Борбордук Азия Университети Кубат Табалдыевдин 20 жылдык изилдөөсүнө негизделген Тянь-Шань тууралуу китебин жарыкка чыгарды

Date: 05 March 2012
Other languages: English | Русский язык |
Бишкек, Кыргыз Республикасы, 2012-жылдын 5-марты – 2012-жылдын 5-мартында Борбордук Азия Университети (БАУ) Бишкек шаарында Кыргызстандын археологиялык тарыхына зор салым болгон «Тянь-Шандын байыркы эстеликтери» аттуу жакында жарыкка чыккан басылмасынын бет ачар аземин өткөрдү.
 
Кубат Табалдыевдин бул эмгеги Нарын жана Ыссык-Көл аймактарындагы жыйырма жылдык археологиялык изилдөөсүнө негизделген. Китеп таш доорунан коло кылымына чейинки мезгилди, алгачкы темир кылымын жана орто кылымдарын камтып, аталган тарыхый эралардын баалуу мурасынын күбөлүктөрүн тартуулайт. Кубат Табалдыев алгач болуп бул эмгегинде каралган аймакка Теңир-Тоо деген географиялык аталышты колдонду.
 
«Кыргыз элинин материалдык жана жан дүйнө маданиятынын эстеликтери бул китепте көрсөтмөлүү берилген баалуу маданий каада-салттардын жана тарыхый окуялардын чырмалышынын сонун мисалы боло алат», - деп белгилейт автор.
 
Жергиликтүү карыялар, аксакалдардан алынган маалыматтардан улам автор Нарын аймагындагы археологиялык эстеликтер тууралуу зор материал жыйнады.
 
«Борбордук Азия Университети негизделген күнүнөн тартып маданий жана тарыхый мурастар менен иш алып барган изилдөөчүлөрдү колдоп келет. Бул китепти жарыкка чыгаруу менен Нарын аймагындагы байыркы эстеликтер тууралуу маалыматты жайылтуу максаты гана эмес, туризмди өнүктүрүү жана кароосуз калган тарыхый жерлерди коргоо канчалык маанилүү экендигин Нарын тургундарына жеткирүү максаттары көздөлгөн», - деп белгиледи БАУнун Генералдык директору Богдан Кравченко.
 
Китептин бет ачар аземи ошондой эле 2012-жылдын 28-февралында Университет өзүнүн университеттик шаарчаларын (кампустарын) бирин куруп жаткан Нарын шаарында өткөрүлдү. Борбордук Азия Университети тарыхый эстеликтерди сактоо жана анда жергиликтүү тургундардын ролунун маанилүүлүгүн баса көрсөтүү максатында бир катар иш-чараларды өткөрүүнү пландаштырууда. Мисалы, Кочкор районунун Кара-Күңгөй айылынын мектебинин директору Замир Алдаяровдун мектептик аймак таануу музейин ачам деген ою бар, ал эми аймактын башка тургундары да эстеликтерди сактоодо өз салымын кошуп келет.
 
Бишкектеги китептин бет ачар аземи Ага Хандын Музыкалык демилгеси менен колдоого алынган жана өз чыгармачылыгында Кыргызстан тоолорунун көчмөн ыргактарын чагылдырган «Теңир-Тоо» фольклордук ансамблинин коштооосу менен өттү. Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Нурланбек Нышанов ансамблге Нарын аймагынын улуу тоо кыркаларынын аталышын берген.
 
2008-жылдан тартып БАУ маданий мурас, изилдөө куралдарын пайдалануу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрдү өнүктүрүү менен байланышкан жергиликтүү окумуштуулардын жана изилдөөчүлөрдүн басылмаларын жана өнөктөш институттар менен болгон биргелешкен долбоорлорду колдоп келет. Былтыр Университет кыргыз күүлөрү жөнүндөгү «Кыргыз күүлөрү: иликтөөлөр, ойлор жана пикирлер» (I-II томдор) аттуу эки томдон турган эмгекти, Тажикстандын Памир аймагынын фольклордук музыкасына, оозеки чыгармачылыгына жана театралдык салттарына арналган, беш томдук изилдөө болуп саналган «Памирдин музыкалык искусствосу» аттуу эмгегинин үч томдук (I, II, III томдорун) китебин, жана ошондой эле Кыргыз Республикасынын айыл жергесиндеги мал чарбачылыгын жана жайыт чарбачылыгын башкаруу практикасына оң салым кошууга багытталган «Малчыларга колдонмо» аттуу, кыргыз, орус жана англис тилдеринде китебин жарыкка чыгарды.
 
Алдыда турган басылмалар катарына: «Борбордук Азия музыкасы: Киришүү», «Өлүктөр шаарлары: Кыргызстандын уруу көрүстөндөрү»; «Ислам, кыргыздардын көчмөн мурасы жана маданияты»; «Памирдин музыкалык искусствосу», IV жана V томдору; «Чыгыш Памирдин археологиялык картасы» жана «Макал-ылакаптарда берилген кыргыздардын жана казактардын көчмөн маданияты» аттуу эмгектерди киргизсе болот.
 
«Тянь-Шандын байыркы эстеликтери» китеби Кубат Табалдыев тарабынан жазылган. Кошумча маалыматты http://www.ucentralasia.org дареги боюнча алсаңыздар болот. Буюртмаларды төмөндөгү электрондук почтанын дарегине жайгаштырсаңыздар болот: publications@ucentralasia.org.