Ага Хан Өнүктүрүү Уюму Кыргызстандагы медициналык мекемелерге жеке коргонуу каражаттарын тапшырды

Date: 21 April 2020
Other languages: English | Русский язык |
Бир нече облустук администрациялардын өтүнүчтөрүнө жана түздөн-түз алдыңкы сапта иштеп жатышкан медициналык адистердин курчуп келе жаткан муктаждыктарына жооп катары Ага Хан Өнүктүрүү Уюму (АКДН) Кыргызстандын бир катар ооруканаларына жана медициналык мекемелирине жеке коргонуу каражаттарын тапшырды. 


Ага Хан Өнүктүрүү Уюму Ош облусунун өкүлдөрүнө жеке коргонуу каражаттарын тапшырды.
20-апрелде медициналык коргонуу каражаттарын, анын ичинде чоң партиядагы комбинезон, респиратордук бет кап, коргоочу көз айнек, медициналык мээлейлерди ж.б.у.с. коргонуу каражаттарын өткөрүп алып жатып, медициналык кызматкерлердин атынан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Нарын облусундагы ыйгарымдуу өкүлү Эмилбек Абдраимов мырза мындай деп баса белгиледи: «Бул өтө зарыл болуп турган жакындан көрсөтүлгөн колдоо деп эсептейбиз. Баардык дарыгерлердин жана эмчи айымдардын, ошондой эле Нарын облусунун жашоочуларынын атынан Ага Хан Өнүктүрүү Уюмуна терең ыраазычылык билдиребиз.  Учурдан пайдаланып АКДН биздин өнүктүрүү боюнча узак убакыт өнөктөшүбүз жана ынак досубуз экенин баса белгилеп кетмекчимин».

Буга чейин АКДН ушуга окшогон 500 комплект жекече коргонуу каражаттарын Баткен, Жалал-Абад жана Ош облустарындагы медициналык мекемелерге тартуулаган эле. «Бул жеке коргонуу каражаттары биздин врачтар үчүн эң зарыл болгон каражаттар болуп эсептелет. Биз бул жардамды жогору баалайбыз», - деди Оштогу облус аралык оорукананын башкы дарыгери Талантбек Арстанкулов мырза. Ошондой эле АКДН Жалал-Абад облусуна дагы санитардык-эпидемиологиялык иштерди жүргүзүү үчүн жугушсуздандыруучу каражаттарды берди.


Ага Хан Өнүктүрүү Уюму Нарын облусуна жеке коргонуу каражаттарын өткөрүп берди.
АКДНдин агенттиктери тарабынан берилип жаткан жардамдарды белгилөө менен аталган Уюмдун Кыргыз Республикасындагы дипломатиялык өкүлү доктор Шамш Кассим-Лакха мырза: «Биз өзүлөрүнүн кызматтык милдеттерин аткарып жатып көбү COVID-19 вирусунан жабыркаган кайраттуу медициналык кызматкерлерге өзгөчө көңүл буралы деп чечтик. Анткени алар өзүлөрүнүн өмүрлөрүн тобокелдикке салып жатышат. Ошондой эле таажы илдетинин таралышын ооздуктоо боюнча өз үбагында жана жигердүү иш алып барып жаткан Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн баардык деңгээлдеги мекеме-ишканаларына терең ыраазычылык билдирем».

Аталган колдоо Кыргыз Республикасында иштеп жаткан АКДНдин агенттиктери тарабынан каржылоо аркылуу ишке ашырууга мүмкүн болду. Атап айтканда алар: Ага Хан Фондусу, Борбордук Азия Университети, Кыргыз инвестициялык-кредит банкы, Биринчи Микрофинансылык Компаниясы жана Jubilee Kyrgyzstan камсыздандыруу компаниясы.

Кыргызстандын медициналык мекемелерине жеке коргонуу каражаттары берилди.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more