Шамш Кассим Лакха Борбордук Азия Университетинин пландоосун жана курулушун башкарат

Date: 07 August 2014
Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы (АХӨТ) жана Борбордук Азия Университети (БАУ) Шамш Кассим Лакха мырзаны БАУ башкармалыгынын аткаруу комитетинин Аткаруучу Төрагасы болуп дайындалганын жарыялады. Кассим Лакха мырза Аткаруучу Төрага катары БАУнун Тажикстан, Кыргыз Республикасы жана Казакстандагы кампустарынын пландоосу жана курулушу боюнча иштерин башкармакчы. 
 
Шамш Кассим-Лакха, БАУ башкармалыгынын аткаруу комитетинин Аткаруучу Төрагасы 
 
Кассим Лакха мырза БАУнун эзелки жактоочусу болуп саналат. Ал өз кезегинде Тажикстандын, Кыргыз Республикасынын, Казакстандын өкмөттөрү жана Улуу Даражалуу Ага Хан тарабынан БАУнун негизделишине алып келген эл аралык макулдашуу боюнча сүйлөшүүлөргө катышып келген. Бул аймактагы иштерине берилгендигинин далили катары, жакында Кассим Лакха мырза АХӨТ уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү болуп дайындалды.
 
Ага Хан Университетинин (АКУ) – Түштүк Азиядагы биринчи жеке менчик университетинин – Уюштуруучу-президенти катары Кассим Лакха мырза отуз жыл бою дүйнөгө таанымал окуу мекемесинин курулушун, пландоосун жана ишин башкарып келген. AKУ Улуу Даражалуу Ага Хан тарабынан негизделип, анын кампустары Пакистанда, Чыгыш Африкада жана Бириккен Падышалыкта жайгашкан.
 
Кассим Лакха мырза Пакистан өкмөтүндө ар кыл жетектөөчү кызмат орундарын ээлеп келген, алардын арасында Билим берүү министри, ошондой эле 2007-2008-жж. өткөөл мезгилдеги Өкмөттүн Илим жана технология министри болуп кызмат өтөгөн. 2001-2002-жж. Мамлекеттик министр кызматында ал Пакистандын жогорку билим берүү системасын реформалоо маселелери боюнча сунуштарды иштеп чыгуучу жумушчу тобун жетектеген. Бул өз учурунда мамлекеттин жогорку окуу жайларындагы тутумдук кайра өзгөртүүлөргө жана жогорку билим боюнча Комиссиянын түзүлүшүнө алып келген. Аталган комиссиянын курамында ал 2007-жылдан  2011-жылга чейин эмгектенген .
 
Кассим Лакха мырза Пакистандын филантропия борборунун башкармалыгынын төрагасы жана Торонто университетинин алдындагы Мунк атындагы эл аралык мамилелер мектебинин ардактуу ага өкүлү болуп саналат. Жакында эки мөөнөтүнүн удаа бүтүшү менен ал Эл аралык Бакалавриат уюмунун (IBO) башкармалыгынын курамынан чыкты. Илимий жана коомдук ишмердиги таанылып, Кассим Лакха мырза Мак Мастер Канада университетинин жана Ага Хан университетинин ардактуу даражасына ээ болду. Өзүнүн көрүнүктүү, сиңирген эмгеги үчүн Кассим-Лакха мырза Пакистан Президенти тарабынан ыйгарылган Ситар-и-имтияз жана Хилаль-и-имтияз сыйлыктарынан башка да Франция Президенти тарабынан сиңирген эмгеги үчүн ыйгарылган Улуттук төш белгинин ээси болуп саналат.
 
Дүйнөдөгү ири жана жеке өнүктүрүү системаларынын бири катары Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын бүткүл дүйнө боюнча – Чыгыш Африкадан тартып Борбордук, Түштүк жана Түштүк-Чыгыш Азия жана Европага чейинки аралыкта түптөлүп калган жана жаӊыдан өсүп келе жаткан бир топ өкүлчүлүктөрү бар. АХӨТ милдетине - саламаттыкты сактоо, билим берүү, архитектура, маданият, микрокаржылоо, айыл жергесин өнүктүрүү, табигый кырсыктарды кыскартуу, жеке ишкердүүлүктү өнүктүрүү, тарыхый шаарларды кайра жандандыруу жана айлана-чөйрөнү коргоо маселелери кирет жана бул иштерди өнүктүрүү боюнча атайын агенттиктердин тобу иш алып барат . АХӨТ агенттиктери өз программаларын бенефициарларынын диний ишенимине, тегине жана жынысына карабастан ишке ашырат.