Аймактардын өнүгүшү – өлкөнүн өнүгүшү - Кыргыз Туусу

Date: 30 September 2015
Other languages: English |
Узак убакыттан бери Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы тарабынан Кыргызстанда бир катар маанилүү иштер жасалып, аймактардын экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүшүнө барандуу жардамдар берилип келет. Айрыкча аталган уюм жакшы турмушка жетиши үчүн керектүү болгон маалыматтарды жана тажрыйбаларды айыл элине акысыз үйрөтүү менен алардын андан аркы ишмердүүлүгүнө каржылык жактан көмөк көрсөтүшөт. Андан тышкары, билим берүү тармагына да өзгөчө көӊүл бурулуп, Ош жана Нарын шаарларында көп иштер аткарылууда...
 
Ага Хан мектеби – сапаттуу билимдин бешиги
Ош шаарындагы 5-11-класстарга ылайыкташтырылган Ага Хан мектебинде, өспүрүмдөргө заманбап-инновациялык окуу куралдар менен сапаттуу билим берилет. Сабактар КРнын билим берүү министрлиги бекиткен программанын негизинде өтүлүп, андан тышкары кошумча сабактар дагы каралган. Тагыраак айтканда, мектепте жалпысынан жыйырма бир класс болсо, алардагы окуган окуучулар жөндөмүнө жараша үч топко бөлүнөт. Алсак, “А” классындагыларга орус тилинде сабактар өтүлсө, “В” классындагылар англис жана немис тилинде окушат. Бирок, немис тилине көбүрөөк басым жасалат. Ал эми “С” классындагылар англис тилин тереӊдетип окушат. Мектеп директору Осмоналиев Мирландын айтымында, аталган окуу мекемесинде азыр 543 окуучу билим алат. Алар жыл сайын отуз сегиз миӊ сомдун тегерегинде акча төлөшөт. Албетте, окуучулардын жарымы акы төлөөдө ар кандай жеӊилдиктерди алышкан. Маселен, эӊ жакшы окугандар жылдык акынын 50%ын гана төлөсө, кээ бир окуучулар үй-бүлөлүк абалына жараша 25%дан 100%га чейин бекер окуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Мындан тышкары, атайын сынактын негизинде кабыл алынган Ош облусундагы жети райондон келген бирден окуучу мектептен 100% бекер окуп, жатакана менен да камсыздалган.Акчанын көлөмүнө жараша окуучулардын жакшы билим алуусу үчүн зарыл болгон бардык шарттар түзүлгөн десек да болот. Кыскартып айтканда, заманбап класстар баалуу китептерге бай китепкана, тамагы тамшандырган ашкана жана билими күчтүү, тажрыйбасы мол мугалимдердин жардамы менен мыкты балдардын тарбияланып чыгышы үчүн мектепте дайым тынымсыз кам көрүлөт.
 
Балдар мектепке алгач тестирлөө жана маектешүү ыкмасы менен кабыл алынып, бир жумада беш күн, таӊкы саат сегизден, түшкү саат төрткө чейин сабакта болушат. Окуучулар бош убактыларын жакшы жакка сарпташы үчүн ар кандай предметтик жана маданий-спорттук ийримдер иш алып барат. Мугалимдерди тандоого да тыкыр көзөмөл жасалып, агартуучулардын билимине жана тажрыйбасына көп көӊүл бурулат. Жыл сайын жаӊы келишим түзүлүп, окуучулардын пикири да мугалим тандоодо башкы ролду ойнойт. Дагы бир маанилүү жагдай, Ага Хан мектеби эл аралык ар түрдүү билим берүү мекемелери менен тыгыз иштешип, түрдүү долбоорлорго катышып турушат. Жыл сайын мектеп бүтүрүүчүлөрүнүн көпчүлүгү чет өлкөдөгү атактуу жогорку окуу жайларына тапшырып жатышы, мунун ачык мисалы. Ал тургай мугалимдер да жыл сайын билимин өркүндөтүү максатында ар кандай окуу курстарынан өтүп, чет өлкөлөргө тажрыйба алмашуу максатында жөнөтүлөт.
 
Окуучулар да мектептеги шартка жана берилген билим-тарбияга абдан ыраазы. Алсак, 11-класстын окуучусу Жамал Чекирбаева өзү окуган Ага Хан мектеби тууралуу мындай дейт: “Мен бешинчи класстан баштап окуп келе жатам. Мектептин архитектурасы жана ички жасалгасы көз жоосун алат. Айрыкча, сабактар заманбап техникалар менен өтүлүп, менин билимге болгон кызыгуумду арттырууда. Буйруса быйыл мектепти бүтүрсөм Казакстандагы Америка Университетин гранттык негизде окуюн деп жатам. Себеби, ал жакта окуш үчүн керектүү билимди жана тажрыйбаны ушул мектептен толук кандуу ала алдым десем болот”.
 
