Отунбаева айымдын Орто Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусуна болгон иш сапары

Date: 03 August 2015
Other languages: English | Русский язык |
2015-жылдын 22-июлунда Кыргыз Республикасынын экс президенти Роза Отунбаева айым Нарын шаарында жайгашкан Орто Азия Университетинин (ОАУ) кампусуна иш сапары менен барды. Аны Нарын облусунун вице губернатору Чынара Абдраимакунова айым жана ОАУнун курулушчулар тобу коштоп барды.

Визит учурунда Отунбаева айым Жаңы-Курулуш айылынан келген жергиликтүү куруучу Нурлан Акымбаев менен жолугушуп, курулушчылар тобуну иштеп жатканына күбө болду. Отунбаева курулуп жаткан имараттардын ичин кыдырып, иштин аткарылыш абалын жана курулуштун сапатын сын көз менен карап чыкты. Ал студенттерге курулган эки кишилик жатаканаларды, факультетке тиешелүү батирлерди жана класстык бөлмөлөрдү көрүп чыкты.

Өз тажрыйбасынын негизинде, студент кезинде Москва шаарында башка студенттер менен чогуу бир бөлмөдө жаткандыгын эске алып, Отунбаева жатаканада студенттерге окуу үчүн өзгөчө обочолонгон жай керектиги маанилүү экендигин айтып кетти. Факультеттин жайгашкан жерине суктанса да, ал ОАУнун факультеттеги кызматкерлери жергиликтүү коомчулуктан алыс болбой,  Нарын шаарында жашоосун кубаттагындыгын билдирди.

Отунбаева өлкөдө башка имараттарга, анын ичинен борбор калаабыз Бишкектеги жаңы университеттерге да салыштырмалуу, бул жердеги класстык бөлмөлөр өзгөчө заманбап курулгандыгын белгиледи; “Менин оюмча, салынып жаткан башка университеттерге салыштырмалуу, бул университет эң заманбап болоруна ишенем”.

Нарын шаарында салынып жаткан имараттардын курулушун жана курулуш иштерин башкарып жаткан адамдардын 90 пайызын Орто Азиядагы инженерлер, куруучу адистер жана жумушчулар түзөт. ОАУну куруу боюнча жакшы айлык акысы бар жумуштар сунушталат жана курулушка катышкан бардык жумушчуларга эл аралык стандарттагы сак-саламаттыкты камсыздайт, Анын менен бирге  жергиликтүү саламаттыкты жана коопсуздукту сактоону жөнгө салуучу команда ага мониторинг өткөрүп турат.

Нарын кампусунун курулушунун 1-фазасы, же Орто Азияда салынуучу үч ОАУ кампусунун биринчиси, графиктен калбай курулууда. Кампус ОАУнун биринчи студенттерине өз эшигин 2016-жылдын сентябрь айында ачат.