OPIC БАУга Хорог, Тажикстан шаарында экинчи кампус курууга узак мөөнөттүү жардам көрсөтөт

Date: 29 October 2015
Борбордук Азия Университети (БАУ) Тажикистанда кампус куруу боюнча кызуу иш алып барууда. Кампустун курулушунун аяктоосу 2017-жылга пландаштырылган. Капиталдык салымдардын жалпы суммасы 94,4 млн. долларды түзмөкчү. 
 
АКШ Өкмөтүнүн астындагы финансылык корпорация – Чет өлкөлүк жеке менчик инвестициялар корпорациясы (Overseas Private Investment Corporation, OPIC), Ага Хан Фондунун 7,5 млн. доллар салымын камтыган Ага Хан өнүктүрүү тармагы (AKDN) тарабынан бөлүнгөн 64,4 млн. долларга кошумча 30 млн. доллар өлчөмүндөгү каражатты БАУнун Хорог шаарындагы кампусунун курулушунун биринчи ирээтин жүргүзүүгө колдоо катары бөлүп берди.  AKDN менен кызматташуу алкагында, бул OPIC тарабынан көрсөтүлгөн экинчи кол кабыш болду, биринчиси – OPIC Пакистандын Карачи шаарындагы Ага Хан Университетинин бейтапканасын кеңейтүү боюнча иш-чараны каржылаган.  
 
Борбордук Азия Университетинин Тажикстандын Хорог шаарындагы кампусунун генералдык планы.
 
«OPIC салымы финансылык жактан абдан маанилүү, ошол эле учурда ал БАУнун максаттарына, курулуп жаткан объекттердин жана академиялык программалардын сапатына болгон ишенимдин далили. Бул, албетте, болочок өнөктөштөр үчүн түрткү болот. Биз негиздөөчү өлкөлөрдүн өнүгүүсүнө бирдей салым кошуу максатында имараттары окшош, бир стандартка ылайык бирдей өлчөмдөгү үч кампус куруп жатабыз. Биз негизги интеллектуалдык кыймылдаткычка айланып, региондогу башка жогорку окуу жайлар үчүн өрнөк болууга умтулабыз», - деп билдирди БАУ Кеңешинин аткаруучу комитетинин аткаруучу жетекчиси жана AKDNдин Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн башчысы Шамш Кассим-Лакха.
 
Абадан көрүнүш: БАУнун кампусунун биринчи ирээт курулуш иштеринин алкагында 2015-жылдын июнь айында жер үстүндөгү бөлүгүн куруу боюнча жумуштар башталгандан бери имараттар өз келбетине келе баштады.
 
БАУ толук кандуу ишке киришкенде Тажикстанда, Кыргыз Республикасында жана Казакстанда кампустары болот. OPIC корпорациясынын инвестициясы, 2016-жылдын сентябрь айында ачыла турган (Кыргыз Республикасынын) Нарын шаарындагы кампусун куруудагы БАУнун ийгиликтерин толкутайт. Ал кампустун куруулуусу AKDN тарабынан каржыланууда. Ал эми Хорог шаарындагы кампус 2017-жылдын сентябрь айында ачылат, андан соң үчүнчү кампус 2019-жылы (Казакстандын) Текели шаарында ачылуусу пландаштырылууда.  
 
Хорог шаарындагы БАУнун окуу корпусунун курулушунун учурдагы абалы (октябрь 2015-ж.)
 
Учурда БАУнун бакалавриат программасына студенттерди тартуу боюнча иш-чаралар жүргүзүлүүдө. Бакалавриат программасы алкагында алгачкы төрт багыт сунушталат, алар: «Жер жана айлана чөйрө жөнүндө илимдер», «Экономика» (Хорог ш.), «Компьютердик илим», «Коммуникациялар жана ММК» (Нарын ш.). Текели шаарында кампус ачылганда «Инженердик-техникалык» жана «Бизнес жана башкаруу» багыттарында дагы адистештирүү сунушталат. 
 
Хорог шаарындагы БАУнун жатаканаларынын курулушунун учурдагы абалы (октябрь 2015-ж.)
 
«Жогорку сапаттагы жергиликтүү жогорку билим – бул Борбордук Азиянын улуттарынын ортоңку катмары үчүн маанилүү пайдубал. Борбордук Азия Университетинин региондогу иш-аракеттери ар кыл жөндөмдүү окуучуларды тез өзгөрүп жаткан жумуш рыногуна шек санабастан кирүү үчүн керектүү билим менен камсыз кылууда көмөк көрсөтөт. OPIC БАУнун узак мөөнөттүү таасир тийгизе турган иш-аракеттерин колдогондугу менен сыймыктанат», - деп билдирди OPICтин президенти жана башкы аткаруучу мүдүрү Элизабет Литлфилд. 
 
