КАБЫЛ АЛУУНУН ШАРТТАРЫ

Бакалавриат программасына кабыл алуу

Өтүнүч арыз менен кайрылууну бүгүн баштаңыз


ЖЕ


Окуучуларды 2019-жылдын 1- мартында, саат 11:59 чейин тапшырууга чакырабыз

Борбордук Азия Университетинде билим алуу жөнүндө кыскача маалыматтар Проспектти жүктөп алыңыз (2019-2020)

Проспектти жүктөп алыңыз (2019-2020)
Англис тилинде
Орус тилинде

Буклетти жүктөп алыңыз (2017-2018) Орусча
Казакча
Кыргызча
Тажикче

Илим жана билим мектеби

БАУ - Борбор Азиядагы эң жаш жана жаңычыл мүнөздөгү университет болуп саналат. Биз лидерлерди издеп жатабыз. Биз окуу предметтеринен мыктылыкты көрсөткөн, класстын ичинде жана сыртындагы окууга кызыккан студенттерди издейбиз. Биз сиздин ким экениңизге, жана дүйнөнү жакшырта турган мүмкүнчүлүктөрүңүзгө кызыкдарбыз.

Эмне үчүн БАУну тандоо керек?

  • Бакалавриат окуу программасы Борбордук Азиянын контекстине жараша эл аралык жогорку окуу жайлары менен чогуу иштелип чыккан;
  • Эл аралык стандарттарды, ошондой эле, Борбордук Азиядагы таланттарды колдоо боюнча милдеттенмелер бар;
  • Заманбап жана эң алдыңкы деңгээлдеги жайлар жана жабдуулар, турак-жай кампустары;
  • Жогорку сапаттуу деңгээлдеги англис тилиндеги билим;
  • Гуманитардык предметтердин, илимдердин жана технологиянын кайталангыс айкалышы аркылуу колдонмо мүнөздөгү окутуу;
  • Жамааттык долбоорлордо жана ишканаларда акы төлөнүүчү стажировка аркылуу окутуу;
  • Жогорку сапаттагы окутуу, тарбиялоо жана изилдөө иштерине дилгир болгон, илимий наамдарга жана даражаларга ээ болгон квалификациялуу профессордук-окутуучулук курам;
  • Дүйнөлүк деңгээлдеги магистратура программаларынын талаптарына жооп берүү үчүн даярдоо;
  • Стипендиялар, гранттар жана төлөмдөр.

"ОРТнын алтын сертификатын алган окуучу катары Бишкек шаарындагы бир нече университеттердин арасынан мен үчүн тандоо ыктыяры болгон. Мен толугу менен баардык ыңгайлуулуктарды сунуш кылган, табияты кооз жерде жайгашкан кампуска ээ, академиялык жетишкендиктери үчүн толук стипендия төлөнгөн, эң жайлуу студенттик жатаканасы бар, ноутбук компьютер, тамак-аш, жана дүйнөнүн ар кыл өлкөлөрүнөн келген мугалимдери бар БАУну тандадым. Башында ата-энем бир аз тынчсызданган. Бирок алар кампуска келишип өз көзү менен көрүшүп жана студенттер, ошондой эле окутуучулар менен сүйлөшкөндөн кийин абдан ыраазы болушту."

Дастан Исланбек уулу
Талас, Кыргызстан
Компьютер илимдери адистиги, Нарын кампусу
2023-класс

Окутуунун сапатын жогорулатууга багытталган дүйнөлүк деңгээлдеги жайлар жана жабдуулар

БАУнун биринчи кампусу 2016-жылы Кыргызстандын Нарын шаарында, андан кийин Тажикистандын Хорог шаарында (2017-жылы) ачылган жана Казахстандын Текели шаарында (2021/22) ачылышы болжолдонууда. Нарын кампусу Нарын дарыясынын жээгинде жайгашкан. Нарын шаарына жетүү жеңил. Кампустун башкы планы жана эскиздик долбоору өз тармагында сыйлык алган жапон архитектуралык фирмасы Арата Исозаки & Associates тарабынан иштелип чыккан. Кампустун турмушу академиялык билимдерди колдонуу мүмкүнчүлүктөрүн, коомдук жумуш, спорт жана эс алуу, маданият аралык мамиле, жоопкерчиликтүү жарандык жана лидерлик жөндөмдөрүн өнүктүрүүнү камсыз кылат.

