Skip to main content
Cover
24 марта 2022

Мелодрама месторождений в Монголии: пример Гурвантес Сум

Цэрэннадмид Мижиддорж и Цэндсурэн Пурэвсурэн
Доклад №66, 2022, 1-32 стр.

В документе освещается ситуация в Гурвантесе (Монголия), возникшая в 2003 году, вызванная негативным воздействием добычи полезных ископаемых. Авторы документа подчеркивают, что проблемы неопределенности, коррупции и разочарования не могут быть решены обещаниями способствовать местному развитию, посулами будущих выгод и развития национальной повестки дня.

Отсутствие информации и прозрачности, а также проблемы отсутствия компенсации и необходимости переселения часто приводят к конфликтам и недовольству среди заинтересованных сторон.

Документ обрисовывает курс дальнейшего расширения горнодобывающей промышленности в Монголии и выводы связаны с другими взаимосвязанными проблемами в Гурвантесе.

Скачать на кыргызском языке

 


Монголиядагы тоо-кен мелодрамасы: Гурвантес сомонундагы окуяларды өрнөк катары иликтөө

Цэрэннадмид Мижиддорж жана Цэндсурэн Пурэвсурэн

Кыскача мазмуну: Бул өрнөк катары атайын иликтенген окуялар Монголиянын “Түштүк Гоби аймагы” (монголчо: Өмнөговь аймаг) деп аталган дубанынын Гурвантес сомонундагы тоо-кен иштеринин микрокосмосун көрсөтөт. Бул сомондогу жергиликтүү жамааттар, компаниялар жана өкмөттөр бири-бирине карама-каршы күн тартибине жана натыйжаларга умтулган кезеңде, бул сомон жер байлыктарын өндүрүү жаатындагы өзгөчө татаал болгон өз ара мамилелерди сыпаттоонун терезеси кызматын аткарып берет.

Бул мамилелер – жерге жана пайдалуу кендерге жетүү үчүн атаандашкан экстенсивдүү малчылык менен бирге ишкер чөйрөлөрдү жана мамлекеттеги кубаттуу күчтөрдү камтыйт. Тоо-кенди өздөштүрүү лицензиялары борбор шаарда жергиликтүү жамааттын катышуусуз бөлүнөт жана бекитилет; жергиликтүү бийликтин тоо-кен өнөр жайын жөнгө салуу боюнча ыйгарым укуктары жана адистик даярдыгы жок. Ошого карабастан, элеттик аткаминерлер мал багуунун көп кырдуу кыйынчылыктарын дурус түшүнүшөт. Натыйжада жаңжалдарды, жоромол кептерди жана өз ара кырдыбычак мамилелерди ар тараптан бөпөлөп өнүктүрүүчү жиктегич коомдук чөйрө калыптанат.

Жергиликтүү билимдин 10дон ашуун жылдык колдоосу менен болгон эки айлык жигердүү талаа иштери Гурвантес сомонунда динамикалуу жүргөн өрнөктүү изилдөө ишин жарата алат. Маектерге фокус топторуна жана катышуучуларга байкоо жүргүзүүгө негизденүү менен, биз сомондогу тоокен өнөр жайынын көп катмарлуу болочогунун сыпаттамасын сунуштайбыз.

Изилдөө кыргыз тилинде