Азыркы учурда Хорог шаарындагы кампустун курулушу, деңиз деңгээлинен 2 200 метр бийиктикте жайгашкан аянтта толук кандуу жүргүзүлүүдө. Ашкана жана медициналык пунктту камтыган курулуш ишчилери үчүн административдик-тиричилик имараттарынын курулушу үстүбүздөгү жылдын июль айында аяктады. Курулуш аянтында масштабдуу даярдык иштери менен бирге, кампустун курулушунун биринчи ирээти (китепкана, аудиториялар, компьютердик лаборатория, фойе, окутуучу-профессордук курамдын кабылдамасы, кеңселери жана турак-жайларынан турган) аянты 15 000 м2 үч кабаттуу  окуу корпусун, студенттердин жатаканасын, лабораторияны, маданий-көңүл ачуу корпусун жана эл аралык стандарттарга шайкеш спорттук курулмаларды камтыйт. 
 
«Университеттин кампустары алыскы шаарларда жайгашкандыгынын стратегиясы – алар аярлуу тоолук коомчулуктарды жогорку билим берүү аркылуу өнүктүрүү, жергиликтүү ишканалар менен бирге аракеттенип, инновацияларды жаратуу жана аярлуу коомчулуктар менен өнүккөн регионалдык борборлор ортосунда көпүрө кызматын аткаруу болуп саналат, - деди БАУнун финансы боюнча мүдүрү Рахим Сомани, - Хорог шаарында кампустун курулушунун биринчи ирээти 25 жыл ичинде Тажикистан экономикасына көрсөтө тургантаасири 275 млн. долларды тузөт, анын ичине курулуш учурунда ачыла турган 300гө жакын жаңы жумуш орундары, жана университеттин толук кандуу ишке киришүүсү менен ачыла турган 100 туруктуу жумуш орундары кирет». 
 
2006-жылы БАУнун курамында алгачкы иштеп баштаган Профессионалдык жана үзгүлтүксүз билим берүү мектеби (ПҮБМ) ачылган. Мектепте ачылган күндөн тартып 80 000 адам окуду, анын жарымы Тажикстандан. Тажикстандын борбор шаары Душанбеде ПҮБМ окуу борбору жаштар жана чоңдор үчүн курстарды жана окуу программаларын, ошону менен бирге жогорку окуу жайларынын мугалимдери үчүн квалификация жогорулатуу программаларын дагы сунутштайт. 
 
Душанбе шаарында жайшгашкан Ага Хан «Адам таануу» долбоорунун алкагында БАУ гуманитардык илимдер боюнча инновациялык окуу программаларын жана мугалимдердин квалификациясын жогорулатуу программаларын сунуштайт. Азыркы учурда Ага Хан «Адам таануу» долбоорунун курстары 600 мугалим тарабынан 74 окуу жайында окутулат, ал эми Борбордук Азия боюнча окуучулардын саны 13 000 адамды түзөт. 
 
БАУнун курамында үч илимий-изилдөө институту иш алып барат. Тоолук коомчулуктарды изилдөө институтунун иши Борбордук Азиянын тоолуу аймактарындагы жана коомчулуктарындагы көйгөйлөрдү чечүүгө жана мүмкүнчүлүктөрдү кеңейтүүгө багытталган. Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту социалдык-экономикалык өнүгүү боюнча мамлекеттик саясат изилдөөлөрүнө колдоо көрсөтөт. Маданий мурастар жана гуманитардык илимдер боюнча бөлүм БАУнун бул аймакта жашаган улуттарга өз маданий мурастарын жана каада-салттарын сактоого жана өркүндөтүүгө колдоо көрсөтүү деген миссиясынын алкагында илимий-изилдөөлөрдү жүргүзөт.   
 
БАУ 1992-жылдан тартып экономикалык жактан жандуу, саясий абалы туруктуу, күчтүү интеллектуалдык потенциалга ээ жана маданий жактан ар тараптуу Борбордук Азиянын жыргалы үчүн иштеген AKDNдин түзүмүнө кирет.
 

