Нарын шаарында Башкы планды иштеп чыгуу боюнча семинар болуп өттү

Date: 24 July 2019
Other languages: English | Русский язык |
19-21-июль күндөрү Борбордук Азия Университети университет шаарчасын өнүктүрүү долбоорунун алкагында Нарын шаарында Башкы планды иштеп чыгууга арналган семинарды уюштурду. Аталган киришүү курсунун максаты – бул процессти ишке ашыруудагы ар кыл негизги чечүүчү ролду аткара турган тараптарга Башкы планды иштеп чыгууга байланышкан билимдер менен көндүмдөрдү жакшыртуу жана пайдалуу маалыматтарды алууга көмөк көрсөтүү болуп саналат. Ошондой эле шаарды долбоорлоодо заманбап талаптарды эсепке алуу менен шаар курулушунда жагымдуу чөйрөнү түзүү негизги мааниге ээ. Бул семинар чечим кабыл алуу үчүн жооптуу болгон жергиликтүү органдарга шаар курулушунда колдонула турган заманбап мамилелерди (өзгөчө Башкы планды даярдоонун куралдары тууралуу) билип алууга, ошондой эле экономикалык, социалдык жана жаратылышты коргоо тармактарындагы тажрыйбалар жана маалыматтар менен таанышууга мүмкүндүк берди. Семинарда презентациялар, топтор менен иштөө камтылып жана шаардын планы менен элестетүүнү кантип даярдоо керектиги жөнүндө талкуулар орун алды.


Мамлекеттик башкаруу жана саясат Институтунун илимий кызматкери доктор Мадина Жунусова (сүрөттө сол жакта турат) Нарын кампусунда тренинг өтүп жаткан учуру.
«Ага Хан Өнүктүрүү Уюму жана Борбордук Азия Университети биздин облусту бардык аспектилерде өнүктүрүүдө чоң колдоо көрсөтүп келе жатат – деп баса белгиледи ачылышында сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлүнүн биринчи орун басары Касен Асизов. «Семинар Нарын облусунун жетекчилиги менен Борбордук Азия Университетинин ортосундагы кызматташуунун дагы бир үлгүсү десек жаңылышпайбыз. Ошондой эле бул саамалык баардык катышуучуларга пайдалуу болот жана Нарын шаарынын Башкы планын иштеп чыгууга көмөк көрсөтөт деп ишенебиз» - деди ал өз сөзүндө. 

Практикалык көндүмдөргө ээ болуу үчүн семинардын катышуучулары Борбордук Азия Университетинин Нарын шаарындагы кампусунан алыс эмес жерде жайгашкан парктын өнүктүрүү эскизин даярдашты. Ошондой эле алар паркты жыйнап-тазалоого катышты жана жергиликтүү жашоочуларга айлана-чөйрөнү кантип таза кармоо керектиги тууралуу айтып беришти.  

Семинарга 29 адам катышты. Алардын ичинде Нарын шаардык мэриясынын, Нарын шаардык архитектурасынын башкы башкармалыгынын, Мамлекеттик шаар куруу жана архитектура боюнча долбоорлоо институтунун, Кыргыз Республикасынын архитекторлор Бирлигинин, Архитектура, курулуш жана турак-жай – коммуналдык чарба боюнча Мамлекеттик агенттигинин, ошондой эле Хорог шаарынын мэриясынын жана Архитектура башкармалыгынын, Тоолуу Бадахшан автономиялуу областынын Архитектура башкармалыгынын, Тажикстан Республикасынын Архитектура жана шаар курулуш комитетинин «Шахрофар» ачык акционердик коомунун өкүлдөрү жигердүү катышып беришти. 


Кыргыз Республикасынын архитекторлор Бирлигинин төрагасы Алым Абдраимов (солдо) Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкуловдун (оңдо) колунан сертификат алып жаткан учуру.
Cеминардын лектору Борбордук Азия Университетинин алдындагы Мамлекеттик башкаруу жана саясат Инстититунун илимий кызматкери, доктор Мадина Жунусова болду.   Аталган семинар Ага Хан Өнүктүрүү Уюму менен Нарын шаарынын мэриясынын ортосунда 2018-жылы түзүлгөн өз ара макулдашуу боюнча Меморандумга ылайык жана Нарын шаарынын Башкы планын түзүүгө даярдык катары уюштурулду. 

Курс аяктаган соң Нарын шаарынын мэри Эмилбек Алымкулов катышуучуларга сертификаттарды тапшырды. Өз кезегинде Кыргызстандагы архитекторлор Ассоциациясы Борбордук Азия Университетинин китепканасына 2 китепти белекке берди.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree