Ысык-Көлдө БАУнун алгачкы жайкы лагери ачылды

2015-жылдын 18-июнунда Ысык-Көлдүн жээгинде Борбордук Азия Университетинин (БАУ) алгачкы жайкы лагери ачылды. 
 
Лагерге Таджикистандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын мектептеринин мыкты 76 10-класс окууучулары катышат. Аларга уникалдуу билим деңгээлин жогорулатуу тажрыйбасы сунушталып, англис тили жана математика боюнча жөндөмдөрүн өнүктөрүү мүмкүнчүлүгү менен бирге жергиликтүү жана эл аралык университеттерге тапшыруу боюнча керектүү колдоо көрсөтүлөт. Лагердин катышуучулары – жалпысынан 850 талапкердин арасынан конкурстук негизде тандалып алынган Борбордук Азия өлкөлөрүндөгү  мектептердин эң мыкты окуучулары.
 
Жайкы лагерди ачуу аземине КР билим берүү жана илим министринин орун басары Адилет Бекбоев мырза, БАУ Кеңешинин аткаруучу комитетининн аткаруучу жетекчиси Шамш Кассим-Лакха мырза, жана Тажикистан Республикасынын Кыргыз Республикасындагы Элчиси Олим Рахимов мырза катышты. 
 
«Сиздер, Кыргызстандын бермети болгон Ысык-Көлдүн жээгинде жалгыз гана  бизди чогултпастан, региондун эң мыкты мектептеринин окуучуларын дагы бириктирип жатасыздар. Борбордук Азия Университетинин аркасы менен Кыргызстан, Тажикистан жана Казакстан ортосундагы боордоштук жана достукту мындан ары дагы өркүндөтүү мүмкүн болот», - деди Бекбоев. 
 
Жайкы лагердин жетекчиси Кыргызстандык Мырза Каримов, Борбордук Азияда жана Афганистанда билим берүү тармагында 15-жылдык тажрыйба ээси. Жетекчинин орун басары Канадалык Фарра Камани, жаштар үчүн лагер уюштуруу жаатында кеңири тажрыйбалуу адис. Жайкы лагердин кызматчылар тобуна жети өлкөдөн келген, тажрыйбалуу жана жөндөмдүү 20 администратор, мугалим жана кеңешчилер кирет. Кызматчылардын санынын катышуучулар санына болгон катнашы бирге төрттү түзөт.
 
«Жайкы лагерь – БАУнун регионалдык университет катары, аны негиздеген үч өлкөнүн жөндөмдүү мектеп окуучуларын бириктирүү боюнча алгачкы демилгеси. Лагерь катышуучулары жөндөмдүү окуучулардын арасынан тандалып алынган эң мыктылары. Биринчи кампусу келээрки жылдын сентябрь айында ачыла турган, БАУда окуу иш жузундө кандай болоорун катышуучулар лагерь учурунда байкай алышат. Ошону менен бирге, бул демилге биздин университет үчүн дагы баалуу тажрыйба болот», - деди Кассим-Лакха.
 
Куттуктоо сөздөрүнөн соң, аземдин катышуучулардын назарына Кыргызстан улуттар ассамблеясынын өкүлдөрү Борбордук Азиянын үч өлкөсүнүн бай жана ар жактуу маданиятын чагылдырган ыр-десте сунуштады. Аземдин аягында коноктор лагердин кызматчылары жана катышуучулары менен жолугуп, сүйлөштү. 
 
«Буга чейин Борбордук Азия улуттарынын маданияты жана салттары тууралуу көп билбептирмин. Жайкы лагерде, мен эки кыз менен бир коттеджде турам, алардын бири Тажикистандан, эинчиси – Казакстандан. Алардан мен көп кызык нерселерди үйрөнүп жатам», -  деди Кара-Балта шаарынан келген лагердин катышуучусу Айдай Самакова. 
 
БАУнун жайкы лагери 2015-жылдын 7-июлуна чейин өтөт. Лагердин окутуу программасы сабактарды жана башка билим алуу мүмкүнчүлүктөрдү камтыган жүгүртмөгө ылайык өтөт. Катышуучулар күнүнө үч саат англис тилин, бир саат математика окушат. Мындан тышкары, катышуучуларга университеттерге тапшыруу, кесип кызыкчылыгына ылайык окуу программасын тандоо жана университеттерге тапшырууга даярдануу боюнча атайын семинарлар жана маалымат сунушталат. Спорттук иш-чаралар, сахна оюндары, дебат жана экскурсиялар лагерь катышуучуларына англис тили боюнча жөндөм жана билимдерин практикада колдонуу, башка катышуучулар менен тажрыйбаа алмашуу мүмкүнчүлүгүн берет. 
 
«БАУ – бул эл аралык стандарттарга умтулган Борбордук Азия университети. Жайкы лагерь дагы бул принцип негизинде уютурулган. Программанын түзүлүшү эл аралык алдыңкы тажрыйбаны жана Борбордук Азиянын өзгөчөлүк жана муктаждыктарын эске алуу менен иштелип чыккан. Сабак өтүү жана башка иш-чаралар Борбордук Азиялык жана эл аралык курамдан турган тажрыйбалуу кызматкерлер тобу тарабынан ишке ашырылат», - деди БАУнун академиялык маселелер боюнча деканы Арифф Качра.