Студенттер төмөнкүлөрдөн пайдаланат:

  • Заманбап кабинеттер, лабораториялар жана китепканалар;
  • Коопсуз жатакана, окуу жана эс алуу аймактары;
  • Сиз обочо жашоо үчүн өзгөртө ала турган модулдук бөлмө;
  • Кампус - ачык асман астында жайгашкан окуу жайы;
  • Үстү жабылган аллеялар, автоматтык жарык берилген коопсуз жайлар.

Окуу үчүн кантип кайрылам?

1. БАУнун толтурулган өтүнүч арыз формасын жана коштомо документтерди онлайн, электрондук почта аркылуу же жеке өзүңүз 2019 -жылдын 1-марты, саат 11:59 дан (6 + GMT) кечикпей БАУга келип тапшырууга жетишип калыңыз. БАУга өтүнүч арызды эрте тапшыруучулар үчүн белгиленген мөөнөттө 2019-жылдын 1-февралы, саат 11:59 га (6 + GMT) кайрылсаңыз, анда $15 АКШ дол. акысы төлөнбөйт. Көбүрөөк маалымат алыш үчүн ар бир кадам боюнча колдонмо же Онлайн кабыл алуу боюнча КБС, бул жерди басыңыз.

2. I этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер 2019-жылдын 24-мартында БАУнун англис тили, математика жана логика сабактары боюнча экзамен тапшырыш үчүн чакырылат.

3. II этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер 2019-жылдын март-апрелинде рекомендацияларын жана жана каржылык жардам берүү жөнүндөгү арыздарын берүүсү зарыл.

БАУда ким билим ала алат?

БАУнун студенттери Борбордук Азиянын ар кайсы жерлеринен, чет өлкөдөн жана коомдун ар түрдүү катмарларынан келет. БАУ мүмкүнчүлүгү чектелген катмарлар үчүн да жеткиликтүү. БАУнун студенттик кампустары Эл аралык Кодекс тарабынан иштелип чыккан эл аралык курулуш кодексинин стандарттарына баш ийет. Атайын лифттер менен жабдылган, студенттер жана окутуучулар үчүн долбоорлонгон окуу жайлары, жабдуулары жана жатаканасы менен камсыз кылган БАУ бардык өтүнүч арыздарды сыймыктануу менен кабыл алат.

БАУнун студенти:

  • Окуудагы жетишкендиктер боюнча милдеттенме алган;
  • Билимдин жаңы багыттарын үйрөнүүгө кызыгдар болууга умтулган жана билимин мектептен тышкары колдонууга даяр;
  • Ойлоп табуучулук, ишкердик чечимдер менен реалдуу дүйнөнүн кыйынчылыктарын чечүүгө өзүн арнаган;
  • Жакшы угуучу, команда оюнчусу жана лидери;
  • Жекече ийгиликке гана кызыкпастан, ошондой эле коомчулуктун, өлкөнүн жана аймактын ийгилигине кызыккан адам.

Кайсы жерде окуй алам?

Бакалавриат программасы үчүн өтүнүч арыздын формалары азыр БАУнун Кыргызстандагы Нарын кампусунда, ошондой эле Тажикстандын Хорог кампусунда жеткиликтүү. БАУ байланыш жана ММК; Компьютер илимдери адистиктерин сунуш кылат (Нарын кампусу); Жер жана айлана-чөйрөнү коргоо илимдери жана Экономика (Хорог кампусу). Тандап алган адистиги боюнча студенттер БАУнун Кыргызстандагы Нарын же Тажикстандагы Хорог кампусунтарында окуй алышат.

Биз менен байланышыңыз

Email: admissions@ucentralasia.org

Tел:
+996 312 663 822/+996 770 822 901 (Kыргызстан)
+992 93 999 99 64 (Тажикстан)
+7 777 822 3948 (Kазакстан)

Кошумча маалымат үчүн социалдык тармактарга жазылыңыз: