Өнүгүү маселелери боюнча диалогдо Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш маселелери каралды

Date: 23 November 2018
Other languages: English | Русский язык |
Өкмөттүн, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрү жана эксперттер Бишкекке 23-ноябрда, жума күнү Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш жөнүндө маалымат алмашуу үчүн чогулушту. “Кыргызстандагы азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш – тенденциялар, көйгөйлөр жана кийинки кадамдар” аттуу өнүгүү маселелери боюнча жарым күндүк Диалог Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Кыргызстандагы тутуму жана Борбордук Азия университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институту (МБСИ) менен биргелешип уюштурулган.


Солдон оңго карай: д-р Шамш Кассим-Лакха, БАУнун Камкорчулар Кеңешинин Төрагасы, Озонниа Ожиело, Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координатору, жана Эркин Чечейбаев,Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министринин орун басары.
Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш темасындагы маселелер боюнча диалог Кыргызстандын Өкмөтү 2018-жылдын сентябрында иштеп чыккан 2018-2023-жылдарга карата Улуттук азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш долбоорун талкуулоо фонунда өттү. Катышуучулар, анын ичинде Өкмөт, Жогорку Кеңеш, өнүгүү боюнча өнөктөштөрдүн өкүлдөрүнөн, изилдөөчүлөрдөн, эксперттерден жана жарандык коом мүчөлөрүнөн турган катышуучулар Кыргызстандагы азыркы таптагы азык-түлүк коопсуздугу жаатындагы чакырыктар,  Азык-түлүк коопсуздугу жана тамак-аш программасы долбоору, саясатты өнүктүрүү жөнүндө сунуштамалар, тамак-аш жаатындагы регионалдык дарамет жана бул жааттагы кызматташтык боюнча платформа жөнүндө маалымат менен алмашты.

“Бул кылымдын аралыгында азык-түүлүк коопсуздугу жана азыктануу деңгээли жакшырды, бирок бул маселени чечүү үчүн азыктануу структурасы балансташтырылган тамакты камсыздоого карай жакшырышы керек, деп билдирди Борбор Азия Университетинин Мамлекеттик башкаруу жана саясат институтунун улук илимий кызматкери Канат Тилекеев. "Жөн гана базар мамилесинде кийлигишүүлөргө караганда айыл-чарба жаатында өкмөт кызматтарынын функциялары бекемделиши керек жана дыйкандар тамак-аш өндүрүүчүлөр катары стратегиялык программаларда алдынкы орунга коюлушу керек” деп кошумчалады Канат Тилекеев.

Өнүгүү маселелери боюнча Диалогдор сериясы өзүнө БУУ жана БАУ бир жыл ичинде Өкмөт, өнүгүү боюнча өнөктөштөр, жарандык коом, жеке сектор жана академиялык жамааттар ортосундагы негизги темалар боюнча кеңешүүлөрдү баштоо максатында уюштурган алты диалогду камтыйт. Диалогдордун максаты – секторлор ортосундагы салттуу обочолонууну жок кылып, саясаттардын горизонталдуу жана вертикалдуу макулдашуусун, алардын интеграциясын жана өз ара байланышын Кыргызстанда комплекстүү саясатты калыптандыруу үчүн жогорулатуу. Ар бир диалог өзүнө негизги кызыкдар болгон тараптардын тематикалык презентацияларын, суроо-жооп сессияларын жана ачык дискуссияны камтый турган болот. 
 
“Өнүгүү боюнча диалог демилгеси аркылуу биз, БУУ агенттиктери, бир уюм катары туруктуу өнүгүүнүн өз ара байланышкан багыттарына узак мөнөттүү көңүл буруу ыкмалары боюнча өкмөткө программалык колдоо көрсөтө бермекчибиз. Бул аракетибизде эч кимди артта калтырбоо милдетибизди кармануу, көп тараптуу кызматташтык ыкмаларын колдонуу жана Туруктуу өнүгүү максаттарына жетүүнү ылдамдатуу каралган” деп билдирди Кыргызстандагы БУУнун Туруктуу координатору Озонниа Ожиело. 

“Азык-түлүк коопсуздугу Кыргыз Республикасынын экономикалык коопсуздугуна жана туруктуу өнүгүүсүнө таасир берүүчү негизги маселе болуп саналат. Өнүктүрүү боюнча өнөктөштөр олуттуу улуттук азык-түлүк коопсуздук программасынын иштеп чыгууну колдоп, ички керектөө үчүн тамак-аштарды жогорулатуу жана кыргызстандыктарды азык-түлүк менен камсыздандыруу багыттарын камтыйт.” – дейт Анаркүл Беккулиева, Кыргыз Республикасынын Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигиндеги азык-түлүк коопсуздук бөлүмүнүн башчысы.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree