Санарип трансформациясы - Кыргызстандын өнүгүү стратегиясынын өзөгүндө турган өзгөчө маселе

Date: 07 October 2019
Other languages: English | Русский язык |
2019-жылдын 6-октябрь күнү Нарын шаарында 3 күндүк «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» конференциясынын жыйынтыктоочу күнү болуп өтүп, бир далай сунуштар жана пикирлер менен жыйынтыкталды. Аталган конференциянын уюштуруучулары катары Борбордук Азия Университети, Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча мамлекеттик комитети, Кыргыз Республикасынын Жогорку технологиялар Паркы, ошондой эле бизнес тармагынын, илим жана билим чөйрөсүнүн, технология сферасынын жана мамлекеттик органдардын өкүлдөрү Борбордук Азияда акыркы мезгилде байкалган технологиялык тренддерди аныкташты жана бир катар практикалык мүнөздөгү сунуштамаларды жасашты. Бул баалуу сунуштамалар өлкөнүн жана аймактын өнүгүүсүнүн социалдык-экономикалык стратегиясынын өзөктүү негизине камтылат деген илгери үмүттөр бар.


Сүрөттө Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарындагы «Акылдуу шаар» долбоорун жайылтуунун иштелип чыккан жумушчу мерчемдери тууралуу ой бөлүшүп жаткан учуру.
Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков аймакты санариптик трансформациялоо үчүн натыйжалуу аянтча болуп кала турган санарип лидерлеринин клубун түзүүнү сунуштады. Мамлекеттик жана жеке менчик секторлордун өкүлдөрүнүн пикирлери боюнча бул конференция болуп көрбөгөндөй ийгиликке жетти деп баса белгилешти. Негизги натыйжалардын бири болуп мезгил-мезгили менен тегерек үстөл өткөрүп туруу боюнча чечимди эсептөөгө болот. Мындай иш-чаранын аркасы менен мамлекеттик стратегиялар соңку жетишкендиктер жана изилдөөлөр менен коштолуп замандын агымынан калбай алдыга умтулуп, булар менен катар маалыматтык технологиялар боюнча директорлор Кеңеши түзүлмөй болду.   

Эл аралык конференция мамлекеттик жана жеке менчик өнөктөштүктүн мүмкүнчүлүктөрүнүн шыктандыруучу үлгүсү катары саналат. Мындай өрнөктөрдүн бири болуп тандалып алынган старт-ап компаниялардын Кытай  ресурстарын колдоно ала тургандыгы менен (атап айтканда, Жогорку технологиялар Паркы жана Shenzhen Open Innovations Lab компаниялары) аймакта инновациялык экосистемаларды түзүүсү эсептелет. 

Конференциянын өзөктүү маселелеринин чок ортосунан орун алган дагы бир олуттуу тема болуп башкалардын баалуу тажрыйбаларын өздөштүрүүнүн маанилүүлүгү да турду. Ушуга байланыштуу Кореянын тажрыйбасын пайдалануу сунушталды жана «Акылдуу шаарлар» принцибинин негизинде шаарды жана элетти өнүктүрүүнү пландаштыруу назарга алынды. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов Нарын шаарындагы «Акылдуу шаар» мамилесин жайылтуунун потенциалын пилоттук негизде Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн, Борбордук Азия Университетинин жана эл аралык өнөктөштөрдүн катышуусу менен чогуу карап чыгууга токтолду.

Туруктуу санарип трансформациясы үчүн өбөлгөлөр катары бардык катышуучулар тарабынан бир ооздон адам капиталы жана санарип сабаттуулугу таанылды. Буларга байланыштуу бизнес-коомчулуктардын жана илим-билим чөйрөлөрүнүн лидерлери биргелешип компьютердик технология, социалдык медиа жана электрондук коммерция областтарында билим берүү программаларынын масштабын кеңейтүүнүн үстүндө иштөө зарыл экендиктерин билдиришти. Ал эми билим берүү ресурстары интернет-портал аркылуу калкка жеткиликтүү болмокчу.

Муну менен бирге конференциянын катышуучулары тобокелдиктерди төмөндөтүүнүн, Интернетти кооптуу колдонуу боюнча жаңы саясаттын, ошондой эле GDPR (так маалыматтарды коргоонун жалпы эрежелеринин) негизинде купуя сырдуулукту жана ачык-айкындуулукту камсыз кылуунун жаңы эрежелери аркылуу киберкоопсуздукту жакшыртууга өзгөчө көңүл бурушту. Санарип трансформациясынын стратегиясын чыңдоо үчүн дагы бир маанилүү милдет болуп инфраструктураны жакшыртуу да кирет. Ал үчүн бүтүндөй аймакты камтый турган тармактарды түзүүгө инвестицияларга муктаждык зор, ошондой эле өлкөдө «булут» технологияларынын негизинде кызмат көрсөтүүнү да өнүктүрүү абзел. Бул жыйынтыктар чогулуп келип өлкөнүн санарип трансформациясынын стратегиясын түзүүгө мүмкүндүк берип, Кыргызстанга эбегейсиз пайда алып келет деп эсептөөгө болот.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
No, I want to find out more Yes, I agree