Эмне себептен Борбордук Азия университетин тандоо керек

БАУ Борбордук Азиянын эң таланттуу жана көрүнүктүү балдарына дүйнөлүк денгээлдеги уникалдуу билим алуу мүмкүнчүлүгүн сунуштайт.

БАУну тандоонун 5 негизги себептери

  • 7 чет элдик өнөктөш университеттери
  • Анлис тил чөйрөсүнө батуу
  • Окутуучулардын 65% пайызы илимдер доктору даражасына ээ
  • Окутуучулардын 75% пайызы чет өлкөлөрдөн жана 25% Борбордук Азия мамлекеттеринен келген
  • Кампустардын баардык аймагы 100% интернет менен камсыздалган

Знакомьтесь с преподавателями

Люси Палмер,
Приглашенный преподаватель
специализации "Коммуникаций и СМИ"
Нил Галлагер,
Приглашённый профессор
по компьютерным наукам
Ребекка Рамсай,
Старший лектор по истории

"БАУда биз бири-бирине жылуу мамиле кылган, бир чоң уй-бүлөдөй жашайбыз. Окутуучу эжей-агайларыбыз, бизди окууда ийгиликтерге жетишүүбүздү чын дили менен каалашып, ар дайым жардам берүүгө даяр. Биз көп досторго ээ болдук, дайыма кучакташып, күлүп турабыз. Күнүгө өзүбүздү үйдөгүдөй сезебиз."

Адинай Мукамбетова
Нарын, Кыргызстан
Коммуникациялар жана ММК
Класс-2023
  • Жалпы 339 гектар аянтта жайгашкан заманбап кампустар
  • Оюн-зоок, эс алуу жана окуу залдары сыяктуу жалпы колдонууга берилген зоналары бар коопсуз жатаканалар
  • Жатаканалар мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн креслодо эркин жылууну эсепке алуу менен салынган
  • Күнү-түну коргоо, жабык тратуарлар, автоматтык түрдө жарык берүү жана лифттер
  • Кампустардын баардык аймагы 100% интернет менен камсыздалган
  • Ар бир студент үчүн ноутбук
  • Бай он-лайн ресурстарды пайдаланууга мүмкүн болгон китепкана
  • Заманбап, денени чындоого арналган жабдыктарга бай жана тренер менен машыгууну сунуштаган спортзал
  • Кампустардын аймактарында эл аралык денгээлдеги спорттук объектилер салынган: FIFA талабына жооп берген футбол талаалары, теннис корттору, фитнес клубдары жана спорттук залдар. Алар теннис, баскетбол, бадминтон, волейбол жана футболду жыл бою ойноп, машыгууга ылайыкташкан.

  • Окуудагы ийгиликтери үчүн толук стипендиялар
  • Орто эсеп менен студенттер жылына 1400$ төлөшөт
  • Окууга төлөм акынын 90% чейин камтуучу финансылык жардам
  • Ар бир жылда 15 эң жакшы студент гранттарды алышат

  • TEDx форматындагы иш-чаралар жана эл аралык конференциялар
  • Фестивалдар
  • Экскурсиялар
  • Таланттардын конкурстары жана кечки иш-чаралар
  • Жергиликтүү эл мене иш алып баруу
  • Студенттер 9 мамлекеттен келишкен – анын 80% Борбордук Азиядан жана 20% башка мамлекеттерден

  • Стажировкалар жана проектилер, алар студенттерге ЖОЖду бүткөнгө чейин эле тажрыйбага жана эмгек стажга (9 ай) ээ болууга жардам берет
  • Стажировкалар үчүн 300 түрлүү мүмкүнчүлүктөр – Борбордук Азияда жана башка мамлекеттердеги 90 ашуун мекемелеринде
  • Профессионалдык чөйрөдө студенттер үчүн ийгиликке жетишүүдө талап кылынган, инсандар аралык байланыш көндүмүнө ээ болууга шарттаган, квалификацияны жогорулатуу программасы
  • Ишкердүүлүк көндүмдөр: БАУнун бүтүрүүчүлөрү жумуш гана издебестен, өзүлөрү жумуш орундарын да түзүшөт

ОБЪЕКТИВДЕ
БАУнун «Коммуникация жана ММК» бакалавр программасынын студенти Заррина Гафурова өзүнүн стажировкасын Прагаданы Nielsen Admosphere маалыматты иштеп чыгаруу борборунда (Чехия Республикасы) корпоративдик билим берүү программасынын алкагында өткөрүп келди.

"«Менин саякатым жаңы бир нерсени үйрөнүп, комфорт зонасынан чыгуу – эң жөнөкөй каалоомдон башталды. Ишти сөз менен жүргүзүп, алар менен ойлой алган студент үчүн такыр башка көз караш эмнеде болушу мүмкүн? Мен үчүн ал маалыматты жана берилген сандарды анализдөө болду. Ошентип, мен медиа изилдөөлөрдү жүргүзүү тармагындагы дүйнөлүк лидерлердин бирине стажировка өтүүгө тандалып калдым."
[ Зарринанын толук окуясы ]