 
Борбордук Азия Университети
Борбордук Азия Университети (БАУ) 2000-жылы негизделген. Бул менчик университетти негиздөө тууралуу эл аралык келишимге жана анын уставына Тажикистандын, Кыргыз Республикасынын жана Казакстандын Президенттери жана Улуу Урматтуу Ага Хан кол коюшкан. Негиздөө тууралуу документтер тиешелүү мамлекеттердин парламенттери тарабынан ратификацияланып, Бириккен Улуттар Уюмунда катталган. БАУ Борбордук Азияда эл аралык деңгээлдеги жогорку билим сунуштоо жана региондогу өлкөлөрдүн экономикаларына жана коомчулугуна салым кошо турган лидерлик сапатка ээ, жаңы идея жана инновация сунуштаган адистерди даярдоо максатында негизделген. БАУнун катарында Борбордук Азияда Ага Хандын өнүгүү боюнча уюмунун башка агенттиктери дагы өз иштерин алып барат. БАУ жөнүндө кошумча маалымат үчүн: www.ucentralasia.org.
 
Ага Хан өнүктүрүү тармагы (AKDN)
AKDN - Борбордук жана Батыш Африкадагы, Борбордук жана Түштүк Азиядагы, Жакынкы Чыгыштагы коомдоштуктардын, алардын жашоо-турмуш деңгээлин жакшыртуу жаатындагы мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүү максатында өнүгүү боюнча иш алып барган жеке, конфессионалдык эмес агенттиктердин тобу болуп эсептелет. Бул тармактын он өнүгүү агенттигинин ишмердүүлүгү - жынысына, тегине, динине, улутуна карабастан, бардык жарандар үчүн экономикалык, социалдык жана маданий өнүгүү маселелерине арналган. AKDNдин негизги ситмулу – социалдык аярлуу катмарларга карата ырайымдуулук этикасы. AKDN жөнүндө кошумча маалымат үчүн: www.akdn.org
 
Ага Хан Фонду, АКШ
Ага Хан Фонду – бул жеке менчик, коммерциялык эмес эл аралык өнүктүрүү агенттиги. Анын максаты – дүйнөнүн эң жарды аймактарында жакырчылыктыы жоюу болуп эсептелет. Фонд коомдоштуктар, коммерциялык эмес уюмдар, ишканалар, өкмөттөр жана коомдун лидерлери менен менен өнөктөштүк түзүп, Африка жана Азиянын элдеринин жашоо шарттарын жакшыруу максатында узак мөөнөттүү инвестицияларды салат, мекемелерди уюштурат жана жарандык коомду жандандырат. Жалпы адамгерчилик принцибинин негизинде, жынысына, улутуна жана динине карабастан коомдоштуктарга  кең келечек курууга жардам берет. Ага Хан Фонду, АКШ тууралуу кошумча маалымат үчүн: www.akfusa.org
 
Чет өлкөлүк жеке менчик инвестициялар корпорациясы (OPIC)
OPIC – АКШ Өкмөтүнүн астындагы өнүктүрүү багытында иш алып барган финансы корпорациясы. Ал өнүгүү менен байланыштуу олуттуу көйгөйлөрдү чечүү үчүн жеке менчик капиталды мобилизациялайт, АКШнын тышкы саясатын жана улуттук коопсуздук приоритеттерин колдойт. OPIC АКШнын жеке сектору менен иштегендиктен, өнүгүп келе жаткан рыноктордогу атаандаштыкта америкалык компанияларга колдоо көрсөтөт, аларга кирешелерин жана жумуш орундарын көбөйтүүгө көмөктөшөт. OPIC өз миссиясын башка булактардан коммерциялык каржылоо алуу мүмкүн эмес болгон учурларда инвесторлорду финансы каражаттары менен камсыз кылуу, саясий тобокелдерден камсыздандыруу аркылуу аткарат.  OPIC 1971-жылы АКШ Өкмөтүнүн тузүмүндөгү көзкарандысыз орган катары негизделген. Ал өз ишмердүүлүгүн салык төлөөчүлөрдүн финансы каражаттарын колдонбостон, өз каражаттарынын негизинде гана алып барат. OPICтин бардык долбоорлору айлана-чөйрөнү колдоо, жумушчу жана адам укуктураны коргоо боюнча эл аралык нормаларга шайкеш келет. OPIC бийик стандарттарды карманып, долбоорлору ишке ашырылган өлкөлөрдүн тармактарынын өсүүсүнө жана стандарттарынын жогорулашына көмөктөшөт. OPICтин кызматтары 160тан ашык өлкөдө жаңы ачылган жана өнүгүп жаткан коммерциялык ишканалар үчүн жеткиликтүү. https://www.opic.gov/