Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри БАУнун Нарындагы кампусунун курулуш иштери менен таанышты

Date: 26 March 2015
Other languages: English | Русский язык |

“Акыркы тогуз айдын ичинде Борбордук Азия Университетинин  кампусунун курулушу дээрлик кызуу жүрүп жаткандыгына кубанычтамын.   Имараттар, эл аралык стандарттарга шайкеш материалдарды колдонуу менен, сапаттуу курулуп жатат. Келээрки жылга пландаштырылган университеттин ачылуусун чыдамсыздык менен күтөм”, - деди билим берүү жана илим министри улуу урматтуу Эльвира Сариева, 26-март 2015-ж., кампустун курулуш иштери менен таанышуу учурунда. 

Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, БАУнун Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу төрагасы Шамш Кассим-Лакха мырза (оң жакта)  Билим беруу жана илим министри Эльвира Сариеваны (сол жакта) жана Ѳкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповду (ортосунда) Нарын шаарындагы Борбордук Азия Университетинин курулушу менен тааныштырды. Билим берүү жана илим министри  Улуу урматтуу Эльвира Сариева (четки оң жакта)  маалымат каражаттарына интервью берип жатат.

“Министр Сариеванын, курулуш иштерине, бакалавриат программасы боюнча окууга биринчи студенттерди 2016-жылы кабыл ала турган БАУнун иш сапатына, бул жерге келип, күбөө болгондугун биз чоң эргүү менен кабыл алдык”, – деп өз пикирин билдирди Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы, БАУнун Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу төрагасы Шамш Кассим-Лакха мырза.

Министрди өкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыпов жана Нарын шаарынын мэри Рахат Адиев коштоп жүрдү. 

“Борбордук Азия Университети Нарындын экономикасына жана коомчулугуна оң таасирин тийгизди. Курулушта иштеген 450гө жакын жумушчулардын жарымы Нарындан болуп, алар областтын экономикасына салымдарын кошту”,  - деп билдирди Кайыпов мырза. 

“Мектеп окуучуларынын билим деңгээлин жогорулатууга багытталган, Ысык-Көлдө алдыдагы жай мезгилинде өтө турган БАУнун биринчи лагерин уюштуруу аркылуу, БАУ сунуштаган мүмкүнчүлүктөр жөнүндө кабардар болуулары үчүн, Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларын азыртадан эле тарта баштадык”,– деди Кассим-Лакха мырза.  “Лагерь Таджикистан, Кыргыз Республикасы жана Казакстандын мектептеринин 75 10-класс окуучуларынын англис тили жана математика боюча билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Лагерь окуучуларды талдоо жана критикалык ой-жүгүртүү жөндөмдөрүн жогорулатуу аркылуу эл аралык сапаттагы университеттик билим алууга даярдайт”.  

Университеттин беш жылдык бакалавриат программасы даярдоо, негизги жана милдеттүү курстарды камтып, алты адистештирүүдөн бирин тандоо мүмкүнчүлүгүн берет. Үч кампустун ар бири эки адистештирүүнү сунуштайт: Нарындагы кампус – “Компьютер илими” жана “Коммуникация жана массалык маалымат каражаттары”, Хорогдогу кампус – “Экономика” жана “Айлана чөйрө жана Жер жөнүндө илим”, ал эми Текелидеги кампус – “Бизнес жана башкаруу” жана “Инженердик-техникалык илим” боюнча. Ошону менен бирге, студенттер кошумча адистештирүү катары “Борбордук Азия жөнүндө илим”, “Өнүктүрүү жөнүндө илим” жана “Ааламдашуу жөнүндө илим” окушат. 

Билим берүү жана илим министри  Улуу урматтуу Эльвира Сариева Ѳкмөттүн Нарын областындагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманбай Кайыповдун  (ортодо) коштоосунда Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебинин  маалымат технологиялар курсунун студенттери менен баарлашууда.
 
Министр жана анын делегациясы БАУнун Нарын шаарындагы Кесиптик жана үзгүлтүксүз билим берүү мектебине дагы келди. Бул мектепте, 2006-жылдан тартып, Кыргыз Республикасынан 19 000 жана Борбордук Азия аймагынан 74 000 окуучу билим алды.