Нарындагы Борбор Азия университетинин курулушуна 85 млн АКШ доллары жумшалган - КАБАР

Date: 30 September 2015
Other languages: English |
Эл аралык Ага Хан өнүктүрүү тармагы тарабынан каржыланып, учурда курулушу кызуу жүрүп жаткан Нарын шаарындагы Борбор Азия университетине жалпысынан 85 млн АКШ доллары жумшалган. 2016-жылы сентябрдан тартып студенттерди кабыл ала турган аталган окуу жайдын негизги кампусунун имараты тургузулуп, азыр ички жумуштары жүрүп жатат. Бул тууралуу аталган эл аралык мекеменин Бишкектеги өнүктүрүү тармагы тарабынан 8-сентябрда Нарын шаарына журналисттер үчүн уюштурулган пресс-турда айтылды.
 
Ага Хан өнүктүрүү тармагы тарабынан Борбор Азия университетинин курулушу Казакстандын Текели жана Тажикстандын Хорог шаарларында да жүргүзүлүүдө. Окуу жайдын Нарын шаарында компьютердик илим, коммуникация жана массалык маалымат каражаттары, чыгыш адистиги – “Өнүгүү тууралуу илим”, Текелиде инженердик-техникалык илимдер, бизнес жана башкаруу, чыгыш адистиги – “глобализация тууралуу илим” жана Хорогдо экономика, жер жана айлана-чөйрө тууралуу илим, чыгыш адистиги – “Борбор Азия тууралуу илим” адистиктери жайгашмакчы.
 
Азыркы кезде Борбор Азия университетинин Нарын шаарындагы имаратынын курулушунда 300гө жакын жергиликтүү адамдар иштеп жатышат. Окуу жайдын ачылышы аймактын жумушсуздук маселесин жеңилдетип, социалдык көйгөйлөрүн жоюуга көмөк көрсөтүп, экономикалык жактан өнүгүүгө шарт түзүлмөкчү.
 
Эмилбек Момунов
Кабар