Премьер-министр Сариев Борбордук Азия Университетинин Нарындагы кампусунда болду

Date: 14 August 2015
Other languages: English | Русский язык |

2015-жылдын 14-августунда Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Темир Сариев Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Нарын шаарындагы кампусунда болду. Кампустагы курулуш иштери менен таанышуу учурунда аны БАУнун генералдык мүдүрү Богдан Кравченко коштоду. 

БАУнун генералдык мүдүрү (сол жакта) премьер-министр Сариевге (оң жактан биринчи) БАУнун этаптык курулуш планы тууралуу айтып берүүдө.
 
Премьер-министр БАУнун Нарын шаарынын эле эмес, жалпы өлкөнүн стратегиялык өнүгүүсү үчүн мааниси жогору экендигин белгиледи.
 
«БАУ – кылдаттык менен иштелип чыккан жана студенттердин билим алуусу жана алардын келечекте Кыргызстанда эле эмес, дуйнө жүзү боюнча талап кылынган атаандатыкка жөндөмдүү адис болуусу үчүн шарттарды сунуштайт. Сиздердин социалдык өнүктүрүүгө кошкон салымыңар маанилүү. Студент чөнтөк эмес, билим категориясы менен ой жүгүртүп баштаганы жакшы», – деди премьер-министр. 
 
БАУ уникалдуу өнөктөштүк алкагында, Кыргызстан, Тажикистан жана Казакстан президенттери жана Улуу урматтуу Ага Хан тарабынан кол коюлган эл аралык келишим жана устав негизинде түзүлгөн. 
 
Кампустун короосунда Кравченко өткөргөн кыска презентациядан кийин, премьер-министр жылуу пол орнотулуп жаткан окуу корпусунун курулуш иштеринин жүрүшү жана сапаты менен таанышты. Ошондой эле, профессордук-окутуучулук курамдын мүчөлөрү үчүн курулган турак-жайды көрдү.
 
Премьер-министр Сариев (сол жакта) жана БАУнун генералдык мүдүрү Кравченко Нарындагы БАУнун кампусунун окуу корпусунун ичинде жүрүп жаткан иштер  менен таанышууда.
 
«БАУ – бул чечкиндүү демилге. Биз экинчи даражадагы шаарда эл аралык деңгээлдеги университет куруп жатабыз, мындай иш чара башка шаарлар үчүн өзгөрүүнүн айкын мисалы болот. Мектеп окуучуларын даярдоо окуу программасын иштеп чыгуу, профессордук-окутуучулук курамды түзүү жана кампус курууга көп күч жана стратегиялык инвестиция арнадык, – деди Кравченко, –Биз бүтүрүүчүлөрүбүздүн 100 пайызы ишке орношкондо же алдыңкы университеттерде окууларын улантканда гана ийгиликке жетебиз».
 
Нарындагы кампус 2016-жылдын сентябрь айында ачылат. Алгачкы 60 студент негиздөөчү-өлкөлөрдөн кабыл алынат. Жөндөмдүү окуучулар үчүн БАУда окуу жетимдүү болуусу үчүн аларга стипендиалык программа, грант, насыя сыяктуу финансылык жардам жана окуу менен ишти айкалыштыруу программаларына катышуу мүмкүнчүлүгү  берилет. Азыркы учурда дүйнө жүзү жана регион боюнча жогорку квалификацияга ээ адистерден профессордук-окутуучулук курам түзүлүүдө, жана жергиликтүү жана регионалдык экономикалык өзгөчөлүктөрдү эсепке алган окуу программасы иштелип чыгууда. 
 
Премьер-министр Сариев (сол жактан үчүнчү)  БАУнун генералдык мүдүрү Богдан Кравченко БАУнун мазмундуу күн тартиби туралуу баянын угууда.
 
Жергиликтүү коомчулукка үзгүлтүксүз колдоо көрсөтүү алкагында, БАУ мүчө болгон Ага Хан өнүктүрүү тармагы Нарын шаарынын инфраструктурасына стратегиялык инвестициялар жаатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен тыгыз иш алып барууда. Бул инвестициялар Нарын шаарын университеттик шаарга айлантуу мүмкүнчүлүгүн берип, университеттик мейманкана, кошумча турак-жай объекттерин, мектепке чейинки тарбия берүү борборун, үй-бүлөөлүк медицина жана диагностикалык борбор курууну камтыйт.