Нарын дарыясынын жашоосунун этнографиясы: Нарын областындагы дарыянын мааниси кайсы жерде жана качан жаралган?

Date: 07 June 2019
Other languages: English |
2019-жылдын 7 июнда, 16:00
Нарын, Кыргыз Республикасы

Доктор Жан Фо де ла Круа
Социалдык антрополог, Тюбинген университети, Тюбинген, Германия.

Айбек Самаков
Тюбинген университетинин аспиранты, Тюбинген, Германия

Гульзат Баялиева
Тюбинген университетинин аспиранты, Тюбинген, Германия

Тезис
Борбордук Азиядагы суу бөлүштүрүү маселеси неченден бери сугат жериндеги, гидроэлектростанциясындагы энергия өндүрүүдөгү атаандаштардын, совет жана советтен кийинки республикалардын жана кызыкдар болгон топтордун ортосунда талаш-тартыштарды жаратып келет. Лекция Борбодук Азиянын негизги көлмөлөрү болгон Сырдарья дарыясы жана касиеттүү Ысык-Көлгө тийешелүү болгон этнографиялык изилдөөлөргө, архивдеги иштерге жана жалпыга маалымдоо каражаттарындагы 2014-2018-жылдардагы талдоолорго негизделет. Дарыялардын жогору жагындагы чокуларында мөңгүлөрдүн ээриши менен жана жаңы дамбаларды салуу аракеттери менен бир катар объектилерде суу саясаты суу жээгиндеги мамлекеттер ортосунда гана эмес, ошондой эле ар түрдүү жашоо булактары жана дарыя менен көлдөргө көз каранды болгон суу жээгиндеги жашоочуларынын ортосундагы мамилелерди чагылдырат.

Саясый экологияга жана үмүт менен коркунуч сыяктуу эмоциялардын саясый ролунун теориясына таянуу менен, лекторлор суунун жеткиликтүү деңгээли жөнүндөгү редукциялык ой жүгуртүүлөрдү, суунун баалуулугун жана анын сапатын руханий жана диний баалоо ыкмалары менен салыштырат. Лекциядагы негизги маселелердин бири төмөнкүчө аталган: «Суунун фетишизациясынын ар түрдүү ыкмалары кандай таасир этет, кайсы жерден алар бири-бирине таасир эте алат жана региондогу суу колдонууга жана саясатка кантип таасир эте алат?».

Спикерлер жѳнүндѳ маалымат
Доктор Жан Фо де ла Круа (илимдер доктору) -  Тюбинген университетинин социалдык антропологу, Тюбинген шаары, Германия. Анын Оксфорд университетинин социалдык антропология тармагындагы магистр даражасы бар жана Улуу Британиядагы Сент-Эндрюс университетинде  «Кыргызстандын моралдык географиясы: жакшы жашоого умтулуу үчүн жайыттар, плотиналар жана ыйык жерлер кандай мааниге ээ» деген темада докторлук диссертациясын жактаган.

Доктор Жан Фо де ла Круа Борбордук Азиядагы айлана-чөйрө боюнча бир нече долбоорлорду жетектейт, ошондой эле улгаюу, эмгек жана өнүгүү маселелери менен эмгектенет. Ал жетектеген долбоорлордун бири болгон – Дарыянын «социалдык жашоосу»: экологиялык тарых, социалдык мифтер жана Нарын-Сырдарьянын жээгиндеги чыр-чатактарды чечүү» долбоору Volkswagen фонду тарабынан каржыланат. Борбордук Азиянын антропологдору, саясатчылары жана тарыхчылары катышкан бул үч жылдык долбоор Арал деңизин толтуруп турган Борбордук Азиядагы эң узун Нарын жана экинчи ири Сырдарья дарыяларынын социалдык жана экологиляык тарыхын түзүүгө багытталган.   Гидроэнергетикадагы жана ирригациядагы карама-каршы келген кызыкчылыктар үчүн көз карандысыздыкка жетишкен мезгилден тартып суунун жогору жана төмөн жагындагы өлкөлөрдүн ортосундагы негизги чыр-чатак суу бөлүштүрүү болуп келген. Долбоор Сырдарьяны изилдөө, өз ара аракеттер жана башкаруу объектиси катары Борбордук Азиядагы суу ресурстарын регионалдык башкаруу менен байланышкан тунгуюктан чыгууда кайра баалоого умтулат.

Айбек Самаков - Түбинген университетинин аспиранты. Азыркы учурда Сыр дарыянын төмөнкү агышындагы элдин дарыяга болгон көз караштарын, тиричилигин жана күнүмдүк турмушун изилдеп келет. Изилдөөсүнүн алкагында ал жергиликтүү калк өздөрүнүн тиричилик ыкмаларын өзгөрүп жаткан табигый жана социалдык жагдайларга кандайча шайкештикке келтирип жатканына кызыгат. Аспирантураны баштаганга чейин ал Кыргызстандагы ыйык жерлерди жана кыргыз элинин салттык билимин изилдеп келген. Магистрлик даражасын Канаданын Виннипег шаарында Табигый байлыктар институтунда алып, Ысык-Көл биосфералык аймак тууралуу илимий иш жазган.

Баялиева Гульзат - антропология адистиги боюнча мугалим, Тюбинген университетинин аспиранты. Изилдөө темасы: Технология, жаратылыш, коом жана алардын мамилелери (Төмөнкү-Нарын каскады, Шамалды-Сай шаарчасы). Иштин максаты антропологиялык көз-караш аркылуу тандалган жерди изилдеп, Нарын суусу менен адамдын, технологиялык жана экологиялык өзгөрүүлөрүн, ошондой эле техникалык-коомдук мамилелердин динамикасын баяндоо.

Лекция ѳтүүчү жер
Борбордук Азия Университети
ШПНО, С.Жакыпов, 19.
2-чи кабат.
Нарын шаары, Кыргызстан

Лекциянын тили
Лекция кыргыз тилинде ѳтѳт.

Каттоо
altyn.kapalova@ucentralasia.org электрондук дарегине катышуу ниетиӊизди билдирип коюуӊузду ѳтүнѳбүз. Англис тилине котормо керек болсо жазуу түрүндө кабарлап коюңуз.

Бул лекцияда тартууланган идеялар лекторлордун жеке пикирин чагылдырып, Борбордук Азия Университетинин жана/же анын кызматкерлеринин пикирин/көз карашын чагылдырбайт.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree