БАУнун Гуманитардык жана так илимдер Мектебинде жаңы декан

Date: 01 September 2020
Other languages: English | Русский язык |

Борбордук Азия Университети профессор Максим Борисович Хомяковдун Гуманитардык жана так илимдер факультетинин деканы болуп дайындалышын кубануу менен жарыялайт (2020-жылдын 1-сентябрь күнү күчүнө кирди).

1-сентябрда өзүнүн жаңы иш милдеттерин аткарууга киришкен профессор Хомяков БАУга көпчүлүккө таанымал академиялык билими, эл аралык деңгээлдеги ой жүгүртүүсү, академиялык менеджмент жаатындагы кеңири тажрыйбасы жана өтө кеңири тармактагы маселелер жана изилдөөлөр боюнча илимий эмгектердин тизмесин камтыган жетишкендиктери менен келип жатат.  

Өзүнүн академиялык карьерасын Екатеринбургдагы Урал медициналык академиясынын философия кафедрасында доцент болуп иштөө баштаган. Натыйжада 1996-жылы ал доцент жана декандын орун басары болгон. Ал эми 2000-жылы Екатеринбургдагы Урал федералдык университетинин (УрФУ) жана М.Горький атындагы Урал мамлекеттик университетинин философия кафедрасынын профессору катары иштеген. 2017-жылдан баштап профессор Хомяков УрФУнун БРИКС изилдөөлөр борборунун директору, Жогорку экономика Мектебинин Санк-Петербургдагы кампусунун директорунун орун басары (стратегия, изилдөөлөр, эл аралык мамилелер боюнча) болуп эсептелет.

2016-жылдан 2020-жылга чейин БАУнун Гуманитардык жана так илимдер Мектебинин деканы кызматын ээлеп турган жана мурунку кызматында аталган мектептин жетишкендиктерине эмгек сиңирген Доктор Диана Пауна болгон жана ал бул кеңешчилик ролун 2020-жылдын аягына чейин аткармакчы.

This website uses cookies
Cookies are small text files held on your computer. They allow us to give you the best browsing experience possible and mean we can understand how you use our site.
Some cookies have already been set. You can delete and block cookies but parts of our site won't work without them.
By using our website you accept our use of cookies.
Yes, I agree No, I want to find out more