Борбордук Азия Университети Маданий мурастарды сактоо боюнча жаӊы китептердин бет ачарын өткөрдү

Date: 18 September 2015
Other languages: English | Русский язык |
Борбордук Азия Университети (БАУ) Бишкекте Маданий мурастарды сактоо боюнча үч жаӊы китептин бет ачарын өткөрдү.
 
“Борбордук Азияда жашаган элдердин бай маданиятын жана каада-салттарын келечек муундар үчүн баалуу мурас катары сактоого көмөк көрсөтүү БАУнун миссиясынын негизги максаттарынын бири болуп саналат” - дейт БАУнун башкы директору Богдан Кравченко.
 
 
Этнограф, д-р Көчүмкулованын калемине таандык Тирүүнүн көркү сый болот, өлгөндүн көркү ый болот: элдик кошоктор жана кошокчулар деген аталыштагы китеп маркумга карата айтылган кошоктордун бай мазмуну жана кошок кошуу салтынын коомдук маданий турмушта колдонулушу жөнүндө кеӊири баяндайт. Кыргыз эл оозеки чыгармачылыгынын эӊ байыркы жана кеӊири тараган үлгүсү, негизинен аялдар тарабынын айтылган кошоктор акыркы мезгилдерде исламдашуу, шаарлардын чоӊоюшу жана ааламдашуу жараяндарына туруштук бере албай, унутулуп баратат. Бул китепте эл арасынан чыккан кошокчулардын аткаруусундагы отуздан ашуун кошоктун үлгүлөрү жана маркумдун кыркын жана жылдык ашын берүү салтынын урунттуу учурларын камтыган этнографиялык видео-тасмалар дискке тиркелип берилген.
 
Элмира Көчүмкулова жана Маматкерим Көчүмкуловдор биргеликте жазышкан Советтик Өзбекстандын кыргыз чабандары: тарыхый-этнографиялык баян аттуу китеп 1941-жылдан 1995-жылдар аралыгында Советтик Өзбекстанда эмгектенген кыргыз чабандарынын турмуштук жана маданий бай тажрыйбасы, советтик түзүлүш, кыргыз чабандары менен өзбек дыйкандарынын өз ара мамилеси жана кыргыз аялдарынын үй-бүлөдөгү жана коомдогу ролу тууралуу кызыктуу маданий-этнографиялык маалыматтарды камтыйт. Мындан тышкары 1970-жылдары Көчүмкулов Маматкерим тарткан Ыспы жайлоосунда жашаган кыргыз чабандарынын сүрөттөрү жана китептин каармандарынын бири 78 жаштагы Куму эненин 2009-жылы ошол жайлоого болгон акыркы сапары тартылган этнографиялык видео-тасма тиркелген.
 
Маркумдар шаарлары: Кыргызстандагы көрүстөндөр -- фото-сүрөттөрдүн автору Маргарет Мортон, тексттерин жазгандар профессор Нассер Раббат, Элмира Көчүмкулова жана Алтын Капалова. Бул Борбордук Азиядагы мусулман көрүстөндөрүндөгү ислам архитектуралык формалары менен кыргыз көчмөн турмуш жана советтик маданий символдордун айкалышын чагылдырган алгачкы даректүү эмгек болуп саналат. Ошону менен бирге, бул чөлкөмдүн маданиятынын бай жана көп түрдүүлүгүнөн кабар берет.
 
 
БАУнун Маданий мурастар боюнча китептер сериясы жергиликтүү жана эл аралык илимпоздордун бул аймактын маданий мурастарын сактоого, изилдөөгө жана жайылтууга арналган баалуу эмгектерин басып чыгаруу менен бирге, жаӊы илимий изилдөөлөрдү жүргүзүүгө үндөйт. Бул китептер дүйнө жүзүндөгү био-маданий түрдүүлүктү сактоо миссиясын аркалаган Кристенсен Фондунун каржылык колдоосу менен чыкты.
 
“Бул китептер - кыргыз маданий мурастарын, айрыкча унутулуп бараткан каада-салттарды сактоо жана изилдөөнү көздөгөн илимпоздор, фото-сүрөтчүлөр жана салтты карманган карапайым инсандардын өз ара кызматташуусунун жемиши болуп саналат,” дейт БАУнун Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер бөлүмүнүн башчысы, бул китептерге чоӊ салым кошкон Элмира Көчүмкулова.
 
Бул иш-чарада китептерге кирген фото-сүрөттөр көргөзмөгө коюлуп, “Чабандар / Кошоктор” жана “Жайлоодогу үч муун” деген даректүү, этнографиялык фильмдер көрсөтүлдү.