ϴтүнмө менен кайрылуу


БАУга бүгүн кайрыл


Негизги даталар


Өтүнмөнүн формасы жана коштоочу документтер

БАУнун толтурулган өтүнмө формасын жана колдоочу документтерди 2019 -жылдын 1-марты, саат 11:59 дан (6 + GMT) кечикбей БАУга жетүү үчүн тапшырыңыз. Эсиңизде болсун, 2019-жылдын 1-февралы, саат 11:59 га (6 + GMT) чейин келип түшкөн толук өтүнмөнүн $15 АКШ дол. акысын тапшыруучулар төлөбөйт.

Өтүнмөнү толуктоо үчүн, тапшыруу мөөнөтү аяктаганга чейин, төмөндөгүдөй документтерди беришиңиз керек:

  • 10-класс жана 11-класстын биринчи 2 чейреги боюнча баалар (Борбордук Азиянын тапшыруучулары үчүн), же 11-класс жана 12-класстын биринчи 2 чейрегиндеги баалар жөнүндө расмий баракчаны (эл аралык абитуренттер үчүн). Эгерде сиз учурда студент болсоңуз, университеттен жетишүү табелин тапшырууга тийишсиз.
  • Мамлекет тарабынан берилген фото ID нин так көчүрмөсү же паспорт.
  • Акыркы үч айдын ичинде тартылган сүрөтүңүз (3 см х 4 см); жана
  • Өтүнмө үчүн $ 15 АКШ дол. барабар сом менен төлөм. Эсиңизде болсун, 2019-жылдын 1-февралы, саат 11:59 га (6 + GMT) чейин өтүнмө келип түшсө, тапшыруу акысын төлөбөйсүз.
    Кайра кайтарылып берилбей турган каттоо акысын төлөө үчүн маалыматты жүктөп алыңыз

Сиз өтүнмөнү үч жол менен бере аласыз:

ОНЛАЙН
  1. Өтүнмөнү толтуруп, онлайн-режиминде жибериңиз
  2. Бардык колдоочу документтерди электрондук почтага жибериңиз apply@ucentralasia.org

Ар бир кадам боюнча көрсөтмө
Көп берилүүчү суроолор
Э-ПОЧТА АРКЫЛУУ
  1. Өтүнмөнү жана колдоочу документерди жүктөп, басып чыгарып, толтуруп, сканнерден өткөрүп, электрондук почтага жибериңиз apply@ucentralasia.org
  2. Электрондук каттын предмети "Өтүнмө", андан кийин атыңыз болушу керек



ЖЕКЕ АЛЫП КЕЛҮҮ
  1. БАУнун Тажикстан, Кыргызстан жана Казакстандагы жайгашкан жерине тапшыруучу документтерди өзү алып келип тапшырса болот.
  2. Конверттин сыртына толук аты-жөнүңүздү, электрондук почта дарегин жана телефон номерин жазыңыз.
  3. Өтүнмөлөрдү дүйшөмбү-жума күндөрү 9: 00-18: 00 го чейин тапшырса болот.

2019-жылдын 1-марты, саат 11:59 (6 + GMT) кийин келип түшкөн өтүнмөлөр үчүн БАУ жоопкерчиликти албайт.

Өтүнмөнүн кагаз түрүндө көчүрмөсүн толтурган болсоңуз, документтердин пакетин тийиштүү мөөнөттө төмөнкү даректер боюнча тапшырсаңыз болот.



Полный пакет документов в бумажном виде можно подать по любому из указанных адресов:


Отдел приема заявлений УЦА
720001, Кыргызская Республика, г. Бишкек
ул. Токтогула 138

Университет Центральной Азии, кампус в Нарыне
Ул. Ленина 310, Нарын
722900, Кыргызская Республика

Университет Центральной Азии, кампус в Хороге
ул. Киматшо Иматшоева 155, Хорог, ГБАО
736000, Таджикистан

ШПНО г. Душанбе
734013, Республика Таджикистан
г. Душанбе, проспект Дружбы Народов 47А

ШПНО в г. Хорог
736000, Республика Таджикистан
ГБАО, г. Хорог, ул. Ленина 126

ШПНО в г. Нарын
722900, Кыргызская Республика
г. Нарын, ул. Сейтаалы Жакыпова 19

ШПНО в г. Текели
041700, Республика Казахстан
г. Текели, ул. Гагарина 13

 

Кабыл алуу тууралуу өтүнмөнүн текшерүү тизмеси

Онлайн, сканнерден өткөн же басып чыгарылган арыз формасы
Мектептеги баалардын баракчасы
Мамлекеттик сүрөт ID көчүрмөсү же паспорт
Акыркы үч айдын ичинде тартылган 3x4cm сүрөт
15 АКШ дол төлөнгөндүгү жөнүндө квитанция (1- февралга чейин тапшыргандар бошотулат)

Кандайча тапшыруу жөнүндөгү суроолор?

Биздин кабыл алуу комиссия менен байланышкыла: admissions@ucentralasia.org же тел/ WhatsApp +996 770 822 901 (Кыргызстан) / +992 93 999 99 64 (Тажикстан) / +7 777 822 3948 (Казакстан).

БАУнун кабыл алуу тести

2019-жылдын 24 -мартында I-этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер тест тапшырууга чакырылат. Өтүнмөнүн номери, тестирлөө борборунун дареги, ошондой эле, БАУнун кабыл алуу тестинин убактысы көрсөтүлгөн электрондук кат жөнөтүлөт. Сынак, сизге жиберилген жекече билдирүүдө көрсөтүлгөн жерде өткөрүлөт. Тест математика, англис тили жана логиканы камтыйт.

Сураныч, сынак өтүүчү жерге төмөнкүлөрдү ала келеңиз:

  • Өтүнмөнүн жеке номерин/электрондук кат
  • Паспорттун оригиналын же башка мамлекет тарабынан берилген сүрөт ID

Үлгү суроолорду жүктөө


Тестирлөө борборлору *

Афганистан: Шугнан | Кабул | Фамзабад
Казахстан: Алматы | Астана | Тараз | Текели
Кыргызстан: Бишкек | Каракол | Нарын | Ош
Пакистан: Карачи | Баграм | Герат | Исламабад
Сирия: Саламиех
Таджикистан: Душанбе | Хорог | Худжант |Кулоб

* Тестирлөө борборлору өзгөрүшү мүмкүн

Рекоммендациялар жана каржылык колдоо түрлөрү

Тапшыруу тестеринен салыштырмалуу жогору упайларды алып, II -этапта кыска тизмеге киргизилген талапкерлер, 2019- жылдын апрелинде рекоммендацияларын жана каржылык жардам тууралуу арызды тапшырышы абзел. Бир рекоммендация математика мугалиминен, экинчиси -англис тили мугалиминен, идеалында англис тилинде. Математика мугалиминин рекомендациясы орус тилинде берилсе болот.

Студент кабыл алынгандан кийин, каржылык көмөккө кепилдик берилет.
БАУнун стипендиялар, гранттар жана төлөмдөрү жөнүндө көбүрөөк билиңиз

Болжолу менен, студентке багыт берүү авгусутун аягында башталат жана сабактардын биринчи күнү-сентябрда болот.