Ачык лекция: Кыргызстан археологиясы: 2000-2019-жылдардагы изилдɵɵлɵр, негизги жыйынтыктары жана келечеги

Date: 28 May 2020
Other languages: English |
2020-жыл 28-май, саат 16:30 (Бишкек убактысы менен, GMT+6)
Ачык лекция
 
Кубатбек Табалдыев
Археолог, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору

Абстракт
Лекцияда 2000-2019-жылдардагы археологиялык изилдɵɵлɵр боюнча маалымат берилип, байыркы таш доорунан тартып кеч орто кылымга чейинки мезгилге таандык эстеликтерди изилдɵɵ тууларуу сөз болот. Алардын катарына байыркы таш куралдарды жасоочу «устаканалар», мүрзɵ-кɵрүстɵндɵр, таштагы жазуулар жана сүрɵттɵр кирет. Кыргызстандагы археологиялык эстеликтерди сактоо жана изилдɵɵ иши жакшы колго алынса, анда Кыргызстан ачык асман алдындагы музейлердин ɵлкɵсүнɵ айланат. Бул ишке жалпы эл жана жарандык коом жигердүү катышпаса, мамлекет саясий эрктүүлүктү кɵргɵзүп колдобосо, археологиялык эстеликтерди карактоо, талкалоо уланып, мурастарыбыздан айрылабыз.

Лектор жөнүндө маалымат
Кубатбек Шакиевич Табалдыев - археолог, Кыргыз-Түрк «Манас» университетинин профессору, тарых илиминин кандидаты.  1987-жылдан бери Теңир-Тоо, Алай, Жети-Суу аймакатарында байыркы жана орто кылымдардагы кɵчмɵн, отурукташкан калктардын тарыхый эстеликтерин изилдейт. Кыргызстандын ар кайсы аймактарында эл аралык жана ɵз кесиптештери, окуучулары менен бирдикте археологиялык изилдɵөлɵрдү уюштуруп, археологиялык мурастарды сактоо ишине түздɵн-түз катышып келет. Табалдыев Борбордук Азия Университети (БАУ) менен 2010-жылдан бери кызматташат. Анын «Древние памятники Тянь-Шаня» аттуу баалуу китеби БАУнун колдоосу менен 2011-жылы басылып чыккан. 2012-жылы БАУнун Нарын шаарындагы кампусунун территориясында табылган байыркы археологиялык жайларды изилдөөгө чакырылып, ал жерде казуу иштерин жүргүзгөн.

Лекция ѳтүүчү жер 
Бул лекция 28-май, бейшемби күнү саат 16:30дан 17:30га чейин (Бишкек убактысы менен, GMT+6) онлайн түрүндө Zoom видеобайланыш системасы аркылуу өтөт: https://us02web.zoom.us/j/81903565678?pwd=REdkYW1mRGZxQURsN2w1N2k1WUpIUT09
ID: 819 0356 5678 
Пароль: 499337

Лекциянын тили
Лекция кыргыз тилинде өтөт.

Борбордук Азия Университетинин бардык лекцияларын университеттин YouTube каналынан көрүүгө болот: www.youtube.com/ucentralasia.

*Бул лекцияда тартууланган идеялар лекторлордун жеке пикирин чагылдырып, Борбордук Азия Университетини жана/же анын кызматкерлеринин пикирин/көз карашын чагылдырбайт.
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more