Ал эми 9-класстын окуучусу Элназар Турганов да ушул мектепте окуйт. Келечекте архитектор болуунун самаган бул окуучу, ушул мектепти тандап алышынын себебин төмөндөгүчө түшүндүрдү: “Мен мугалимдердин билимине жана күйүмдүү мамилесине карап Ага Хан Мектебин тандап алгам. Башкалардан айырмаланып, балдардын эркин ой-жүгүртүүсүнө жана пикирин ачык айта билүүсүнө бул жерде көп жардам берилет. Бош убактыбызды да бошко коротпостон ар кандай ийримдерге катышып, жакшы тарбия алууга жетишип жатабыз”.
 
Нарын билим-илим очогуна айланат
Нарын шаары дотацияда турган аймактардын бири. Бирок акыркы мезгилдери бир топ жакшы иштер жасалып, келечекте жалпы Азиядагы атактуу шаарга айланаары күтүлүүдө. Тагыраак айтканда, Борбордук Азия Университетинин Нарындагы кампусу эмдиги жылы ишке кирип, алгачкы абитуриенттерин кабыл алганы турат. Эл аралык деӊгээлдеги аталган окуу жай 2013-жылдан бери, Ага Хан Өнүктүрүү Тармагынын билим берүү багытындагы атайын долбоору боюнча курулууда. Белгилей кетсек, ушундай эле окуу кампустары Казакстандын Текели жана Тажикстандын Хорог деген шаарларында жакынкы жылдары ачылат. Нарындагы кампуста болсо компьютердик илимдер, коммуникация, журналистика жана илимий изилдөө багыттары боюнча бакалавриат системасында билим берилет. 
 
Инновациялык технологиялар аркылуу, акыркы үлгүдөгү курулуш каражаттары менен салынып жаткан кампустун курулушу бир нече фазадан турат, ал эми кампустун биринчи фазасына жалпысынан 85 млн. АКШ доллары жумшалары айтылууда. Курулушту тендерди утуп алган Кыргызстан, Казакстан, Орусия жана Европалык он төрт компания тарабынан жүргүзүлүп жатат. 
 
Борбордук Азия Университетинин байланыш боюнча кызматкери Чыӊгыз Усубалиевдин билдиришинче окуу жай дүйнөлүк деӊгээлдеги заманбап шарттары менен курулат. Жарык окуу залдары, төбөсү бийик көп тармактуу китепкана, тажрыйбалык лабораториялар, студенттер жана мугалимдер бош убактысында эс ала турган жайлар, ашкана-кафетерийлер жана башка билим алууга ылайыкташкан бөлмөлөр долбоордо толук камтылган. Андан тышкары, окуу корпусуна катарлаш мугалимдерге бир-эки бөлмөлүү отуз бир батир жана студенттер үчүн дагы жатаканалар салынууда. 
 
Кызыл-Тоо жана Ала-Мышык тоолорунун ортосунда жайгаша турган университетке, Нарын суусунун жээгинен 251 гектар жер бөлүнүп берилген. Учурда иштин 55%ы аткарылып, негизги имараттары бүткөрүлдү. Курулушта азыр 250дөн ашык жумушчу иштесе, алардын жарымынан көбү облустун жергиликтүү тургундары болуп саналат.
 
Кошумчалай кетсек, Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы 2001-жылдан бери Кыргызстан менен кызматташып келет. Жогорудагы окуу мекемелеринен тышкары Нарын шаарында Профессионалдык жана Үзгүлтүксүз Билим Берүү Мектеби да бар. Азыркыга чейин жыйырма миӊге чукул жараан аталган мектептин угуучусу катары кошумча билим алып чыккан. 
 
Ал эми Ага Хан Фонду тарабынан өлкөбүздөгү 131 бала бакча оӊдоп түзөөдөн өткөрүлүп, анда тарбияланган он миӊден ашык бөбөктөргө кубаныч тартууланган. 
 
Айыл чарба тармагы боюнча да бир катар долбоорлор аткарылды. Алсак, күнөскана иштетүүнү үйрөтүү үчүн тургундарга алгач тренинг сабактар өтүлүп, андан соӊ долбоор жазып утуп алгандарга жылдык үстөк тогуз пайызы менен акчалай жардам көрсөтүлгөн. Алардын арасында Калыйкул Исраилов аттуу чарбакер да бар. Ал азыр эки күнөскана иштетип, биринде жашылча-жемиш, экинчисинде роза гүлүн өстүрүп үй-бүлөсүн багат. Анын айтымында Ага Хан Фондунун жардамы айыл элин бир топ ирдентип жатат. 
 
Сөздү жыйынтыктай турган болсок, Ага Хан Өнүктүрүү Тармагы тарабынан жасалып жаткан иштер Кыргызстандын келечеги үчүн өтө маанилүү. Билимди өркүндөтүү, айыл-чарбасын жакшыртуу менен өлкөбүздү өнүктүрө аларыбызга шек жок.
 
Жайыл РУСЛАНОВ,