызды жок кылгысы келсе, адегенде анын эне тилин, комузун, «Манасын», боз үйүн, ак калпагын жойсун. Кыргыздардын эне тили, каада-салты, боз үйү, ыры-бийи барда кыргыз эли дүйнөдө жашай берет.

Атам замандан бери итти биринчи үйрөтүп, кушту биринчи таптап, жылкыны биринчи минген, кош багалектүү шымды биринчи кийген кыргыздар классикалык көчмөн элдердин эң байыркысы.

Илимпоздор классификациялагандай көчмөндөр: бири чөл менен, бири бетбак-талаа менен, бири улуу тоо менен көчүп-конуп күн кечиришкен. Горизонталь-талаа менен көчкөн кыргыздардын күүлөрү да жайык, маанилүү, шаңдуу келет. Вертикаль-улуу тоого агымы катуу суу кечип, ашуусу бийик бел ашып көчкөн кыргыздардын күүлөрү, ырлары диапазону кенен, добушу бийик болгондуктан, ой-талаа-түзөңдөргө шашпай угулат. 4-5 миң метр бийиктиктеги Памир, Алай, Ала-Тоо, Тянь-Шанда ак кар, көк музда жашаган кыргыздардын асыл үмүт, жакшы тилектери, ой-санаа, кыял-максаттары, капа-кайгы, касыреттери, арман-муңдары, кубаныч-шаттыктары түгөл комуз күүлөрүндө камтылган.

Мына, бул фундаменталдык эки томдук китепте ошол байыркы кыргыздардын күүлөрүнөн тартып, азыркы кыргыздардын күүлөрүнө чейин шыңгырамалар, ботойлор, кербездер, термелер, санаттар, насааттар, камбаркандар, жаш кыялдар, миң кыялдар, күүлөрдүн кыскача баяндары камтылган, алар классификацияланган, тематикага, ыргактарга, түрлөргө бөлүнгөн, тастыкталган, мүмкүн болушунча изилдеген, иликтелген. Айрыкча Айхан күүлөр, Арсар күүлөр, Найман күүлөр, Манас күүлөр, эпос күүлөр, Бекарстан тайшы, Аккочкор-Каңкы, Эки ногой айрылыш, «Үчүкө-Түлкү», Мактым сулуу, Саткын сулуу, Гүлгаакы, Какей, Үкей, Кыз берүү, Кыз алуу, Кыз ойготоор, Терс кайрык, Оң кайрык, Кер толгоо, Кет Бука сыяктуу буга дейре комментарийленбеген күүлөр да чечмеленген.

Кыргызда элдик чыгармаларды өз демилгеси менен изилдеп, иликтеп, жыйнап, ийне менен кудук казгандай терип, тепчип, жазма адабиятка жеткирген Коюм Мифтаков, Буудайбек Сабыр уулу, анан ушул биздин Асан Кайбылда уулу болду. Кесиби боюнча филолог-педагог, чебер комузчу, күү ышкыбозу Асан Кайбылда уулунун бул эмгеги зор эмгек, ал буга 20 жылдан ашык өмүрүн жумшаган. Жалаң комментарийлери менен түшүнүктөрүн, тиркемелерин түзүү үчүн Философия илимдеринин доктору, этнограф Элмира Көчүмкулова канчалык уйкусуз түндөрдү, түйшүктүү күндөрдү өткөрдү дейсиңер! Бир жыл мурда китептин автору Асан Кайбылда уулу жарык дүйнөдөн өтүп кетти. Көзү барда ушул китептин колжазмасын карап чыгып, стилдик жактан редакциялап, баш сөз жазуусун көптөн-көп өтүнгөндүктөн, былтыр Ысык-Көлдө дарыланып келип, кыштата редакциялап, системага салып чыккам. Эми мына, эки томдук бул китепти жарыкка чыгарууга колдоо көрсөткөн Борбордук Азия Университетинин башкы директору Богдан Кравченкого жана анын орун басары Насрин Данани менен бирге, Ага-хан Өнүктүрүү тармагына ыраазылык билдиребиз. Албетте, көрүнүп тургандай, китептин салмагы, сапаты, маани-мазмуну эле анын баа жеткис асыл нарк эмгек, маданий-эстетикалык дөөлөт экенин айгинелеп турат.

Кыргыз күүлөрү эл аспаптар оркестрине салынып, концерттер менен дүйнөнүн көп өлкөлөрүн кыдырып, Африка, Европа, Азия, Америка континенттеринин калкын дүркүрөтө кол чаптырганы ар кимдин эсиндедир. Шубинден кийин академик А. Жумакматов Токтогулдун, Ниязалынын, Мураталынын, Карамолдонун, Ыбрайдын, Атайдын элүүдөн ашык атактуу күүлөрүн эл аспаптар оркестрине ылайыктап, иштеп чыккан. Кыргыз күүлөрү кыргыздын опера, балет, драмаларына, кыргыз композиторлорунун симфониялык чыгармаларына лейтмотив болуп берген.

Мына, ошол бай тажрыйбалуу кыргыз күүлөрүнүн эки томдук китебинин жарыкка чыгышына бүгүн биз күбө болуп отурабыз. Дагы бир жолу Борбордук Азия Университетинин жетекчилик жамаатына- Богдан Кравченкого, Насрин Дананиге, Элмира Көчүмкуловага, редактор Эрнис Турсуновга, жубайы Тоту Сыдыковага жана телерадионун ошол кездеги кызматкерлери Т. Казаковго, К. Өмүркуловко, К.Сыдыковага, Б.Сутеновага ыраазычылык билдиребиз.

Рахмат!

Эрнис Турсунов
Кыргыз эл акыны

This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree