Борбордук Азия Университетинин жайкы лагери жөндөмдүү мектеп окуучуларын катышууга тартмакчы

Date: 27 March 2015
Алдыдагы жай мезгилинде Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү мектептердин 10-класс окуучуларына, Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан уюштурула турган билим жогорулатуу боюнча уникалдуу программага катышуу мүмкүнчүлүгү сунушталат. 
 
БАУнун жайкы лагери Кыргыз Республикасында, Ысык-Көлдүн жээгинде «Синегорье» пансионатында 17-июндан 7-июлга чейин өтөт. Лагер уюштурула турган көркөм жер, мектеп окуучуларын университеттерге кирүү үчүн сынактарга даярдоо аянтчасынын кызматын аткарат. Аталган иш-чараларды атайын даярдалган тажрыйбалуу эл аралык мугалим жана лагерь жетекчилеринен турган топ өткөрөт. лагерь учурунда кызматчы-окуучу санынын катнашы 1:5 болот. 
 
«Жайкы лагерь – 2016-жылы Нарындагы биздин биринчи кампусубуздун ачылышынын алдында, жогорку класстардын жөндөмдүү окуучуларын аныктоо жана аларды тартуу боюнча ар тараптуу ыкманын бир гана бөлүгү», - деп түшүндүрдү д-р Арифф Качра, БАУнун академиялык маселелер боюнча деканы. «Лагерь аркылуу, мектеп окуучуларына, БАУ болобу же башка алдыңкы дүйнөлүк же регионалдык университет болобу, жогорку окуу жайларга ийгиликтүү өтүүлөрү үчүн колдоо көрсөтүүнү үмүт кылабыз». 
 
Лагерь, мектеп окуучуларынын англис тили жана математика боюнча билимин эл аралык атаандаштыкка жарактуу деңгээлге төп жогорулатуу жана алардын дүйнөлүк деңгээлдеги билим алууга даярдыгын камсыздоого багытталган. Лагердин негизги максаты – билим деңгээлин жогорулатуу. Лагерь катышуучулары англис тилин жана математиканы Канада жана АКШнын билим берүү жаатындагы эксперттери тарабынан иштелип чыккан жана Борбордук Азия өлкөлөрүнүн мектеп окуучуларына ылайыкташтырылган программа боюнча окуйт. Англис тилин чет өлкөлүк мугалимдер окутат.
 
Андан тышкары, аларга университеттерге тапшырууну пландаштыруу жана жогорку окуу жайларына кирүү мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу үчүн зарыл маалымат жана ресурстар берилет. Алар, эксперттер тарабынан өткөрүлө турган атайын сабактарды камтыйт. Бул сабактар аркылуу катышуучулар, университеттерге кантип тапшыруу, иш кызыкчылыгына ылайык кандай окуу программасын тандоо жана университеттерге кирүү сынактарына кантип даярдануу сыяктуу суроолорго жооп ала алышат. Жайкы лагерь алкагында мектеп окуучуларынын академиялык кызыкчылык жана жөндөмдүүлүктөрүн, болочок мансап пландарын баалоо максатында профориентация өткөрүлөт. 
 
Лагерь катышуучуларына Борбордук Азия жана чет өлкөдөн келген мугалимдер менен жолугуу мүмкүнчүлүгү берилет. Лагерь аяктаган соң, ар бир катышуучу скайп программасы аркылуу Канада же АКШлык кураторго бекитилет. Ал окуучуларга эл аралык деңгээлдеги окуу жайына тапшырууга даярдануу боюнча кеңештерди берет. 
 
Катышуучулардын англис тили боюнча билимин бекитүү максатында, окуудан тышкары иш-чаралардын бардыгы англис тилинде өтөт. Мындай иш-чараларга спорттук мелдештер, дебаттар, сахна оюндары, музыка кечеси жана Ысык-Көл айланасындагы көркөм жерлер менен таанышуу максатында экскурсиялар кирет. 
 
БАУнун үч жумалык жайкы лагери, Таджикистандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын мектепетринин 10-класс окуучуларынын анлис тили жана математика боюнча билим жана жөндөмдүктөрүн жогорулатууга багытталган. 
 
Лагерге катышууга кызыккан окуучулар англис тили, математика жана логика боюнча чакан тестирлөөдөн ийгиликтүү өтүүлөрү кажет. Катышуу үчүн тестирлөө 28, 29-мартта, 4,5,11 жана 12-апрелде өтөт.
 
Катышууга заявка тапшыруу ирети, тестирлөө өтө турган күндөр жана жерлер тууралуу толук маалымат үчүн www.ucentralasia.org/summercamp сайтына кириңиз. Соңку жаңылыктарды алуу үчүн: bit.ly/ucacampform шилтемеси аркылуу катталыңыз. Түздөн-түз жайкы лагердин кызматчыларынан маалымат алуу үчүн +996 770 822 901 телефон номерине чалыңыз же СМС жөнөтүңүз.