Cанариптик туруктуулук стратегиясына арналган конференция

Date: 30 June 2020
Other languages: English | Русский язык |
Санарип трансформациясы өзгөрүүлөрдүн жаңы доорунун барагын ачып жатат. 2016-жылы ааламдашкан санариптик экономика дүйнөлүк ИДП (ички дүң продуктунун) 16%ын түзүп, 2020-жылга карата Covid-19 кесепетин эсепке албаганда бул көрсөткүч 26%га чейин өсүп жетет деп күтүлгөн эле. Мындай өсүштүн аркасында өлкөнүн санариптик туруктуулугу жана анын өзүнүн ишке жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу дарамети да барган сайын маанилүү болуп баратат. Cанариптик туруктуулук деген - бул мамлекеттик органдарды, бизнес жана жарандык коомду бир кыйла турукташтыруу жана аларга өзгөрүлүп жаткан жагдайларга ыңгайланышууга жардам берүү үчүн, мисалы Covid-19 пандемиясындагыдай кризистерге жана шокко каршы туруу максатында санарип технологияларын колдонуу эсептелет.                  

Өнүгүүнүн бул жаңы багытын талдаш үчүн Борбордук Азия Университети Кыргыз Республикасынын Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитети жана Дүйнөлүк банк менен бирдикте 30-июнда «Өлкөлөргө санариптик туруктуулуктун стратегиясынын эмнеге кереги бар: Covid-19 шартында санарип транформациясын киргизүү жана камсыздоо» аттуу онлайн-конференциясын өткөрүштү. Конференциянын катышуучулары санариптик туруктуулук жөнүндө биле алышты, ал эми эл аралык эксперттер киберкоопсуздук тармагындагы өзүлөрүнүн көз караштары менен бөлүшүштү. Муну менен бирге катышуучулар Covid-19 сыяктуу кризистик кырдаалдарда мыкты реакция кылуу үчүн мамлекет жана дагы башка негизги тараптар кандай иш-аракет мерчемдерин кабыл алууга мүмкүн боло турганын талкуулашты. 

Бул конференция Аймактардарды өнүктүрүү, санариптештирүү жана балдарды колдоо жылында өттү. Онлайн-режимде 100дөн ашык адам катышты. Аталган иш-чара былтыр Бишкек шаарында өткөрүлгөн жана Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков ачкан «Борбордук Азиядагы санарип трансформациясы» деп аталган ийгиликтүү конференциясынын уландысы. Бул конференцияга онлайн-режимде 100дөн ашуун киши катышты. 

Өзүнүн куттуктоо сөзүндө Маалымат технологиялары жана байланыш боюнча Мамлекеттик комитетинин төрагасы Алтынбек Исмаилов төмөндөгүдөй деп белгилеп өттү: «Кыргызстан өлкөнүн санариптештирүү менен байланышкан чакырыктарына мыкты реакция бере билүүгө жана биздин өлкөнүн жарандарына технологиялар тарабынан сунушталган пайданы ала билүүгө мүмкүнчүлүк түзүү максатында Маалымат технологиясы-коомчулугун мобилизациялайт».

SecDev Group (Канада) компаниясынын аткаруучу директору Рафал Рохозински «Covid-19 шартында санариптик трансформацияны киргизүү жана камсыздоо» деген баяндамасы менен чыгып сүйлөп, санариптик туруктуулукту чыңдоо максатында инвестициялар жана артыкчылыктар үчүн концептуалдык схеманы сунуштады. Анын баяндамасынан кийин «Өлкөлөргө санариптик туруктуулуктун стратегиясынын эмнеге кереги бар» аттуу панелдик дискуссиясы өтүп, ага Борбордук Азиядагы санариптик туруктуулук маселелери боюнча Дүйнөлүк банктын жумушчу тобунун жетекчиси Олег В. Петров катышты. Ошондой эле баяндамачылардын катарында Hathaway Global Strategies LLC компаниясынын президенти Мелисса Хэтэуэй, Улуу Британия Өкмөтүндөгү ачык-айкындуулук жана санариптик катышуу маселелери боюнча мурдагы директору Эндрю Стотт,  Multiverz (Сингапур) компаниясынын негиздөөчүсү Рандип Судан, Кыргыз Республикасындагы Бүткүл дүйнөлүк Банкынын кеңсесинин башчысы Болормаа Амгаабазар, Кыргыз Республикасындагы БУУнун ишке ашыруу долбоорунун туруктуу өкүлү Луиз Чемберлен, Электр байланыштары боюнча Эл аралык бирлигинин программалык координатору Фарид Нахли, Борбордук Азия Университетинин (БАУ) ректору, профессор, доктор Сохаил Х.Накви жана БАУнун маалыматтык технологиялары боюнча директору Шаукат Али Хан чыгып сүйлөштү.  

«Санарип технологиясын киргизүү менен алар туруктуу болушат, ал эми мамлекеттик органдар санарип инфраструктурасын мамлекеттик кызмат көрсөтүүлөр, саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарындагы кызмат көрсөтүүлөр, ошондой эле калктын экономикалык жыргалчылыгын колдоо үчүн пайдаланышат, – деп Рафал Рохозински баса белгиледи. – Санариптик туруктуулук санарип трансформациясы үчүн негиз болуп берүүнү камсыздайт, ал эми санарип трансформациясы рейтингинде жогору турган өлкөлөр Covid-19 сыяктуу чакырыктар менен бул рейтинг боюнча өзүлөрүнөн төмөн турган башка өлкөлөргө салыштырмалуу көбүрөөк эффективдүү ишти жөнгө сала алат».
This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more