Нарын шаарындагы калктын аяр катмарына кирген 500 тургуну тиричиликке зарыл тамак-аш жана буюмдарды алышты

Date: 28 March 2020
Other languages: English | Русский язык |
28-март күнү Борбордук Азия Университети (БАУ) тарабынан уюштурулган тиричиликке зарыл болгон тамак-аш жана буюмдардын университеттин кызматкерлери, ыктыярчылары, Нарын шаарынын социалдык кызматкерлери тарабынан тапшырылышы Нарындын муктаж үй-бүлөлөрүнүн маанайын көтөрүүгө жагымдуу себеп болду. “Борбордук Азия Университети бүгүн биздин үйгө медициналык жабдык жана тамак-аш азыктары менен келгендиги бизге аябай кутүүсүз сүйүнүч болду жана ушул оор мезгилде көрсөткөн колдоосу үчүн абдан ыраазыбыз”, - деп ыраазы болгон Нарын тургуну билдирди.
 

Ар бир үй-бүлө мүчөлөрү төмөндөгүдөй керектүү товарлар: бет каптар, антисептиктер, антибактериялык самындар, ун, кесме азыктары жана өсүмдүк майы берилди.
COVID-19 таажы вирусу пандемиясынын шартында Нарын шаарынын мэриясынын билдирүүсүнө ылайык 500 үй-бүлө БАУдан азык-түлүк жана медициналык-гигиеналык буюмдарды алышты: бет каптар (2000 даана), колду жугушсуздандыруучу антисептиктер (500 литр) жана антибактериялык самындар (1500 даана), ун (2500 кг), кесме азыктары (1500 кг) жана өсүмдүк майы (500 литр). Бул жардам БАУ, Ага Хан Өнүктүрүү Уюму, Ага Хан Фонду жана Кыргыз Инвестициялык Кредиттик Банкынын өнөктөштүгү аркылуу ишке ашырылды.

«Азыркы учурда дүйнө жүзүндөгү жалпы адамзаттын алдында чоң сыноо турат. Таажы вирусу илдетине каршы туруу үчүн даярдыктар болушу керек. Ошого карата биздин стратегиялык өнөктөшүбүз эл аралык уюмдардын ичинен биринчи болуп БАУ жардамга кол сунду. Эми башка чет элдик уюмдар да четте калбай БАУну өрнөк кылып салымын кошот деп ишенем. Баарыбыз биргелешип ушул илдетти жеңип, шаарыбыз кайрадан БАУнун студенттерине толуп шаңданып, бакубат жашоого жетебиз деген үмүттөмүн»-деди Нарын шаарынын мэри.

«Ага Хан Өнүктүрүү Уюму өзү иштеп жаткан республиканын бардык аймактарында COVID-19 вирусунун пандемиясын ооздуктоо үчүн зарыл чараларды көрүп жатат. Ошондой болсо да БАУ Нарын жергесине өзгөчө назарын бурат. Анын ичинен Нарын шаардык мэриясынын маалыматына ылайык аярлуу катмарга өзгөчө көңүл борборунда турат" – деп баса белгиледи БАУнун ректору, доктор, профессор С.Сохаил Х. Накви. Анын айтымында: "Нарындагы керектүү товарлардын запастарынын чектелгендигин эске алуу менен жана жергиликтүү бийликке көмөктөшүү максатында аярлуу үй-бүлөлөргө зарыл жардам көрсөтүү менен ыкчам чараларды көрүүгө жардам берүү үчүн тамак-аш жана гигиеналык-медициналык буюмдарды Бишкектен Нарынга жеткирүүнү уюштурдук».
 
БАУ кампуста байкоо зонасын түзүү үчүн 90 керебет даярдап, Кыргызстанда COVID-19 вирусунун жайылышын ооздуктоого аракет кылып жатат. Андан тышкары БАУ Нарын облусунун айыл аймактарындагы тикмечи айымдар жасаган олпок төшөктөрдү, жууркандарды, жаздыктарды жана шейшептерди сатып алды.

 

Нарын шаарынын мэри Нурбек Молдокадыров (сол жакта) жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарынс облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эмилбек Алымкулов (оң жакта) БАУнун Нарын шаарындагы кампусундагы 90 керебеттүү орунга дайындалган жайды кыдырып көрүү учурунда.

This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more