Шаардын жашоо туруштугу: Билимден аракетке
Шаардын жашоо туруштугу боюнча сертификаттык окуу программасы (СПУР) Борбордук Азия Университетинин (БАУ) Жогорку өнүгүү мектеби (ЖӨМ) тарабынан иштелип чыккан жана жергиликтүү мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин кесиптик билим деңгээлин жогорулатууга багытталган. Сертификаттык программанын окуу модулдары экономикалык, экологиялык, социалдык, маданий жана шаардык жашоо туруштугу сыяктуу негизги багыттарды камтыйт. СПУР жалпысынан 25 академиялык модулдан турат, анын ичинде 15 негизги жана 10 факультативдик модуль каралган. Окутуу үч академиялык семестрге бөлүнүп окутулат жана ар бир семестр 10 ECTS кредитине барабар. Программа 2024-жылы Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги тарабынан лицензияланган. Программаны ишке ашыруунун алкагында БАУ окутуучулар жана тренерлер үчүн атайын даярдоо курстарын өткөрүп, билим берүүнүн сапатын камсыздоого өзгөчө көңүл бурат. Программа теориялык билимди практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырып, жергиликтүү көйгөйлөрдү чечүүгө жөндөмдүү адистерди даярдоо аркылуу шаарлардын туруктуу өнүгүүсүнө салым кошот