БАУнун кызматкерлери COVID-19 боюнча Тилектештик Фондусуна өздөрүнүн 1 күндүк эмгек акыларын которушту

Date: 13 April 2020
Other languages: English | забони тоҷикӣ |
Борбордук Азия Университети (БАУ) COVID-19 вирусунун гуманитардык жана экономикалык кесепетинин натыйжасында жабыркаган үй-бүлөлөр үчүн атайын фонд негиздеди. БАУнун кызматкерлери өз ыктыяры менен бул фондко 1 күндүк эмгек акыларын салым катары которушту. Чогултулган каражаттар муктаж үй-бүлөлөргө жумшалмакчы.


COVID-19 вирусунун жайылышын ооздуктоо иш-чараларынын алкагында БАУ Нарын (Кыргызстан) жана Хорог (Тажикстан) шаарларында маалымат баракчаларын таратты.
Мындан сырткары Борбордук Азия Университети мэриянын маалыматына ылайык Нарын шаарындагы калктын аярлуу катмарына кирген 500 үй-бүлөгө азык-түлүктөрдү жана медициналык керек-жарактарды таратты. Ошондой эле кампустун аймагынан COVID-19 таажы вирусу жугуштуу оорусунун жайылышын ооздуктоо иш-чараларынын алкагында 90 орундуу байкоо зонасын түзүү үчүн дайындады. Ал эми жергиликтүү экономиканы колдоо максатында БАУ Нарын облусундагы элеттик айымдардын колунан чыккан жаздык, шейшеп, жылуу жамынчы жана олпок төшөнчүлөрдү сатып алган.